Чолпонбек Абыкеев “Кыргыз үчүн Көл-эненин өзү мазар”

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Чолпонбек Абыкеев “Кыргыз үчүн Көл-эненин өзү мазар”

1957-жылы Кочкор районунун Көк-Дөбө айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. Жазуучу. 1975-жылдан бери мамлекеттик кызматтарда жана басма сөздө иштеп келе жатат. «Бриллиант жылан», «Качкын», «Кара илбирс» ж.б. повесттеринин автору.

Кыргыз улуту тээ алмустактан бери Ысык-Көлдү Көл-Эне деп атап, ыйык тутуп, кереметтүү, касиеттүү катары тутунат. Көл-Эненин жээгине келгенде, алгач Көл-Энеге таазим этип, Жараткан Көкө-Теңирге Кыргыз улуту үчүн ушундай керемет жерди ыроологону үчүн чексиз ыраазычылык билдирип, сыйынган. Көкө-Теңирден: «Элибизди Көл-Энебизден айрый көрбө, Көл-Энебизди душманга бастырбайлы, Көл-Энебизге ниети жаманды жолотпойлу», – деп тиленишкен.

Ушундай Кыргыз улуту ыйык туткан жердин, Ысык-Көлдүн айланасы да элибиз ыйык тутуп келаткан мазарларга бай. Алардын саны Чолпон-Ата, Манжылы-Ата, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тосор аталып, бир топ.

Ичинен менин баамымда эң чоңу да, эл көп каттаган белгилүүсү да – Манжылы-Ата мазары.

Манжылы-Ата өрөөнүн мазарлардын комплекси десек да болот. Манжылы-Ата өрөөнүндө Май-Эне, Кырк чилтен, Көбөк баатыр ата, Илим, Бала, Бугу эне мазарлары, Манжылы атанын өз мазары, Үй-бүлө, Мойту аке мазары жайгашкан. Аталган мазарлардын ар бири өз-өзүнчө касиетке эгедер.

Кыргыздардын мазарларга табынуу, зыярат кылуу жөрөлгөсү улуттук табышмактуу жөрөлгөлөргө кирет. Сырттан караган башка улуттун өкүлдөрү кыргыздарды тоого, ташка барып, сыйынып жатышат деп ойлойт. Эгер алар мазарга табынгандар менен кошо барса, такыр башка көрүнүштү көрүп, сыйынууну угушмак.

Кыргыздар мазар, ыйык деген жерлерге барып, Теңирге, Жаратканга сыйынышат. Мазарды Кудай сүйгөн ыйык жер катары карашат. Мазар аталган жерден барып, Жаратканга кайрылса, тилегине оңой жетет деп кабылдайт. Теңир үнүңдү, тилегиңди тез кабыл алат деп түшүнүшөт. Деги кыргыздардын теңирчилик түшүнүгүндө ыйык жерлерге барып, түз Жараткан Көкө-Теңирге кайрылуу орун алган. Башка диндер сыяктуу пайгамбарлар аркылуу, маселен, Исламда Мухамбет, Христианда Иса, Буддизмде Будда сыяктуу адамдардын пайгамбардыгына ишеним артышпаган. Ага караганда, адамдын өзүнө ишеним артышкан. Жаратылыштын астында баарыбыз бирдейбиз деп эсептешкен. Кыргыздар а түгүл Манасын да эч качан пайгамбар дешкен эмес. Бул өтө терең маанилүү түшүнүк.

Ар бир мазардын өзүнүн сырдуу ачкычы (коду) да бар. Маселен, байлык сурасаң – Чолпон-Ата мазарынан, бала сурасаң – Манжылы-Ата мазарынан барып суран дешет. Ошондо бала көрбөгөндөр, ден соолугун чыңдаганы келгендер Манжылы-Атага барып, Теңирден бала берүүнү, ден соолугу чың болууну суранса, кабыл болот деген түшүнүк бар.

Ал түгүл Манас атабыздын энеси Чыйырды энебиз да бала сурап, Манжылы-Ата мазарына келип, кырк күн түнөгөн. Жыйынтыгында, Манас атабыз боюна бүткөн. Манас атабыз 12 жашка келгенде, аны Манжылы-Ата мазарына алып келип, Кырк-Чилтен мазарынан кырк чилтенге жолуктуруп, касиеттүү болушуна шарт түзгөн.

Манжылы-Ата мазары жашы боюнча да эң байыркы мазарлардан. Менин билишимче, мазардын толук, так таржымалын эч ким деле билбейт. Ооздон оозго өткөн түрлүү уламыштар гана бар.

Мени таңгалдырганы, Манжылы-Ата мазарынын башка мазарлардан өзгөчөлүгү – Манжылы-Атага түрлүү улуттун өкүлдөрү бара бергендигинде. Бир эле мезгилде Ислам, Христиан, Буддизм диндериндеги өкүлдөрдүн мазарга табынып жүргөнүн көп көрөсүң. Алар эч убакта бири-бирине тоскоолдук кылышпайт.

Болгону ар кимиси өз тилинде зыярат ишааратын жасап жаткан болот.

Манжылы-Атага дүйнөнүн бардык тарабынан атайын издеп келип табынышат. Бул да өтө таң калычтуу көрүнүш.

Мен өз көзүм менен Россиядан, Европадан, ал түгүл алыскы Япониядан келген орус, немец, япон улутунун өкүлдөрү мазарга келип, медитациялык байланышка түшүп жатышканын көрүп, күбө болгон учурлар болду.

Leave a Reply