Журтунов Үсөн “Манжылы-Ата мазарынын сыры”

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

Журтунов Үсөн “Манжылы-Ата мазарынын сыры”

Журтунов Үсөн Тоң районунда Ж.Алтымышбаев атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштеп жатканда, төмөнкү макаланы 1994-жылы 2-сентябрда «Ысык-Көл кабарлары» гезитине чыгарган.

Дээрлик он жыл мурун чыккан макаланы китебибизге ылайык көрүп, автордун уруксатын сурап, анан окурмандарга сунуштайлы деп, жогорку дарек боюнча Тоң райондук билим берүү башкармачылыгы жана Бөкөнбаев айылындагы М.Горький, азыркы Алтымышбаев атындагы мектеп менен байланышсак, Үсөн Журтуновдун 7-8 жыл мурда көзү өтүп кеткенин айтышты. Маркумдун бул эмгегинин кайра дагы бир ирет жарыкка чыгышы ашыктык болбос жана арбак ыраазы болсун деп, окурмандарга сунуштаар алдында областтык «Ысык-Көл кабарлары» гезитинин аталган макала жарык көргөн мезгилден берки баш редактору Абдыжапар Эгембердиевге чалып, ал кишинин уруксатын алдык.

«Мал тилесең, Чолпон-Атага бар,

Баш тилесең, Манжылы-Атага бар»

(Эл сөзү)

«Жоо күсөсө, жонгорго чабарсың,

Жан күсөсөң Манжылыга барарсың»

(Карга аке)

Манжылы-Ата мазары жөнүндө чоң уламыш бар. Мен Манжылы-Ата мазарынын сырын көп жылдар бою иликтеп келем…

…Касиет даарыган Манжылы-Ата ыйык жайынын айланасы жылаңач тоолор менен курчалып, Ысык-Көлдүн тескейинен, Тоң районунун Кажы-Сайга жакын жеринен, кызыл чаптан орун алган. Бийик дөңсөөнүн төбөсүнө бир убакта Көбөк бакшы мечит салдырган дешет. Ошол жерге түнөгөндөр таңга жуук ак тайлактын учкан тейден дөбөгө чыгып баратканын, көп узабай эле Көбөк дубананын зыярат кылып, булак боюнда пайда болуп калганын байкашчу. Көбөк дубананын салдырган мечитинин жугуна байкоо салганыбызда, ал XVIII кылымда жашап өткөн сыяктуу. Ким болсо да, Көбөк дубана ыйык киши тура. Көл айланасындагы эл каражат чогултуп, Көбөктүн мечитин ошол дөбөгө кайра куруп, калыбына келтирсе кана, атаганат!

Улуу ойчул Калыгул Бай уулу, Алдаш Жээнике уулу, Садыр аке, Кыдыр аке, Сарт аке, Манаке, Тилекмат, Чыныбай, Алматай ажы, Саяк Баатыркан, Сагалы сыяктуу адамдар түнөп, намазын окуп, баш тилеп, мал сойгон, ойчулдар, даанышмандар сыйынган жер ыйыктын ыйыгы го.

Көбөк дубанадан кийин Манжылы-Атаны Алдаяр уулу Мойт аке байырлаган. Көбөк дубананын шакирти Мойт аке динчил, такыба, кыргыз, казак жерин бүт арыткан, сөзгө чечен, санжыра чечип, оң менен солду арыткан, куйма кулак адам болгон экен.

Белек атанын Алдаярынын уулу Мойт аке ушул Манжылы-Атага жигиттери менен келет. Аты айланган жерди «казгыла» дейт жигиттерине. Алар казышса, килейген жер казан, бир сузгу, эки аяк чыгат. «Бул жер тегин жер эмес. Мен ушул жерге сыйынамын. Баш тилеп, укум-тукумунун ден соолугун тилеген эл бул жайга сыйынып жүрсүн», – деп Көбөк дубананын мечитин оңдотот. Кышкысын ушул Манжылы-Атаны байырлап, сыйынып, келгендерге соютун берип, дуба окуп, аят чийип берчү дешет. Ал киши намаз окуп, арбактарга куран окуп, бала тилеп, сабылып келгендерге бата тартканда, айлана анын доошуна муюп, тал-терекке конгон куштардын үнүн да басып калчу дешет. Мойт акенин барган элге берген ошондогу батасын жалпы калкка жарыялап коюуну ылайык таптым:

Элде бар болсун,

Эгем жар болсун.

Кырсык жок болсун,

Кырман данга толуп,

Курсак ток болсун.

Жерибиз чөптүү болсун,

Уюбуз сүттүү,

Малыбыз эттүү болсун.

Уул үйлөп кыз чыгарып,

Үйүбүз жанга толсун,

Батам кабыл болуп,

Балалуу болуп,

Этегиңден жалгасын.

Кут калкка келсин,

Жут алыс кетсин.

Уулуң ыймандуу,

Кызың ырыстуу болуп,

Атыңды чыгарсын.

Таарыныч таркасын,

Бак-таалай карасын.

Намысты колдон чыгарба,

Элиңди жерди каратпа.

Ата-бабанын арбагы колдоп,

Башыңарга баш кошулсун.

Ырыс-кешиктүү болуп,

Үйүңөрдөн ынтымак кетпесин.

Арбак колдоп,

Айдан аман, жылдан эсен болгула.

Оомийин!!!

Мойт аке өмүрүнүн акырында: «Менин сөөгүмдү Манжылы-Атага койгула. Өткөн, кеткен бул касиеттүү жайга келер. Мени эскеришип, куран окуп кетишээр», – деп, эли-журтуна айтып кеткен дешет. Улуу «Жибек жолунун» таманынан орун алган, кербендер ат чалдырып, төөсүн сугарып, мазар туткан бул жерден адам аягы үзүлбөйт. Мойт аке Текестен өлөт. Сөөгүн төөгө артып келип, ата керээзин орундаткан Белек атанын уулдары Манжылы-Атага коюшкан. Ошентип, бул ыйык жайда Көбөк бакшынын жана Мойт акенин сөөгү бар. Кийин Көл жээгин Рыскулу, Көкүмдүн уулдары мүрзө кылышып, ал жерге өлүк көмүлө баштаган.

Эл Мойт аке менен Көбөк бакшы жөнүндөгү окуяларды уламышка айлантып, зыярат кылып баргандар түнөп, түш көрөт имиш. Касиеттүү Манжылы-Атага баш тилеп түнөгөн кишиге Көбөк бакшынын арбагы ак тайлак болуп көрүнсө, Мойт акенин арбагы ак топучан, ак чепкенчен ак сакал карыя болуп даана көрүнүп, аян берет экен.

Көбөк бакшы ушул жерге келип түнөсө, астынан добуш чыгат. Түнүндө булактын үнү угулат. Эртең менен жерди казса, булак чыгат. Көп узабай Ак-Теректен ошол жерге терек алып келип отургузат. Ушинтип, чырпыгы чынар болуп, эл сыйынган жайга айланат. А балким, бу жерди Манжылы деген киши өздөштүрүп, гүлзарга айланткандыр. Анан эл: «Манжылы атага барабыз», – деп жүрүшүп, Манжылы-Атага айлангандыр. Мунар терекке зымырык куш уя салат. Көбөк бакшы да, Мойт аке да ошол зымырык куштун тилин билчү дешет. Мойт акенин жез казаны азыр да элде окшойт. Ошол жез казан, күмүш тулганы кимде-ким ырымсытып, урунуп жүрсө, редакцияга билдирип койсо, ал да тарыхтын күбөсү катары элге кызмат кылар эле.

Мойт аке, Көбөк дубананын жолун жолдоп, кийин Майтык дубана Манжылы-Атаны байырлап, элге куран окуп, батасын берип турчу дешет. Мойт аке бүркүт таптап, куш салган мүнүшкөр да болгон. Анын Төө комдот деген бүркүтү өзүнөн башка кишиге жолобой, үндөккө келбей койгон деген кеп бар.

Жин даарыган кишилер, ооруган адамдар да Манжылы-Атага, Майтык дубанага барышкан. Майтык дубана отту улуу жактырып, ак тинте шамшарды отко кызарта ысытып, оозго тиштеп, шыркырата суу бүркүп, алты канат ак өргөөнүн түндүгүнөн чыгып, уугунун үстүнөн басып, жинди болгон кишини куландан соо кылыптыр. Майтык дубананын басканына чапкан ат да жетчү эмес экен.

Мен билгенден Ысык-Көлдүн күнгөй-тескейинде көп эле сыйынчу жайлар болгонун, ал жайларда Мойт аке, Көбөк бакшы, Майтык дубана, Бөлөкбай, Манаке, Жанболот табып, Осмон табып, Сейил табып, Түмөнбай болуш, Молдо Жалый сыяктуу жаратылыштын, айбандардын тилин билген, жыландар менен арбашкан, эл керегине жараган адамдар жашап өткөн. Совет доорунда бул адамдар тууралу жазуу колго алынбай, ыйык жайлар зомбулук менен бузулду. Алардын бири Оштогу Сулайман тоосундагы Бабурдун үжүрөсү талкаланып, эми-эми калыбына келтирилди. Эл сыйынган Манжылы-Атанын да теректерин кыюуга, кишилерди баргызбоого аракет жасалды.

…Өткөн жылы Тоңдо жер титиреди. Ыйык жайга (Манжылы-Атага) мал союлуп, куран окулду. Азан-казан эл барды. Бир чалпоо атты төрт жигит араң кармап турган эле. Чүйдөн келген көзү ачык бир аял ошол чалпоо бээни он жашар балага жетелетип, Мойт акенин бейитине беттетип, дөбөгө чыгарганда, баягы ээ бербеген бээ өзү эле жыгылып, бул көрүнүштү эл көрүп турду. Демек, бул ошол ыйык жердин бир керемети экендигин эл сезди. Сөөгү Манжылы-Атага коюлган Мойт акени бүтүн Көл бугусу сыйлаган. Марттыгы, такыба динчилдиги, табыптыгы жагынан эч кимди алдыга салбаган бул улуу инсан жөнүндө өз мезгилинин көрүнүктүү ырчысы Солтобай ырчы төмөндөгүдөй жар чакырып ырдаган экен:

Уккула менин эл-журтум,

Алдаярдын Мойт аке,

Бүтүн Белек ичинде,

Кадыры калкка билинген,

Тыягы Текес, Тоң жерин,

Жайы-кышы жердеген.

Кадыры калкка билинип,

Манжылыны жердеген.

Табыпчылык жагынан,

Такыбалык жагынан,

Казак, кыргыз ичинде,

Кана, кимдер тең келген?

Бей-бечара жардынын,

Соютуна мал берген,

Кедейди байга теңеген.

Жамандын көөнүн калтырбай,

Унаа, көлүк ат берген.

Бүркүт таптап, куш салып,

Кырдан түлкү алдырган.

Кылымга тете иш кылып,

Түзөңгө жорго салдырган.

Ыйык жайга келген ар бир адам Мойт акенин бейитине куран окушат. Бирок, бул эки дөбөдө ким жатканын билишпейт. Мойт аке да арбактуу киши да. Кылымдан-кылымга айтылып калган улуу инсанды изилдөө-иликтөө – келечектин иши. Бул макала ошол улуу инсандын дарегине салынган алгачкы чыйыр болсун.

Leave a Reply