Кубатбеков Алмаз: Мал-жандын аманчылыгын сурашат

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Кубатбеков Алмаз, 41 жашта, Таш-Көмүр шары

Мен Аксы районунда төрөлүп, бирок Таш-Көмүрдө туруктап калганбыз. Себеби, ата-энем ушул жакка мамлекеттин жумушу менен келип туруп калышкан. Бул жерде Союз убагында шахта болгондуктан, эл төгөрөктүн төрт бурчунан ушул шаарга келип туруп калышкан. Бул жерде бардык улуттардын өкүлдөрү бар: кыргыз, орус, татар, немис, корей, кытай, осетин, еврей, өзбек жана башка. Мен бул жерде көп жашап калгандыктан, бул жер көмүргө бай болгондуктан, шаардын ортосунан Нарын дарыясы агып өткөндүктөн, ушул шаардын өзүн деле ыйык, касиеттүү деп эсептейм. Бирок атайын эл сыйынып, зыярат кылып барып жүргөн жерлердин бири – Килем-Ата. Ал биздин Келдиш деген эс алчу аймагыбыздан 7-8 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал жер жомоктогудай кооз: чоң зоонун боорунан ошол зоону тең экиге бөлүп булак агып турат, зоонун түбүндө чоң түп арча жана башка бак-дарактар өсөт. Бул жерде жашаган элдер ошол жакка барып зыярат жасап келишет.

Ал жакка элдер жайлоого чыгышат. Менин чоң атам да жайлоого чыкчу. Ошондо биз жайлоого барып эс алып келчүбүз. Бизди  ээрчитип алып, чоң атам мазардан куран окуп кайтчу. Анан бир жолу биз ошол жакта жүргөндө автобус менен Таш-Көмүрдөн элдер барышкан. Алар тамеки заводунун жумушчулары экен. Тамеки заводдун ал жакта ижарага алган жери бар болчу. Ошол жерде ар нерселерди отургузуп, эчки бактырышчу. Ошондо барганда чоң атамды чакырышып, эчкисин союп, куран окуп, ошол жерде түнөп, анан эртеси кетишкен. Мына ушул эсимде калыптыр. Ал жер аябай кооз болгондуктан, ал жакка элдер сыйынганы гана эмес, эс алганы да коп барышат.

Менин укканыма караганда, ал жакка көбүнчө бала тилеп барышат. Баладан башка дагы нерселерди тилеп сыйынып келишет. Ал эми ошол жерге жайлоого чыккан адамдар: «Ушул жерден аман-эсен, ден-соолукта, тынччылыкта болуп, мал-жаныбыз менен күздө аман-эсен кайтып кетели», – деп тилешип, шарты боло калган кезде барып сыйынып турушат.

Ал жерде дайым отуруп, эки жагын тазалап, келгендерге «тигил тигиндей, бул-мындай»-деп тушундуруп отура турган шайыгы жок, ошону учун ар бир келген адам кайтып бара жатканда эки жагын шыпырып жыйнап кетиши керек. Анан бул жер алыс жерде жайгашкан. Шайык дегендер, менин билишимче, эл көп каттаган жерлерде отурушат. Бул жак алыс болгондуктан, эл көп деле келбейт.

Leave a Reply