Кеңешбек Айтикеев “Көлдөгү мазарлардан улам чыккан сөз”

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр” (Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

1955-жылы Жалал-Абад облусунун Кичи-Ак-Жол айылында туулган. Ош пединститутунун физика-математика факультетин бүтүргөн. Жалал-Абаддагы Техникалык университетте, Областтык профессионалдык-техникалык билим берүү башкармалыгында иштеген. Жаңы-Жол совхозунун деректиринин орун басары, союз жоюлгандан кийин, ушул кооперативдин төрагасы болуп эмгектенген. Учурда «Бата» илимий мекемесинин жетекчиси.

Эч болбогондо, жылына 3-4 жолу көлдү тегеренип, көлдөгү мазарларды кыдырып, зыярат кылып келебиз. Биз дагы өзүбүздүн «Бата» илимий мекемебиздин мүчөлөрү кээде ушундай иш-аракеттерди пландаштырып, ошонун негизинде көлдүн тегерегиндеги мазарларды кыдырабыз. Негизинен мага бул чөлкөмдөгү мазарлардын ичинен Чолпон-Ата олуяга аталган мазар таасирдүү. Андан кийинки негизги мага таасир калтырганы – Манжылы-Ата мазары. Бул жерде, чындыгында, өтө күчтүү энергия бар экендиги байкалды.

2005-жылы күзгө маал эң кызыктуу окуя болгон. Эргешбай Ажыбаев жана бир топ адамдар болуп, Манжылы-Ата мазарына кечирээк барып калдык. Бизди Кадырбек, мазардын шайыгы, тозуп алды. Мейманканасына кирип олтуруп, даам сыза баштаганбыз. Бир мезгилде Эргешбай агай[1] кандайдыр бир өзгөчө абалга түшө баштап, ошол жерде олтура албастан, акырын сыртты көздөй басып чыга баштады. Мен Эргешбай агай менен 1999-жылдан бери бирге иштешип жүрөм. Ал байланыш болгон учурда транс абалга келет. Аны мен байкап калдым дагы, калем-кагазымды алып, аркасынан чыктым. Сырт айсыз караңгы эле. Ал киши чыгып эле, оң жакка бурулуп, дөңсөөлөр жакты көздөй басып калды. Мен аркасынан бара бердим. Ал дөңсөөлөрдү көздөй кете берди. Анан барып, бир дөңгө чыгып туруп эле, ошол жакка чалкасынан жатып калды. Жанына барып олтурдум, ал киши транска чыгып кетти. Транс убагында анын оозунан чыгып жаткан сөздөрдү мен көрүнбөсө дагы, божомол менен кагаз бетине түшүрүп жаттым. Бир топ убакыт ал киши транс абалында жатты. Анан транстан чыккандан кийин, кайра биз жолдошторубузга келип кошулдук. Ошол мезгилде мен караңгы түндө божомол менен жазган кагаздын бетиндегини окусак, Европаны аралап кеткен кыргыз тууралуу айтылып жүрөт, анын аты Адыл баатыр деп аталат экен. Ошол Адыл баатырдын руху келип, Эргешбай агай аркылуу өзү жөнүндө маалымат бериптир. Манжылы-Атага ошол кишинин руху байырлап турганын айтып өтүптүр.

Биз таң калып, Адыл баатыр Европада өтсө, бул кандай деп отурсак, Кадырбек бизге бир кызыктуу окуяны айтып калды: «Ушул жерге 2-3 ай мурун Россия тараптан делегация келип, ар бир дөңсөөлөрдү сүрөткө тартып кетишкен. Сүрөттү чыгарса, ошол дөңдүн үстүндө узунунан жаткан бир баатырдын сөлөкөтү түшүп калган. Менде сүрөтү бар», – деп сүрөтүн алып чыкты. Ошол сүрөттө баатырдын сөлөкөтү дөңдө жатат, көрүп таң калдык. Кайсы дөңдө эле деп, дөңгө барсак, Эргешбай агай барып жаткызган дөң болуп чыкты. Сүрөттөгү Адыл баатыр кандай жатса, Эргешбай агай да дал ошондой болуп жаткан. Аны көргөн бир мен билем, Эргешбай агай да транс абалында болуп, өзүн билбей калышы мүмкүн, бирок ошол оозунан чыккан сөздү жазып алган менмин. Чындыгында, бул сырдуу окуя болду. Улут-Ордодо төрага болуп иштеген Кадыржан Раимбеков деген жигит да бар эле арабызда. Ал жигит Кадырбектен: «Ошол сүрөттү мага бериңиз, мен барып чоңойтуп, көбөйтүп берейин», – деп бир сүрөттү сурап алды.


[1] Ажыбаев Эргешбай – ааламдан маалымат алуу аркылуу «Рухтар менен сырдашуу» (2008) китебин чыгарган, кыргызчылык жолундагы адам. Ал жөнүндөгү толук маалыматты «Кылымдарды карыткан кыргызчылык» бөлүмүнүн – бетинен окуңуз.

Leave a Reply