Асан молдо: «Менде көптөгөн кубулуштар болуп өткөн»

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Мен Алла Тааланын кереметтүү дүйнөлөрүнө да, укмуштуу окуяларга да туш болгом. 10 жыл бою мазар басып жүрдүм, анткени догдурлар оорумду эч бир аныктай алышпай, сүйлөбөй калгам. Айтылбай турган дагы көп нерселер бар.

Алла Тааланын керемети менен айыгып кеттим. Анткени ал убакта мен ойлочумун, оо мен бир укмуш турбаймынбы деп. Азыр өкүнгөнүм, ошол кезде туура эмес дарыланып, көп керек эмес уколдорду алыптырмын, ошолордун терс таасирлери бар экен. Ошон үчүн жоон ичегиме дарт кеткен. Анан намаз окуп, даарат алгандан кийин бүт ойдогудай болду. Ошон үчүн Алла Тааламдын бар экендигине да, кереметтерине да 100 пайыз эмес, 200 пайыз ишенем. Азыркылар китептин таасиринен алыстай алышпай, уламыш же легенда деп түшүнө турган нерселерге мен өзүм катышкам. Алар бир өзүнчө чечилбеген сырлар. Башымдан өткөргөн көптөгөн окуялар гезиттерге дагы чыккан.

Биз кээде молдолор, имамдар болуп чогулабыз, анан аларга ушуларды айтып берсең каршы чыгышат, койчу каяктагыны айтпай, мындай балээ болбойт дешет. Мен алардын баштарынан өткөн эмес, ошон үчүн каршы чыгышат деп ойлойм. Ал болбосо эгерде бирөөлөр кайтыш боло турган болсо мага көрсөтөт да, алдын ала айтат, бирок мен канча күндөн кийин ал адам кайтыш болорун билбейм. Эмне болуп, кандай болуп өлөт, ошонун баарын мага көрсөтөт. Мындай нерселер көп болот. Мисалы, 650-жылкы туулган адам менен жолугушчум, мени алып учкан. Айтса эми ишенбейсиңер да, 3 жолу келген, 3 жолу алып кеткен. Ошолор бир нерсе беребиз деди да, берчүсү көрсө китеп экен. Ошондо мен анын аты-жөнүн да сурабаптырмын. Ал кара сакал келген, жакшынакай адам экен. Ал убакта мен китепке жакшы аралаша элек элем, кийин-кийин окугандан кийин түшүнүп жатам. Ушундай Алла Тааланын кереметтерине туш келет окшойбуз. Ал киши мага төө, башкача айтканда, кара буура менен келет. Анан Бакыян деген жер бар, мен өзүм ошол жерде чоңойгом, ошол Бакыянда Онтолгон деген жер бар, ошонун үстүндө көк жар бар. Ал жардан бир да киши өтө албайт. Ал эми ошо жардан төө менен өткөнбүз, ары-бери 2-3 жолу өткөзгөн. Мен ошондо бул эмнеси деп таң калып сурагам. Ошондо ал: «Бул мен төрөлгөндө туулган, анан мен кайтыш болгондо жар болуп калган жаныбар» деп айтты. Анан мен таң калып, качан экендигин сурасам, 650-жылы деп айткан. 3 жолу келди, бирок аны алып кала алган жокмун. Анан азыркыга чейин күтөм, жолугам деп үмүт кылам.

Көк жарга барып эмне кылчу элеңиздер деп сурабаңыз. Айтпай турган нерселер бар. Аларды айтканга болбойт. Айта турган нерселерди айт дешет, айтпай турган нерселерди айтпа дешет. Аларды мен айта албайм.

Мен өзүм бала кезимде аябай бейбаш элем. Мектептеги ар кандай конкурс, концерттерди мен эле уюштуруп койчумун, бирок ичимдиктен алыс элем. Ошентип окууну бүтүп, Ключевкадагы СПТУга тапшырдым. Эң эле аксакалы мен экенмин, окуп жүрдүм. Анан кайра апам жалгыз калды эле, аны жалгыз таштагым келбей кетип калдым, анан айылда бир жыл кыркында иштедим. Анан туура кыркын эртең бүтүп, той болот деген күнү Кайнардан оорудум. Ошол боюнча 10 жыл ооруканада жаттым. 10 жыл башым ооруду, эч ким менен ишим жок, көпчүлүктү да жаман көрөм, жанагындай отуруштардан качып калдым, мурда мен уюштурчу элем, эми андай жок. Анан бир күнү 86 жаштагы кемпирге жолугуп калдым. Анан ал: «Сен ооруканадан айыкпайсың, сени бекер эле бул жакка алып келишиптир» – деп айтты. Анан апама сенин балаң акылдуу эле, бул жакка жаткызбай алып кет деп айтты. Көрсө ал жерден укол алгандан кийин каалайсыңбы, каалабайсыңбы жинди болуп чыгат экенсиң (Республикалык психо-неврологиялык диспансер). Анан ал жактан чыгып эле Бакыяндагы кабырстанга алып барышты. Ал жерде кирпичтен тургузулган күмбөз бар экен. Күмбөздү карасам, ичинде алтыга жакын киши отурган экен. Кадимкидей катарлашып отурушуптур. Демейде улагага 2-3 киши араң отурат. А алар алтоо кенен отурушат дагы, ортолору ачык. Анан күмбөздүн түштүк жагында бир бакча бар экен. Ошол бакчанын жанында жер астынан кириш бар экен. Ошентип жанагы отурган аксакалдардын бирөө ошол жакка кирип кетти. Анан менин жанымда дайыма бирөө ээрчип жүрөт. Эмне жүрөөрүн, ким жүрөөрүн мен өзүм да билбейм, бирок сүйлөшө берем. Анан ошодон бул эмне деп сурасам, ал ажааткана экенин айтты. Бир убакта бир жаш келин ошол жакка барып, жанагы подземный входко барып кирип кетип, кайра чыкты. Анан чыккандан кийин ушундай карап жатам, мага кызык болуп жатат да, бул ким болду экен, кебетесин көрүп калайын, таанып калайын деп жатам да, бирок тааныбай койдум. Анан кайра өзүнүн жайына кирип кетти. Андан башка эч нерсе көргөн жокмун. Дагы ошол аксакалдар, чайбы, же тамакпы, ичип отурушуптур, мен кирейин десем киргизбей коюшту, ал жерге киргенге болбойт деп коюшту, ошентип кирген жокмун.

Анан кабырстандан чыгып, ал жер дөң да, ошол дөңдөн түшкөндө эле этектен, биздин айылдан кайтыш болгон чоң апа менин коңшум эле, ал чыгып калды. Аялдар кийип жүрүүчү тон сыяктуу ичик кийип жүрчү, ошонусун колуна көтөрүп алыптыр. Анан мен анысын ала койсом, колунда сеткага окшош бирдемеси бар экен, анысын да ала койдум. Анан мени менен кадимкидей учурашып, бетимден өптү. Анын көңүлү аябай капалуу экен. Анан мен сизге эмне болду десем, «тиги үйгө барсам, балам үйдү чаңытып жатыптыр» – дейт. Көрсө ошол күнү баласы ичип келиптир. Мен эшигине чейин чейин узатып бардым, андан ары сен кирбей эле кой, мен өзүм кирип кетем деди да, жанагы сеткасы менен ичигин бердим эле, алып, батасын берип кирип кетти. Анан үйгө келдим, менде уйку жок. Чынын айтсам мен өзүмчө бир тамда жатам, ал жакка эч ким кирбейт. Терезенин жанында таң атканча отурдум да, таң атканда намаз окуп, жанагы чоң апанын баласы менин досум эле, ошонукуна бардым. Үйүнө кирсем ушундай арактын жыты буруксуду, үйүнүн айнектери да сынган. Анан алдымдан аялы чыгып, күйөөсүнүн кылгандарын айтып даттанып жатты. Үйүнө кирсем, жерде жаткан экен, мен ыйлап жибердим да: «Эй акмак, – дедим, – сен өлгөн апаңды тынчына койбойсуңбу, арбак кыйналып жатат». «Ой Асан, башкалар айтса да сен айтпай эле койбойсуңбу, катуу айтпай эле койбойсуңбу» деп таарынат. Анан мен түшүнбөйт экен деп кетип калганмын. Мен муну айтып жатканым, арбактар биз ошентип сыйынып барганда, өздөрүнүн жакын адамдарына нааразычылыктарын билгизишет экен. Анан ойлоп көрсөңөр, ал күнү мен ал досумдукуна барган эмесмин, кандай абалда экенин көргөн эмесмин. Алла Тааланын амири экен, апаны түндө көрдүм. Андан кийин эртең менен барсам, чындап эле мен түндө көргөндөй болуп жатпайбы. Анан мен ошондой нерселерди көрүп туруп кантип ишенбейм. Алла Тааланын бар экендиги, кереметтүүлүгү – бул чоң нерсе.

Мага көрсөтүлгөндүн баары өзүнчө бир сыр. Мен өзүм көп эле аракет кылдым. Ушундай кубулуштардын бардыгын кагаз бетине түшүрөйүн дедим. Жада калса айы-күнүнө чейин жазайын дедим. Бүгүн мынчанчы жыл деп, бирок корктум. Анткени көптөргө айтсам, кереги жок, өзүңө зыян болуп калбасын дешти. Дагы бир нерсе, Манас ордо жакта Эчкилүү тоодо Солтонкелдинин чокусу бар. Ошол чокуну булут каптаса эле, жаан болот. 1990-жылы ошол чокудан вулкан атылганын көрдүм. Ал башкаларга көрүнгөн жок. Муну мен силерге жаңылык кылып айтып жатам, бул өзүнчө эле сыр да. Анан мен муну сөзсүз ушундай болот дегенден алысмын. Бирок ушундай кылып көрсөткөн, ал эми ушинтип көрсөткөндөрдүн көбү чын чыккан. Мен Бакыянда жашадым деп айттым го. Ошол Бакыян айылынын ортосуна чейин аккан ал вулкан. Айрым нерселерди айтам, айтпай турган нерсени мен жада калса үй-бүлөмө да айтпайм. Ошол чокуну булут каптаса жамгыр жааганын элдин баары эле көрүшөт. А бирок жанагы вулканды мен эле көргөм. Менимче ал дагы бир сыр болуш керек. Ошону бир оюңарга алып жазып да алсаңар болот. Ал жерде чоң сыр катылып жатат. Өзүмө өзүм таң калам, эмнеге ушундай нерселер болот. Мен атасыз, жалгыз, эненин тарбиясы менен өстүм. Анан бул чөйрөнү ошон үчүн мага тартуу кылды деп ойлойм Кудай. Бул тамаша, шылдыңдай турган нерсе эмес.

Мен оорубайм. Оорусам бир гана ой менен ооруйм, «эмне үчүн ушундай болот?» деген ой жейт. Өзүмө суроо бере берем. Азыр мен 43кө карап калдым, бардыгы али алдыда деп ойлойм. Алла-Тааладан менин үмүтүм чоң, дагы башка кереметтерге жолугам деп ойлойм. Азыр деле көп нерселерге жолугуп жатам, бирок айтпай турган нерселерди мен айта албайм. Мисалы, дагы бир сыр, эртең акемдин 52 күндүгү болот. Ошол акемдин кайтыш болоорун мен алдын ала бир жума мурда эле билгем, көргөм. Анан эртең менен туруп эле келинчегиме айттым. Акемдин туугандарына го айта алган жокмун, кантип айтат элем. Анткени жеңем өзү да азаптан, ойдон бүтүп калган адам, анан жеңемди өлтүрүп албаймынбы. Жанагы мени кыйнап жатканы ошол да, же эч кимге айта албайм, эчтеке кыла албайм. Келинчегиме жана апама айтам, башка эч кимге айтпайм, анан түшүнүп, ойлонуп, кызыккандарга, Алла-Тааланын күчүнө ишенгендерге айтам.

Ленинполдо айтымчы бир кичинекей кыз чыккан, атасы да айтымчы болгон. Ошол жерде мен 1-2 жыл эл көрүп, аларга жардам берип жүргөм. Ошол учурда Камбар деген аксакал бар болчу, ошол киши ошондой сырларды укчу экен. Анан мен ошол кишиге барып көрүнөйүнчү деп бардым. Үйүнө кирип баратсам ал киши тиги үйүнүн төрүндө отурган экен. Мени көрбөй туруп эле сезген окшойт, тиги төркү тамынан шашкалактап чыгып келе жатат. А мен коридордо тургам. Анан үйүнө кирип, сизге көрүнөйүн дедим эле десем, мейли деп, кичинекей секиче бар экен, ошол жерден дем салды. Ошондо: «Айланайын, эгерде Талас өрөөнүндө 2 киши бар болсо, сен бирөөсүсүң, үчөө болсо үчүнчүсүсүң, эмне үчүн сен элге аралашып жүрөсүң» – деди. Анан мен эмне деп эле жатат деп таң калдым, анан унчукпай калсам, «сен тегирмендин ээси экенсиң» – деп айтты. Мен таң калдым, анткени мен эч кандай тегирменде иштеген эмесмин. Анан менин артымда Бакыяндык Сманаалы деген молдо ээрчип жүрөөрүн айтты. Ал киши илим жагынан аябай күчтүү киши болгон. Анткени бир окуя болгон, аны кандайдыр бир себептер менен милициялар кууганда өзү бир түп жүгөрүгө жашынып калган экен дубанын күчү менен. Бүт жабыла карап издеп, таппай коюшуптур.

Менден башка эчтеке сураган жок, каяктан болосуң дебеди. А мен болсо берки молдону тааныйм. 2-классымдан ошол молдонун артынан ээрчип жүрчүмүн. Өзү аппак келген кичинекей киши эле, дайыма эшек минип жүрчү, таң калычтуу жери, эшеги да аппак болчу. Анан мен үйлөнгөндөн кийин Россияга бир жумуштар менен кетип калгам. Аялым балдар менен үйдө калган. Ошондо менин жашоомдо дагы бир окуя болуп өткөн. Ал жакта иштеп жүрүп, анан бир күнү эле бир кызыктай түш көрдүм. Түшүмдө менин айылымда эле жашаган эки киши менин короомдун жанында бир нерсе издеп жатышыптыр. Мен дапдаана көрүп жатам да, бирок аларга суроо бере албайм, кет дей да албайм, жанында турам. Үйдө келинчегим уктап жатат, же аны ойготуп чакыра албайм. Ошентип түнү менен уктай албай койдум. Анан эртең менен эле тура калып, ошол күндү календардан белгилеп койдум. Ошентип күндөр өтө берди. Мен үйүмө келдим, келсем эле келинчегим капалуу, көрсө биздин бир койду уурдап кетишиптир. Качан, эмне болуп десем эле календардан ошол күндү белгилеп коюптур. Карасам эле баягы мен Россияда белгилеген күн экен. Анан мен ууруларды билем деп түшүмдө көргөн кишилердикине барсам, коюм ошолордун короосунан табылбадыбы. Мына ушинтип мага аян берилген.

Leave a Reply