Төрөгелдиева Дариха: “Менин кесибиме жолдошум абдан каршы”

Төрөгелдиева Дариха, Талас аймагы

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде
(
Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Мен көп эле мазарларга барайын дейм, бирок жолдошум макул болбогондон кийин бара албай калам. Бирок мен азыр көп ооруй элекмин, аны кудай сактасын, эгер ооруп калсам, жолдошумдан суранбай эле кете берем. Анткени анын жаны кыйналган жок. Эгер анын башына келсе, анда ал толук түшүнмөк.

Мага келген элдерди мен эмес, Алла көрөт. Мага келген адамдар буюрса айыгып кетип жатышат. Мен бирөөнү көргөндө мага Алладан жардам келип турат. Мага Алла кандай кылып көр десе, мен ошондой көрө берем. Мен деле башында кантип эл көрөм деп коркчум, бирок мага колдоочуларым ар дайым жол көрсөтүп турушат. Мен азыр эч кандай коркпойм. Эгер эм түшсө жакшы болуп кетишет, эгер эм түшпөй калса анда айыкпай калышы мүмкүн, менден болбосо мүмкүн башкалардан эм түшүп калат.

Мазар менин жеке турмушума оң тасирин тийгизди. Мен мазарга баргандан бери үйгө киреше кирип, жакшы жашай баштадык. Мен ооручумун, азыр оорубай калдым. Бала-чакам аман-эсен.

Менин жолдошум динге такыр ишенбеген неме. Анткени ал совет учурундагы “кудай жок” деген ыкка көнүп алган. Канча айтсам деле мага каршы чыгат.

Мазарга 4-күндөрү барам. Кээде 2-күндөрү барып калабыз. Алла таалам кайсыл күнү жол көрсөтсө, ошол күнү бара беребиз.

Мазар бул абдан касиеттүү нерсе экен. Мен өлүп кайра тирилдим. Болгондо да мазарлардын касиети менен тирилдим. Мени мазар тирүү алып калды. Ооруп жүргөндө көп мазарга барып, ыйлап, тиленип жүрдүм. Алланын боору ооруп, мени айыктырды. Анан курган тирилик да, айыгып калгандан кийин бир аз оокат-аш алып келип элге сатам. Ошол кичине эле нерсемден көп пайда түшөт. Эч кандай карыз болбой так болот. Мен ушуга абдан ыраазымын. Бул да болсо мазардын касиеттүүлүгүнүн бир түрү.

Мазарга өзүбүз колдонгон камчы, теспе, китеп, ташты алып барабыз. Мага буларды түшүмдө аян аркылуу беришкен.

Элдер мени бүбү апа дешет. Эл көбүнчө жаш балдарын алып келет. Бирок кудайга шүгүр, мага келгендердин баары эле жакшы болуп кетип жатышат. Эми ал менден эмес, Алла тааладан.

Leave a Reply