Сыйдалиев Төрөбек

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Сыйдалиев Төрөбек, 77 жашта, Аксы району, Жаңы-Жол айылы, Жалал-Абад аймагы

Касиеттүү шумкар-атам баламды сактап калган…

Биз өзүбүз эчки багып, чабан болуп жүргөндө дайыма Шумкар-Ата жакка барып жайлачубуз. Жыл сайын мал союп, сыйынчубуз. Анан менин Бишкекте азыр бир балам бар Камбар деген. Ошол баламды кичинесинде Шумкар-Атага алып барып түнөтүп, ошол жактан жакшы кылганбыз. Ал балам бир жарым-эки жашында ооруп калды. Бир жөтөлөт дагы, көпкөк болуп, дем ала албай көгөрүп калат. Бербеген, кылбаган нерсебиз калган жок. Докдурдан да жардам болгон жок. Көк карганын эти жакшы болот экен дегенди угуп, аны да бердик, болбоду. Айлабыз кеткенде Шумкар-Атаны көздөй алып жөнөдүк.

Шумкар-Атага жетпей кайра кайтып жөнөдүк. Кетип бара жатканда үч жерден ошондой жөтөлү кармады. Ошентип отуруп Шумкар-Атанын мандайындагы Ийри-Суу деген жайлоого жеткенде, балам дагы бир жолу жөтөлдү дагы, жок болуп калды. Ошол жерден эмне кылышты билбей, кайра артка, Шумкар-Атага кайтыш керек болуп калды. Эмне кылаарымды билбей башым маң болуп турсам, ары жактан Мамат деген таанышым кишилери менен чыгып калды. Биздин абалыбызды көрүп: «Эми ушунча келип Шумкарга деле жетип калыпсыңар, Шумкардын сообу тийиш керек, аркага кайтпай эле Шумкарга жеткиле», – деди. Анан Шумкардын боорун көздөй өрдөй бергенде дагы бир жолу жөтөлдү дагы, көгөргөнү жоголуп, өңү бир аз өзүнө келе түштү. Анан ошентип Шумкардын түбунө да жетип бардык. Барып шам тигип, жол-жосунун жасап, куран окуттук. Биз менен Шербет деген аял дагы баласын алып кошулуп барган эле. Ал жерге куран окуткандан кийин Шербет деле, менин аялым Зейнеп деле, бала деле чарчаганынан ташка башын жөлөп уктаган боюнча түнү бою былк этишпеди. Бала деле жөтөлгөн жок. Буга чейин баланын жөтөлгөнүнөн түнү бою уйку болчу эмес да. Зейнеп деле былк этип койгон жок. Анан эртеси таң атканда атап алып барган эчкини союп, ошол жердеги жайлоодогуларды чакырып, этин таркатып, батасын алдык. Ошол ошол болду, баягы оорудан сен көр, мен көр эле айыгып кетти. Ошондон кийин бир да кык этип жөтөлгөн жок. Догдурдан жардам болбогон мына ошол Шумкар-Атадан жакшы болгон. Касиеттүү Шумкар-Атам мына ошол баламды сактап калган. Мына эми азыр өзү да бала-чакалуу болду. Азыр Бишкекте жашайт. Анан баягы биз менен барган Шербеттин баласынын дагы талмасы бар болчу. Мына ал баланы деле алып барбаган жери калбаган. Ошентип, анын баласы деле ошол жерден айыгып, адам болуп кетти. Ал бала азыр каякта экенин билбейт экем. Ал деле ошол менин балам менен тен чамалаш болуш керек эле. Эмгиче бала-чакалуу болуп калган болуш керек.

Leave a Reply