Соорбеков Дурусбек, Жалал-Абад аймагы

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Соорбеков Дурусбек, 44 жашта, Аксы району, Мукур айылы

Апамды сыйынып жүрүп табышкан экен

Мен Баба-Ата деген ыйык жерди жакшы билемин. Бизде «Баш тилесең Баба-Атага, Мал тилесең Падыша-Атага бар» деген макал бар. Бул макалдын мааниси аябай зор. Себеби, бала тилегендер ошол жакка барып сыйынышып, балалуу болушат. Мен да ал жакка апамды алып баргам. Таята, таянебиздин балдары токтобой жүрүп апамды ошол жерге барып, сыйынып жүрүп табышат экен. Анан апам токтоп калат ү. Анын атасы Караванда раис болуп иштеген ү. Анан апам 7 жашка чыкканда атасы: «Сени ушул жерден тилеп жүрүп таптык эле», – деп атка мингизип алып, Баба-Атага алып барат.

Анан апам: «Мени ошол Баба-Атага алып барып келгилечи», – деп айтканынан аны алып барып келгем. Апам анда 55терге чыгып калган болчу. Ошол убакта негедир эле ошол жака барам дей берди, мурда антип деле айтчу эмес. Көрсө Баба-Ата апамдын түшүнө кире берген экен. Ошон үчүн алып барып келгиле деп сураныптыр. Биз бул жерде туруп деле ал жакка барган эмеспиз да. Апамдын айтканынан улам издеп бара бердик. 7 жашында барып көргөн жерлери эмигиче апамдын эсинде экен. Издеп баратсак: «Ак кайындары бар эле, мен ошол кайыңдарды тегеренип ойнодум эле», – деп отуруп Баба-Атаны таап бардык. Көрсө, ак кайындар башка жерде жок, бир гана ошол жерде өсөт экен. Аны кийин баргандан кийин көрүп жатпайлыбы. Ошентип барып бир күн түнөп, эртеси алып келгем.

Биз бир улак, анан оймо, боорсок жана башка дасторкон жасап барганбыз. Баргандан кийин баягы улакты союп, канын чыгарып, куран окудук, дасторкон жайып, оймолорго шам тигип, ошол жердин олуяларына атап, ошол жердеги элге улактын этин таратып бердик. Биз барсак ал жерде дагы бизден башка адамдар бар экен. Ал жерде кожогат деген нерсе аябай көп болот. Ошол август айында кожогат аябай мөлтүрөп бышып турган убакыт болот. Биздин Авлетимдегилер баары, Авлетим эмес Аксынын башка айылдарынан дагы ушул жака келип кожогат терип кетишет. Ошол кожогат тергендер дагы ошол жерге булакка түшүшкөн экен.

Ал жерге кобунчо төрөбөй жүргөндөр барып, балалуу болушат. Андагы булактын суусу дагы өзүнчө дары. Ылайынын дагы дарычылык касиети чоң. Аллергия ооруларын ошол булактын суусу менен жуундуруп, ылайын сүртсө, жакшы болуп калат дешет. Муун ооруларына дагы жакшы.

Leave a Reply