Сейткулов Сергил: Мазар касиетин бирөөдөн уксам ишенет белем?

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Сейиткулова Сергил, 63 жашта, Аксы району, Жаңы-Жол айылы

Мен билгендерден Кара-Жыгач деген ыйык мазар бар. Ал жакка эл сыйынып, ар кандай жакшы тилектерди тилеп барышат. Ал жерге биздин Жаңы-Жол айылынан гана эмес, туш тараптан келишет. Мисалы, коңшулаш Кой-Таш, Кара-Жыгач, Авлетим, Кербен жана башка жерлерден келип сыйынып кетишет.

Менин бул мазарга барганымдын себеби мындай болгон: Бир балам армияга кеткен эле. Анан ал жакта баламды качырып жиберишиптир. Өзүнөн-өзү жөн эле качпайт эле, менин балам андай балдардан эмес. Биз атасы экөөбүз тең өмүр бою мектепте иштеп пенсияга чыктык. Атасы болсо мектептерде директор болуп иштеп жүргөн. Тартип биринчи өзүбүздөн башталыш керек эле да. Ошол себептен биз балдарды жакшы эле тарбиялаганбыз. Менимче армияда «дедовщина» деген нерсе болот да. Барганда уруп-согуп, коркутуп-үркүтүп бир нерсе кылган го. Бизге эмне себептен качканын ошол боюнча айтпай койду, өзү айтпагандан кийин биз деле көп такып сурай бербедик, жарасын козгобойлу деп. Ошентип анан ал баланы кармап, камап коюшат. Ошондо «Таштак айылында Алымкан деген көзү ачык келин бар, ошонун айткандары туура келет, адамдарды дагы дарылайт, аябай күчтүү» дегенди угуп, ошол келинге бардым. Ага барсам, ал мени Кара-Жыгач мазарына алып барды. Биз менен кошулуп дагы эки-үч келин барган, алардын дагы көзү ачык экен. Алардын бирөө шам тикти, куран окуду. Дагы бири: «Көрдүңүзбү, бул булактын суусунун жарымы туптунук, жарымы бир аз ылайланып агып жатат», – деп калды. Бизге суу туптунук эле болуп көрүнүп жатты. Куран окугандан кийин алар өздөрүнчө сүйлөшүп жатышты. «Бул жердин адамдары башка эле, азыр жаш бала болуп калыптыр» – дешти. Анан ошол жаш балага кайрылып: «Мына эми сен жаш экенсин. Эми сен келгендердин тилегин кабыл кыл. Сенден булар мына ушул тилектерди тилеп келип отурушат», – деп айтып жатышканда, мен өзүмдү-өзүм кармай албай, токтоно албай, аябай буулугуп ыйлап жаттым. Кандай ыйлаганымды өзүм сезбей да калдым. Жакшы эле бышык эле жан элем. Мен ыйлап, сооронгондон кийин көзү ачыктардын бири: «Мына буюрса тилегиңер кабыл болот экен. Баягы ылайланып аккан суу тунуп баратат», -деп айтты. Анан ошентип ал жерден сыйынып, шам тигип, куран окуп, жол-жобосун жасап келгенден кийин 10-15 күнгө жетпей эле баламдан «Мен бөлүмгө (частка) кайрылып келдим. Мени камактан бошотушту» деген жаңылык келип калды. Анан ошондон кийин балабызды армиядан алдырып алышка туура келди, калган кызматын альтернативдик түрдө өтөп бүттү. Мына ушундан кийин мен ал мазардын касиети ошончолук күчтүү экенине ишенип калдым. Эгер бирөөлөрдөн уксам, ушунчалык ишенич пайда болот беле, жок беле, ким билет?

Мени менен барган келиндердин бири Авлетимден, бири Кербенден, үчүнчүсү өзүбүздүн эле Жаңы-Жолдон болчу. Кербенден келген келиндин көзү ачык экен. Ал эми берки эки келиндин балдары жок экен, бала тилеп барышкан. Жаңы-Жол айылынан барган келин деле мугалим болчу, бир убакта биз чогуу эле иштеп жүргөнбүз. Кийин балалуу болуп алды. Менден кийин дагы бир жолу сыйынып барып келиптир. Андан кийин бир жерде жолугуп калганымда: «Эже, мен балалуу болдум» – деп, аябай сүйүнчүлөдү. Мен дагы уулумдун жолу жакшы болуп, иш каалагандай бүткөнүн айттым. Экөөбүз Кара-Жыгач мазарынын касиети өтө чоң экендигин бир топко сүйлөшүп отурдук.

Ошол барганыбызда жанагы көзү ачык келиндердин бирөө шам жагып, куран окуду. Анан булакка келдик, ал жерден дагы өзүнчө бир нерселерди окуп жатты. Мен алардын бирин уксам, бирин уккан деле жокмун. Себеби, мен айттым го, алар ошентип тилек тилеп жатканда, мен кантип өзүмдүн солуктап ыйлаганымды сезбей калдым. Көзүмдөн тимеле жаш куюлат. Алымкан болсо ары жакта өскөн чоң дарактын жанына барып алып, ушундай кудайдан зар тилеп, тиленип жатат. Эми алардын сөзүн угуп турсаң, ыйлабай тура албайсыңн. Тилдери дагы бир башкача экен, эч токтобостон биринин аркасынан бири куюлуштуруп, тилек тилеп жатат. Анан түнү менен беркиэки келинди уктаткан жок. Бизди алып барган көзү ачык келиндин бирөө: «Бул жерге келгенден кийин жыт чыгарып кетишибиз керек» – деп, баягы эки жаш келинге камыр ачыттырды, алып барган тооктору бар экен, ошолорду союп, канын тамгызып, оймолорун жасап, ошентип, кыскасы, уктабастан танды атырдык. Мен баягы улуу болгон үчүн мага аны жасаңыз, муну жасаңыз деп айта алган жок, бирок мен өзүм колумдан келишинче каралашып жаттым. Ошондо көзү ачыктын бири төрөбөгөн келиндердин бирине: «Бирөөңөрдүн аркаңардан ээрчип калды, кудай кааласа, төрөп аласыңар», – деп атты. Анан кийин ошол келинге өзүм жанагинтип жолугуп калып атпаймынбы.

Мен андай ыйык жерлерге мурда көп деле бара берчү эмес элем. Анан андай жерде түнөгөн дагы эмесмин. Ошон үчүн аябай коркуп, кыжаалат болуп чыктым. Жакшы деле уктаган жокмун. Ал мазар өзү тоого чыгып бара жаткан кыя жолдо жайгашкан. Тегереги токой-таш. Ал жерде сыйынып баргандардан башка кыбыр эткен жан жок. Тоонун арасы. Ал жерде түндө эмес, күндүз жалгыз-жарым жүргөндөн коркосуң. Биз таң атканча уктабадык. Ал жакка биз менен менин жолдошум да кошулуп барган. Ал эркек киши болгон үчүн, казан-табакты биз өзүбүз эле кармадык да, аны эс ала бер деп койгонбуз. Ал жатып уктап калган. Эртең менен жолдошум: «Кудай кааласа, тилегибиз кабыл болот экен. Мен аябай жакшы түштөрдү көрдүм», – деди дагы, эртең менен эрте: «Мен эми жылкыга барайын», – деп кетип калды. А биз болсо калып, баягы оймо-соймолорду бышырып, куран окуп, шам жагып түш чамалап кайттык. Сырлар бизге окшогон жөнөкөй адамдардын баарынын көзүнө көрүнө бербейт окшойт. Мен эч нерсени көргөн жокмун, башкалардан эмне көрдүң деп сураганым жок. Бирок ошол биз менен барган Алымкан деген келин: «Мобу чоң ак теректин башында дайыма бир ак жылааным бар эле, кийинки күндөрү ошол менин көзүмө аз-аз эле көрүнүп калды», -деди. Мен ошол түнү каерден, качан ак жылаан чыга калат деп ошол ак теректин башын карай бердим. Кичине бир нерсе «шырт» десе дагы, ошол ак жылаан эсиме түшө калат. Анан тигил келиндерден уялганыман эле эч кимге билгизбейин деп, бушайман болуп атып таң атырдым. Алымкан менен экинчи көзү ачык келин таң атканча жылдыздар, төлгө жылдыздары жөнүндө сүйлөшүп жатышты. Алардын тилин биз жакшы ттүшүнбөйт экенбиз. Бирин түшүнсөк, бирин түшүнгөн жокпуз.

Leave a Reply