Күлүйпа

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Күлүйпа, 67 жашта, Аксы району, Жаңы-Жол айылы, Жалал-Абад аймагы

Балам кара-жыгач мазарынан айыккан

Биз турган жердин баары эле ыйык. Бул жерде булак деген нерсе аябай көп. Мал-Калды суусу – булактардан топтолгон суу. Ошол суунун чекесинде да булактар аябай көп. Биздин айыл Мал-Калдыдан суу ичишпейт, көбү ошол булактардан ичишет. Анан сыйынып бара турган жерлерибиз да коп: Жылуу-Булак, Кара-Жыгач, Бай-Терек деген мазарлар бар. Мына ушулардын ичинен Кара-Жыгач мазары аябай касиеттүү жана ыйык.

Ал жерге барганда союш союп, кан чыгарып куран окутушат, же малга алы жетпесе дасторкон-табак жасап барып, шам тигип, куран окушат. Эл казан-табак көтөрүп убара болушпайт, ал жерде анын бары бар. Ал казан-табактарды дарактардын бутактарына чаң тийбеген бийик жерге илип коюшат, казанын дагы ыпыр-сыпыр түшпөгүдөй кылып таза жерге, таштардын үстүнө көмөрүп коюп коюшат. Барганда дарактарын сындырбай, жаман-жуман нерселерди таштабай, ал жерди таза сакташ керек.Менин апам мурда ошол жактагы Шайтобо деген жайлоого чыкчу. Жайлоого ары-бери өтүп баратканда жок дегенде шам тигип, куран окуп коюп өтчүбүз, жайлоого алып бараткан азыктан жеп, ошол жерге бир аз эс алып, суусунан ичип, анан андан ары жайлоого чыгып кетчү элек. Андан кийин апамдар башка, Шумкар-Ата, Карагайлуу деген жайлоолорго чыгып калышты. Ошентип ал жакка барбай калдым эле. Анан чоң балам бир ооруп калып, ошол жакка барып жүрүп жакшы болду.

Анда балам 10-класста окучу. Бир кыз менен сүйлөшүп жүрчү экен. Ал кыз авария болуп, көз жумуп кетти. Анан ошол сүйлөшүп жүргөн кызын ойлой берип, балам дагы ооруп калды. «Ой балам, башка кыздар жокпу? Коп ойлонуп, ден-соолугуңду жок кыла турган болдун го», – десек деле болбой, эч ким менен сүйлөшпөй, окуусуна да барбай койду, болбосо өзү жакшы окучу. Анда эжеке, агайлары: «Балаңарды эмне мектепке жөнөтпөйсүңөр?», – деп, бизден сурашат. Баламдын болсо таптакыр мектепке баргысы жок. Кийинчерээк өзүнчө эле сүйлөнө бере турган болуп калды. Ооруканага алып барсак, анализдери жакшы чыгат. Анан андан жардам болбогондон кийин кыргызчылык кылалы деп, молдолорго окутуп жүрдүк. Ал убакта ушул жерде Кара-Сакал молдо деген өзбек киши бар эле. Анан бир жолу Кара-Жыгач мазарына арнап кан чыгарып, куран окутуп койгула дегенинен, анысын аткарганбыз. Ал жакка эки жолу барып келгенден кийин балам мурдагыдай сүйлөнбөй, көңүлү ачылып, биз менен сүйлөшүп, оңоло баштады. Ошентип жакшы болуп кеткен. Ошон үчүн мен ал жерди өтө ыйык, касиеттүү, күчтүү деп эсептейм. Кагылайын кудайым берген ыйык жер да, канча деген адамдар ал жерге барып, сыйынып, балалуу болбогондор балалуу болуп, ооругандар сакайып, ошол жердин касиети колдоп, алар аман-эсен эл катарында жүрүшөт.

Мен билгендерден бизде Алымкан деген табып-дарыгер өзүнө көрүнүп келген адамдарды ошол Кара-Жыгач мазарына алып барып, түнөтүп, ошол жердин жардамы аркылуу дарылап жүрөт. Бул келинге ар жактан адамдар көп келишет. Алар барып тунөгөндө, ал жерден ар кандай нерселерди көрөт дейт. Мисалы, ошол жерде ак жылаан бар дейт, бирөөнө ал ошол жердеги чоң теректин башынан көрүнөт имиш, бирөөнө булактын көзүнөн көрүнөт дейт. Бирок биз барганда андай нерсени көргөн жокпуз, же мен балким баамдабагандырмын, балам деле көзүнө андай-мындай нерсе көрүнгөнүн айткан жок. Же балким ал түнөгөндөргө гана көрүнөт окшойт, биз эртең менен барып, кечинде эле кайтып кетеберчүбүз.

Бул жерге барыш үчүн адегенде ишенич керек, ишенип барбаса болбойт. «Кудай колдоп, ошол жерден сакайып кетейин, олуяларым жардам берсин», – деп чын дилден тилеп барыш керек. Жанагы бүт дүнүйө жүзү сыйынып барып келип жаткан Мекке деле ушундай эле ыйык жер да. Ал жакка оңой-олтоң жетиш кыйын. Ал жакка жетүү учун бир топ акча, убакыт керек. А андай жерлер мына биздин өзүбүздүн деле жаныбызда көп. Мына ушундай касиеттүү жерлерди сактап, сыйлап, муундан муунга өткөрүп беришибиз керек.

Leave a Reply