Боталиев Муратбек

This post is also available in: Англисче, Орусча

Боталиев Муратбек, Жалал-Абад аймагы

[Бул интервью Жалал-Абад аймагында 2009-жылы Айгине тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр убагында алынган жана бул аймак боюнча 2010-жылы жарык көрө турган китепке камтылат]

Боталиев Муратбек, 58 жаш, Аксы району, Ак-Суу айылы, Кара-Кыз эне ыйык жери, (Ак-Пейил эне ыйык жери), Жалал-Абад аймагы

Биздин айылда төрөбөй калган бир да аял жок

Мен бул мазарга жөн эле зыярат кылып кетейин деп келип калдым. Биз ушул Жаңы-Талап аянтынын тургуну болгондуктан, бул жерди сыйлап, өтө бир чоң себептер менен гана келбестен, жөн деле тез-тез келип, зыярат кылып турабыз. Бул жер бүтүндөй Жаңы-Талап аянтын суу менен камсыз кылат. Бул жердин суусу болбосо, биздин көргөн күнүбүз эмне болмок. Мына ушул жерде өзүңөр көрүп тургандай, 8 булак чыгып турат. Ушул 8 эле булактан чыккан суу чоң айылдын адамдарын дагы, бак-дарагын дагы, эгин-тегинин дагы суу менен камсыз кылат. Айылдын этегинде дагы бир булак бар, Котур-Булак деген. Бирок анын суусу туздуурак. Аны ичкенге болбойт.

Бул мазарга балалуу болбогондор келип сыйынып, кудайдан тилеп, биз дагы ушул Кара-Кыз энедей балалуу бололу – деп, зыярат жасап кетишет. Анан ошол келгендердин тилеги орундалып, балалуу болгон учурлар көп. Биздин айылда төрөбөй калган бир да аял жок. Мындайлар шаарларда көп кездешет го, бизде андай жок. Ар бир үй-бүлөдө эң аз дегенде 5-6 бала бар. Бул жерде 13 балалуу болгондор да бар. Бул да ошол Кара-Кыз энебиздин касиети деп түшүнөбүз.

Баладан башка дагы ар кандай тилектерди тилеп келишет: бактым ачылсын, ишим жүрүшсүн, ден-соолугум болсун деп. Андан сырткары, бул жердин тургундары жылына бир жолу мал союп, кудайы өткөрүп, элим, жерим аман болсун, тынччылык, токчулук болсун деп тилеп кылышат.

Балалуу болбой жүрүп балалуу болгондор же баласы токтобой жүргөндөр ушул жерге келип, тогуз оймо салып, шам тигип, ушул жерден балдарынын чачын алат дагы, көкүлүн, же болбосо төбөсүнөнбү, же дагы бир жерине бир топ чачты албай калтырып коюшат. Баланын чачын алса дагы, ушул жерде коюп койгон көкүлдү же калтырылган башка чачты башка эч бир жерден албаш керек. Ал чачты мүмкүнчүлүугү болгондо кайрадан ушул жерге келип, мурдагыдай кылып оймо жасап, шам тигип, зыярат кылып ошол чачын алып, ушул жердеги бак-дарактын бир жерине кыстарып коюп кетишет. Минткенинин себеби, баланы ушул жерге келип жүрүп таптым эле, эми баламды ушул жердин колдоочулары, Кара-Кыз эне колдоп жүрсүн дегени.

Leave a Reply