Ыйык жерге чүпүрөк байлоо

This post is also available in: Англисче

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде

(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

И.: Башында мен жаштык кылып жүрүптүрмүн, азыркы убакта чүпүрөк байлаган эң туура эмес экендигин түшүндүм. Анткени мага жөн эле зыярат кылып, суусуна куран окуш керек деп аян берилген. Мен башында чүпүрөк байлаганымдын себеби, менин устатым айтканынан, өзүбүз кийген ак матадан айрып туруп, ошол чүпүрөктү талга байлаганбыз. Биз тилегибизди, алдыга койгон максаттарыбызды айтып байлачубуз. Бирок ошол байлаган бутактарыбыз куурап калып жатпайбы, демек тилектерибиз орундалбайт да. Эгерде ошо тилегибизди Алла Таалам кабыл кылса, ал бутактар куурабайт болчу да, ошон үчүн мен антип чүпүрөк байлаганга каршымын.

И.: Чүпүрөктү эч кандай байлабаш керек. Ал эми жар салганда бул адамдын көзүнө көрүнөт. Кээ бирлер оорулуу адамды ортого салып алышып, камчы менен сабашат. Бул эң туура эмес, жар салуу бул олуяларды, пирлерди чакыруу дегенди түшүндүрөт. Чүпүрөк байлоо бул өзүңдү байлоо дегенди билдирет. Тамчы булакка келгендер ушундайды көп кылышат экен. Сен кудайдын жолунда жүрөсүңбү, түз жүр.

С.: Мен ошол нерсеге абдан каршымын. Ал шайтандын иши, антип ар нерселерди илиш бул шаманизмден калган нерсе. Мен бул нерсеге тыюу салаар элем. Жанагы биздин кароол чокуга илгендерге 50-100 сомдон штраф салса жакшы болоор эле.

К.М.: Мен өзүм чүпүрөк байлабайм. Ошол чүпүрөк байлагандар өздөрү деле билишпейт, эмне үчүн байлап жатышканын.

С.: Чүпүрөк байлоо азыр туура эмес, ал мурда байланчу. Илгери мен кичинекей кезимде кемпирлер кызыл чүпүрөк байлашкандарын көрчүм. Анан 1-классымда мусулманчылыкка да окуп калдым, анан куран каримде антип чүпүрөк байлаганга болбойт деп жазылган. Мисалы, мурда Ак тайлакта да ак мата жабылып турчу, ал кир болуп калса жууп жаап турчубуз. Анан кийин андай болбойт деп алдырып салышкан. Анан дагы куранда мазардын жанына түнөгөнгө болбойт дегенинен, мен тамга түнөшсүн деп тамды салып бергем. Анан көптөр эле сен акка моюн сунбайсыңбы, ошол жерге отурбайсыңбы дешет. Менде андай ой жок, мен элдин сообун алайын, бей-бечара оорулуулар келет, ошолор жатып жүрсүн деп там салгам.

У.: Чүпүрөк байлоо туура эмес, бул шарыятта айтылган. Негизи чүпүрөк мазардын көркүн бузат, жүдөтөт. Эгер мен чүпүрөк көрсөм, чечип өрттөп жиберем. Өзүм байлабайм.

И.: Самсаалатып байлап, жулунуп секиргенче куран эле окуй берүү керек. Чүпүрөктү самсаалатып кереги не. Ырым деле аткарбайм. Келем, куран окуйм, кете берем.

И.: Чүпүрөк байлоо – бул ошол жерге мен бар балээнин баарын таштадым деген өзүн-өзү алдоо. Менин көз карашым боюнча туура эмес. Эми бул жерден чүпүрөк байлап же болбосо мойнуна тумар тагып алганды алла сактабайт. Негизи ниет менен, мазарга барсаң да, базарга барсаң да, алла деп барсаң ишиң жүрүп турат экен.

А.: Ар ким ар кандай ырым кылышат. Кээ бирөө оорум ушул жерде калып калсын дейт, айрымдары жөн эле эл байласа кошо байлап коёт. Негизинен туура эмес.

Б.: Илгерки адамдардын түшүнүгү боюнча жолдон адашып калбайын деп байлап кете беришкен. Ошону биз салтка айландырып алганбыз. Байлаган туура эмес.

Leave a Reply