Үмөтбаева Токтош (75 жашта): «Милициялардан качып теректин башына чыгып кеткем»

This post is also available in: Англисче, Орусча

Үмөтбаева Токтош, Талас аймагы

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде
(
Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Mазар басууну 13 жашымдан баштадым. Анда согуштун убагы эле. Кийин анан ачыкка чыктым. Ал мезгилде элдин мазарга болгон көз карашы ар кандай эле. Чоң калпалар, бүбүлөр болгон менен топ-топ болуп мазарга барып, азыркыдай кенен зикир көтөрүү болчу эмес. Бийликтегилер абдан каршы болчу да. Бычактай каршы болчу да бизге. Топтолгон эл тим эле экиге, үчкө бөлүнүп кетчү.

Каршы болгон себептери, алар бизди туура эмес кылып жатат, жамандыкты чакырып жатат деген ойдо эле да. Көөп тургандар да. Бул кыргызчылык кылуу дегениң аябай жакшы жумуш да. Жанагы дубаналар бар болчу. Шалдырканы менен зикир көтөргөндө ошончо көчөгө, үйгө касиет кирчү, жакшы болчу. Ошентип ар кайсы чычырканактын, тамдын түбүндө жүрүп ушул заманга жеттик. Ал убакта темселеп күндүз апаларыбыз менен машак терип, кечинде мазарга жалгыз кыргызча кийинип алып барчубуз. Тиги бийликтегилерге көрүнбөй топ-топ болуп алып чычырканактын арасында зикир айтчубуз. Эгерде мазарлардан кармап алышса, алардын колдонгон жазасы – кесип жиберчү. Селсебеттер куугунтукка алып, үйүңдү тинтишчү. Кесип атып кылган күнөөлөрү – элди бузуп жатат дешчү.

Мен 14 кө чыкканымда ушул Ак теректен мени бир милиция кармап алды. Апам ыйласа да болгон жок. Алар сабап жиберчү да. Ыйласа да болгон жок, чаап- чаап жиберди. Бир бир тууганым бар эле Баракан деген, ошол камчысын жулуп алып кармаша кетти. Ошондо теректер жалбырак алып турган эле. Мени теректин башына чыгарып жиберди. Ошондо көрүнбөй калдым да, болбосо алар өлтүргөнгө чейин барышчу.

Кысымга алуу көбүнчө согуш токтогондон кийин токтоду. Совет мезгилинде деле куугунтуктоо болду, бирок мурункудай эмес да. Анан эми болсо таза жеңилдик болбодубу. Совет мезгилинде түлөө, курмандыкка чалуу дегендерди колдонгондон да кооптонушчу да. Коркуп ар кайсы жерде жүрсө каяктан колдонот. Ушул жерде Жамийла деген жакшы келин бар болчу. Кийин ошону сельсовет жаман иш колдонуп жатат деп кестирип жиберди. Ал түрмөдөн өлүп калды. Кайсы жылдары бул окуя болгону эсимде жок. Мен өзүм качып жүргөм, жаш болчум.

Совет учурунда далай мазар, тарыхый эстеликтер бузулбадыбы. Кеңколдогу калпанын короосу деп коёт, бийликтегилер ошол мазарды ат менен талкалап, бузуп кетишкен. Алардын урук-тукумунан эч кимиси калган жок азыр. Мазарга тийишкенге болбойт да.

Устатым Карасуулук Үмөтаалы деген молдо болчу. Устат деген энең катары болот. Сени жакшы кылып айыктырып жолго салат. Менин устатым кожого кол берген абдан жакшы киши болчу. Мага бул жерден эч кимдин алы жетпей калды да, тил-оозу жок жыгылып, бутум шумдуктай болуп шишип кетти. Мунабу азыркы бутум ошондон калды. Эч ким билбейт. Ошондо ушул кара дубана деген бар экен деп анан атамдар алып келип, анан ал үйүнө алып калып, түнөп жүрдүм. Анан эки балдакты таштап, жакшы болгондон кийин анан «менин сага алым жетпейт, сенде так паадалуу киши бар экен, сени Шамшыкал атага алып барыш керек» – деди. Ал киши өзү ошол жактан ачылган экен. Анан ошол жакка алып кетти. Кеңаралдан бир келин да биз менен кошо кетти. Ушу Бешташтын ичинде бир таман жол менен кеттик. Барсак мен кожо, мен калпа дегендердин баары бар экен. Мечити бар экен. Ошонун ичине кийимимди 4 жума түнөтүп коюп, анан кийгизди да. Анан ошол жерден кожолор жарга салды. Бирок ошондо мага ак кийим кийгизген жок. Устатым өзү кыргызча эле кара кемсел, кара шым кийип жүрчү. Анан устат кандай кийинсе, сен дагы ошондой кийинесиң да. Апам мага чыттан эле көйнөк, жоолук тигип берди, ошолорду кийдим. Анан ошол жактан жол берди мага. Анан тиги келинге ал жактан Алла таалам ырым кылган жок. Биз менен барган Кеңаралдык Мейилкан деген келин эле, Таласка келгенден кийин өлүп калды бечара.

Устат болгондон кийин ал сага дарылоо ыкмаларын ж.б. үйрөтөт да. Киши карма, балдарды эмде, кишини карап туруп сезим менен ооруган жерлерин ж.б айт деп өзүнүн билгендерин үйрөтөт. Ал энең катары болот. Устаттык озуйпа, иш аябай кыйын. Азыр мен да көп адамдарга устат болгом. Шакирттерим абдан көп болгон менен, өзүмдүн көңүлүмө толуп, көптү үмүттөндүргөн бир шакиртим бар. Ушул азыр Таласта окуп жатат. Ошону мен 7 жашынан кармадым эле. Көзүн ачып жашынакай кылып коё бердим эле, сезим менен көрөт ал. Көп сүйлөй элек ал. Бүт сыры 25инде чыгат. Дагы андан башка келиндер бар. Мен аларга жакшы жүргүлө, жакшы тургула, көп сугалактык кылбагыла дейм. Устат менен шакирттин ортосунда ажырым деле жок. Алар мени апа дешет. Алар өзүмдүн кыздарымдай болуп калышат. Дегеле устат менен шакирттин ортосунда, мисалы, жаш өзгөчөлүктөрү, ээлеген орду боюнча айырмачылык болгон күндө деле, устат шакирттен кичүү адам болсо деле, анын жолу улуу болот. Эненин сүтүн акташ керек деп коёт го. Ал эми устатка эмне кылса ыраазы болот? Жакшы устаттар ачкөздөнбөйт. Алар эки дүйнөнүн көзүн көрүп калат. Алар тигини, муну алып кел дебейт. Билбейм, балким антип айткандар бардыр, бирок мен өзүм андайга барган жокмун. Устатымдын жолу менен жүрөм. Ал киши мага «көп албайсың, жоолук алып келеби, көйнөк алып келеби, куран окуп туруп аласың» – деп үйрөткөн. Мен да шакирттеримди ошентип тарбиялагам. Алардын көзүн ачканга келгенде мен аларды 7 жарга алып барам, анан 7 мазар бастырам. Анан өздөрү эле шыр кетет. Устатым мага дем салганды, киши кармаганды, сук болбогонду үйрөттү. Ичкен оокатыма чейин текшерип, үндүктүн, тооктун, коёндун этин, жумуртка жебейм. Ушунун баары ошол кишиден алган үлгүлөрүм да. Ал киши өзү да жечү эмес буларды. Менин шакирттерим да ушуну колдонот.

Leave a Reply