Чоңмурунова Чачыкей

Чоңмурунова Чачыкей

БАЙКАЛБАШ ҮЧҮН МАЗАРЛАРГА ЖАЛГЫЗДАП БАРЧУБУЗ 

(Жусупова Назиранын маегинин негизинде).

Союз учурунда мазарларга барышчу, бирок, азыркыдай көп барышчу эмес. Себеби ал убакта аркабыздан аңдып, милициялар кошо барышып, куугунтукка алышчу. Мен жашымдан, тактап айтканда, 21 жашымдан баштап мазарларга толугу менен аралаштым. Туура быйыл 42 жыл болот мазар басып жүргөнүмө.

Менин эң алгач баскан мазарым – Ак терек. 7, 8 жашымда, билем, түн ортосунда чочуп ойгонсом, ал кезде очокко от жагылчу да, ошол оттун жанында кыз перилер отурушкан экен. Карасам, жүн тытып отурушат. Ошондо мен чыңырдым. Чыңырганда атам менен апам ойгонуп, таң атканча мага атам дем салып отурду. Негизи атам өзү «куучу» болчу. Төрөй албагандар кыйкырып, атын «баатыр» дешчү. Башкарма болуп, фермер болуп турган мыкты киши болчу. 6 жаш курагымда бутум шишип кетти, ал убактагы доктурлар начар болушчу. Доктурларга алып барышса, билбей коюшту.

Ал учур 1947-1948-жылдарга туура келет го. Атамдар мени кичинекейимден баштап эле эч кимге ургузушкан жок. Мени бир бүбүгө алып барышкан экен. Ошол мени көргөн  киши айткан экен: «Ыйык кыз – бул, ушул кыздан бир нерсе чыгат, башка урбагыла», – деп. Мени апам эч кимге тийгизбей, ургузбачу экен. Башка балдардай келтек жеген жокмун, беркилерди сабачу, а мени сабачу эмес. Мен өзүм «Манас атадагы» Чачыкей деген жер бар го, Кең-Колдогу, ошонун ичинен төрөлүпмүн. Ошондуктан атымды ырымдап Чачыкей коюшуптур.

Атамдын куучулугун мен көбүнчө түш-аяндан кармайм. Албарсты менен мен деле кезигишкем атамдай болуп. Бир кыз, бир күчүк, бир мышык болуп кубулат. Анан кыз болуп кубулганда чачынан кармаганымды бир билем, түшүмдө. Колума чачын буруп-бурап алып сабап жатыптырмын, колумда камчыбы, айтор, бир нерсе бар экен. Сабап жатсам, ыйлайт мага: «Деги жанымды кейиттиң, эмне керек сага», – деп. Түштү ушундай бекем кармаар элем да. «Мага шилекейиңди алмаштыр», – деп жатам. Ошентсем ыйлайт: «Сен жүргөн жерде жүрбөйүн», – деп, анан ошентип шилекей алмаштырганбыз. Ойгонсом, тердеп өлөйүн деп калыпмын. Төрөтү кыйын болгондор мага төрөөргө жакын бир келип кетишсе төрөтү жеңил өтөт. Толгоодон кыйналбай төрөшөт. Куучу атамдын касиетинен менде да кичине бар.

Мен 21имден баштап мазар бастым. Апам мени Манас атанын күмбөзүнө ээрчитип барды, кичинекей кезимде. Бутумдагыны эч доктур билбей, атам тамыр кармачу да, анан токойдон 3 чака бүлдүркөн тердиртип келип, анын бир чакасын жеп бүткөндө гана бутумдун шишиги таркады. Азыр да ошондон калган из, так бар бутумда. Атам кишилерди эле эмес, малдарды да дарылачу. Сынган жерлерин тагып, шак-шак коюп айыктырып койчу. Ушундай жөндөмдөрү бар адамдар болчу. Атамдын бир тууган таякесинин, таятасынын да кыргызчылыгы күчтүү экен. Мырза калпаш таятам Таластын тигил жагынан бул жагына жайлоого кетип баратканда, агып турган Таластын суусун токтотуп койчу экен. Анан бир жыл бүтүп, экинчи жылы өтө бергенде, арасынан бир бейбаш келин чыгат. ¤түп бара жатышканда ошол келин: «Кайнагабыз артыңарды карабагыла дейт, суунун чыга бериш жерине келгенде артымды карап көрөйүнчү», – деп  таятабыз дубаны жандыра электе эле бурулуп артын караганда, баягы суу аны алып жүрүп кеткен экен. Анан таятабыз: «Издеп убара болбогула, бул Сулайман атанын акысы», – деп койгон экен. Таластан негизи төрт калпа чыгыптыр. Калпа ата деп жатабыз го, ошолордун бирөө казандагы сууну кайнатып жиберген экен, бирөө сууну токтотуп, айтор, төртөөнүн төрт башка өнөрү бар экен. Төртөөбүз бир жерде турбайбыз дешип, төртөө төрт тарапта турушчу экен. Бирөөсү Таластын аркы башында, бирөөсү ортосунда, бирөөсү аягында.

Ошентип, таятамдын дубакөйлүк, атамдын жайчылык өнөрү бар эле. Кайсыл күнү күн жаап, кайсыл күнү үшүк аларын атам күндү санап билээр эле. Атамдын жайчылык жактарынан менде калды го, менин бутумда калды. Жайдын күнү тим эле ачык болуп турат го, мага белги бергенде бутум мындай секирип кетет да ооруп. Ошондо күн жаайт десем, жанымдагылар «апа, асманда эч булут жок каяктан жаайт» дешет, түштөн кийин келип эле жамгыр жаап жиберет да, анан «апамдын буту билет» деп калышат. Мен болсо «атамдын бир буту менде калып калган» деп отурам.

Устат жана шакирт дегенге келгенде, мен беш жылдан бери мындайга көңүл буруп келген жокмун. Мурун болсо Манас ордодо Тинатин эженин кызы секретарь болуп иштечү, ошого машинкасынан куранды жаздырып алчумун. Куранды үйрөтөөрдө үч жолу сурачумун да менин артымдан кыяпат айтпайсыңбы деп, айтпайм эже деп үч жолу айткандан кийин гана аларга куранды үйрөтчүмүн. Себеби куранды үйрөткөн киши устат болуп калат. Анан «устатсыз шакирт жок» дейт. Ал эми устаттын үстүнөн кыяпат айтпайт. Анан мен ушуга каршымын да, устатмын деп эле 100-150 кишинин көзүн ачтым дегендерге. Көздү бир Алла таала ачат, андан бөлөк эч ким ача албайт, кишинин көзүн киши ачпайт. Мисалы, бирөөгө ак кийгиздиңби, ошол ак кийигизген адам бирөөнүн дартын айта билиш керек, куранды жатка билиш керек, бирөөнү айыктыра билиш керек. Ошондо барып анан камчы алат, а ага болбой эле камчы алып жүргөндөр мындан көп болуп жатпайбы. Мен ушуга күйөм да, кейийм. Жөн эле мазар басып, камчыны алып жүргөндөргө мен каршымын.

¤зүмдүн устатымдын аты – ‡мүт. ‡мүт апаны мен устат күткөн жокмун. Мен ушул нечен жыл кыдырдым, устатка жол бербей койду. Качан сен аян көрөсүң, анан ошондо деп. Көбүнчө өзүмчө кыдырдым мазарларды. Анан бир күнү уктап жатсам тиги кырда бир бүбү кемпир кетип бара жатат, тоонун башында, эң артында бир кичинекей арык кемпир кетип бара жатат. «Эй» деди мага түш аяндан, «тиги артында кетип бара жаткан сенин устатың» деди, карасам ‡мүт  экен, анан ‡мүткө  бардым, «мага устат болосуң» дедим. ¤зүң жалгыз баспаган мазарларың калбаптыр деди. Мен сага устат болбойм, менден кетип каласың деди. Мен кетпейм дедим, ошондо ал киши мени жаман кылып койду да. Мага үч эле жолу дем салып туруп, беш күн бардым, анан дем салып туруп, зикир чалбай эле мага актыгымды кийгизип кетип калды.

Шакирттерим бар, ‡чөө бар. Бирөө Баян деген, анын ырлары азыр гезаталарга чыгып жатат. Ал өзү ушул жерден, бирок, Бишкекте турат. Ырларынан:

Ай адамзат

Ай адамзат пендеси

Күлүп сүйлөп билгизбей

Шек шыбытын илгизбей

Чокко салат анан да

Жалыны жок күйгүзүп

Жабыркатат адамды

Ушак сөздү жүргүзүп

Ай адамзат пендеси

Бул жалгандан өтөбүз

Аны деле сезебиз

Сезсек деле ушинтип

Таш боор болуп кетебиз

Жаман дебейм баарысын

Бар адамдын жакшысы

Ушак менен иши жок

Чындык сөздү сүйлөгөн

Ушак айың дегенди

¤мүрүндө билбеген

Чындык сөздү бетке айтып

Жалган кепти сүйбөгөн.

Сыйлап жүрөм

(Чачыке апага арнаймын)

Апам өлүп капа болуп турганда

Көңүл чөгүп кайгы тартып курганда

Акыл-насаат жакшы кебин аяшпай

Боор оорушуп мага көңүл бурганда

Чачыке апам жандай көргөн кишимсиң

Боорукерлигиң мен аябай түшүндүм

Жаныңа алып мазарларды кыдырып

Жардам берип ден-соолукка күтүндүң

Жардам берип акылдарың аябай

Жаныңа алып көңүлүмдү көтөрүп

Жалгыз үйдө олтурганда  сиз мага

Эрмек болуп мага жардам кылдыңыз

Жакшылыгың мен ошондо түшүндүм

Шамбет жээним экөөң берген жардамың

Эч убакта кетпейт менин эсимден

Мен силерди сыйлап жүрөм ар дайым.

Баян элүүлөргө  барып калды. Экинчиси, Макен, Кызыл-Октябрда турат, ал улгайып жетимиштерге барып калган. Ушундай кыйналып жүргөн оорусунан колуна камчы алып жакшы болуп кетти. ‡чүнчү шакиртим – ал кыз. Мен ага теспени гана бердим, ак жолго чыгарган жокмун. Ал кызды  5-6-классынан баштап колума алдым, 8 жыл мазарларга ээрчитип жүрдүм. Мектепти бүтүп, медучилищеде окуп жүргөндө да келип жүрдү. Кийин турмушка чыгып кетти, бир баласы бар деп уктум. Мени сагындым деп айттырыптыр, ошого бара албай жүрөм. Кыздын курагы 20 же 21 жашта го дейм. Негизи ал кыздын тубаса кыргызчылыгы бар. Көптөр айтышты ошол кызды бир ак жолго түшүрүп эле койбойбу, колуна курал карматып койбойбу дешип. А мен аны аядым, молдолор окуп койсо ал көтөрө албай калат, ал жаш болсо, көп нерсени түшүнбөйт. Мен кыздын жаштыгына карадым, түбөлүгүнө, багына карадым да, ошол себептүү теспе эле бердим, колуна курал бергим келген жок. Ал кыз мазарда отурганда бардыгын ачык эле көрө берчү. Каякта ким келгенин, кимдин колдоочусу кандай экенин баарын көрүп отурчу.

Бир күнү кыздын үйүнөн бээси жоголуп кетет. Жоголгон бээсин апасы издейт. Кызы айтат: «Апа, эртең менен эрте туруңуз, ууру алып кеткен жок бээни, бүгүн бээ экөөңүздөр бетме-бет кездешесиздер», – деп. А апасы болсо «койчу сен» деп коюп издеп бара жатса, мүрзөдөгү дөбөнүн бери жагында бээ келе жатат дейт.

Анан биздин үйгө келгенде да бирөөнүн тайы жоголуп кетиптир эле, «эже, азыр айтып коеюнбу» – дейт, ал убакта да көп айттырчу эмес да. Союздан кийин да кичине-кичине куугунтук болгон да. Кээ бир билгендер сурап, анан милициялар билип, тигил кызга жамандык кылып коюшпасын деп, мисалы, тигилер ууруну кармашса ууру кектеп кызды деле өлтүрүп кетиши мүмкүн болгон да. Ошондон корктум. «Көк дарбазада байланып турат, эже, айта берейинби», – дейт, мен болсо «кой, кагылайын» деп, айттырбай койдум. Кызды аячумун.

Ал эми совет доору убагында мен ойлойм, устат, шакирттер анча көп эмес болчу. Устаттар көп шакирт чыгарышчу эмес. Ошол кезде нак бүбүлөр басымдуу орунда болчу. Сезимдери, жан дүйнөсү, жүрөгү таза бүбүлөр эле.

Совет доорунда мазарларга жалгыздап барчубуз, топ-топ болуп бара алчу эмеспиз. Себеби дегенде топ болуп жабырап жүрсөң көзгө бат урунасың да. Ошол себептүү топ болуп баскандан коркуп, жашырынып, жалгыздап барчу элек көбүнчө. Бир окуяны айтып берейин, 30 жаштар курагымда Арашан ата мазарына барып калдык. Ал мазарга барып тегерек болуп отурабыз. Ал кезде менде жар салмак кайда, жанымдагы бүбүлөрдү ээрчип жүрөм да. Анан эле арасынан зикир чалып башташты, кыйкырып-өкүрүп, кемпирлердин буту жерге тийбейт, секирип жатышат. Ал жерде отурганда бири-бирине тийбей, алысыраак аралыкта отуруш керек. Отурсам эле бир ак коён бар экен. Карап эле калдым. Бир маалда баягы ак коён мени карай жылып келе жатат. Анан эле коркуп, жанымдагылардын аркасына башымды катып, кирип кеттим. Анан Эсенбай дегендин апасы чоң бүбү болчу, ошол «ай, чунак, бир нерсе көрдүң ээ» деп калды.  Мен болсо чыңырып жатам, «башымды каткыла» деп. Ал убакта толук түшүнбөчүмүн да, ошондой-ошондой сырдуу көрүнүштөргө.

Ал кезде эл оозунда көп айтылган мазарларга Манас атанын күмбөзү, Ак терек ата, Шаркыратма, Арашан ата, Калпа ата, Зулпукор ата, Ак булак мазары (Калбанын ичинде), Капкадагы, кайнап эки булак чыгат деп айтып жүрүшөт го, ошол мазардын аты Базар балам беле, ушундай, ушул мазарлар кирчү. Киров суу сактагычынын астында да булак бар болчу.

Мен ошол  22, 23 жашымда Арашан ата мазарына топ болуп бардык, жети-сегиз киши. Союз убагында, жаш кезимде мазарга чыкканда көп киши ээрчитип жүрчүмүн, 15-16ны. Анан мен Чаткалга бардым, ошол жакка эки жолу баргандан кийин эле эки жолу киши ээрчитпей калдым. Мага кандайдыр бир касиет келдиби, билбейм, киши ээрчитпей калдым. Кишинин жүгүн албай, ээрчитсем бир 5-7 киши ээрчитем, андан көп киши ээрчитким келбейт. Ошентип калдым, төрт бардым да Чаткалга. Арашан ата мазарына барганда болдубу, барып эле отуруп, кичине зыярат кылгандан кийин, жаңы эле чай ичээрде бир милициялар барып калышты. Шам убагы болчу, күүгүмдө. ‡чөө. Кыйкырышты, ар кайсыны айтышты, жөн-жайыбызды айтсак түшүнүшпөдү, анан бирөө «башчыңар ким, түш машинага» деди мага, мен болсо түшүп алдым грузовой машинасына. Бир маалда жанымдагы бир келин айтып калды: «Ой эже, сиз каякка, түш десе эле милицияларга түшүп кете бересизби» – десе, анан барып ойлондум «и-и» деп, мен ошондо сезимимди жоготуп коркуп түшүп кетиптирмин да. Анан милициянын машинасы жүрө электе жерге түшүп калдым. «Мени эмнеге  алып кетесиң, азыр  сотко бербесең, эртең менен чакырып аласың» – деп. Ошентип эле баарыбыз кыйкыргандан кийин милициялар кетип калышты. Милициялар ошентип коркутушчу. Анан бир үйдө жар салып жатканбыз. Жанымдагылардын көбү улгайган адамдар, мен ал убакта жар салганды деле билбейм, жаш болчум, ээрчип эле жүрчүм. Улгайган адамдар жар салаарда бир кишиге тыйын береби, айтор, бирөөнү кароолчу кылып коюшчу эшикке. Бирөөлөрдү карап тур деп. Эл жаткан убакта саат бирлерде салышааар эле жарды. Ал убакта ошол бирөөнү кайтартып коюшчу, үстүбүзгө кирип келип калышпасын деп.

Милициялардын болсо кылаары эмне, штраф салышмак,  суракка алышмак. А жалпысынан мазарларга карата элдин түшүнүгү жакшы эле болчу. Менин бир тууган жеңем төрөбөй жүрүп, улам баласы токтобой, Манас атанын күмбөзүнө барайын дегенде ыйлап, чындап ниети менен суранып барчу күмбөзгө.

Совет доорунда бизди атеисттик көз карашта тарбиялашты да «кудай жок» дешип. Мугалимдердин кээ бирлери ичтеринен кадимкидей эле келме келтирип  «кудай өзү кечирсин» деп туруп, анан кайра эле бизге «кудай жок» деп окутуша берчү экен да. Кийин мугалимдердин көбү өздөрү айтып жүрүштү.

Совет доорунда молдо, табып, бүбүлөргө болгон мамиле азыркы күнгө салыштырмалуу катаал эле. Табып, молдолорду союз убагында кармап, камап келип, айдап кесип. Ошондо биздин бул Жон-Арыктан Курманаалы деген чоң атабыз укмуш киши экен кыргызчылыгы жагынан. А киши аялы тон тигип жатканда ийне жок, ийне союз убагында аз экен да. Анан чоң атам: «Ээ, бачагар, чөп алып кел, чөп алып кел, анан чөп алган жериңди бил», – деген экен. Ийнеге чегерип он чөп алып келгенде, чоң атам баягы чөптөрдү тамагына салып, кайра чыгарганда, баягылар ийне болуп калчу экен. Анан тигип бүткөндөн кийин аялы кыйшаңдайт да, жоон ийне экен, экөөсүн алып калайын деп, ошондо чоң атам «алып кел бери, кыяматта менин ийненин көзүнөн өтө турган алым жок, мен аны кайра ордуна жандырышым керек» деп, кайра ордуна алып барып таштачу экен. Ал кишини апамдар «ийне жутар акебиз» деп аташчу экен.  Бул кишини да катуу куугунтукка алышкан, өз мезгилинде.