Сооронбаева Сонунбүбү (85 жашта): «Мен көрбөгөн кордук калган жок»

This post is also available in: Англисче, Орусча

Сооронбаева Сонунбүбү, Талас аймагы

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде
(
Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Мазар басып жүргөнүмө 70 жыл болду. Биз совет доорунда аябай куугунтук жеп, жылаңайлак эле жүргөнбүз качып. Биз Арашан ата мазарына баралы десек, милициялар мазардын жанына бирдеке коюп коюшчу, аны коюп койсо биздин сүйлөгөндөрүбүздү жаздырып алат экен да. Анан бирок милициялардын ичинде бизге келип көрүнүп жүргөн, катташкандар да бар да. Алар бизге айтып келчү баланча күнү тиги аппаратты коюп кетишти, мазарга барбагыла деп, анан биз барбай койчубуз. Ушинтип куугунтук жеп жүрдүк. Анан түнкүсүн жарга барганда бекинип барчубуз. Бакай-Атадан бир аял чыккан, райком болуп иштечү, К. деген. Оо биздин артыбыздан калган жок ошол аял. Анан Боотеректи да ошол аял кестирген да. Мазардын терегин ошол кестирген. Катындардын баары эле ошонун түбүндө олтурат, мен муну түбү менен түз кылып кестирип салам деп. Кестирип салгандан кийин эки буту иштебей өзү ооруп калды. Анан бирөөдөн айттырып жибериптир барайын деп жатам деп. Анан биз кереги жок, ошол мазарларды кестирип жүрө берсин деп койдук. Анткени жинибиз келди да. Мен ошентип Боотеректе болдум, Баба атада, Бач атада болдум, Ойсул ата мазарында болдум, Соотбулан мазарында болдум, бул мазар Ошто. Азыр ошол жерди оңдоп жатабыз деп айтышыт го. Бир миң беш жүз пайгамбардын башы ошол Соотбулан мазарында калган да. Ошол мазарга баратканыбызда артыбыздан милиция түшүп, айланайын корголоп кокту сайга бекинип кордук менен барып жүрдүк. Боз баба деген мазарга баратканыбызда артыбыздан милиция түшүп, Аксай деген жерге келгенде түшүп калып чогойнонун арасына бекиндик. Милиция кеткенче чогойнонун арасында бекинип отурдук, анан милиция кеткенден кийин жөө бардык. Оо аябай узак экен, көп жүрдүк. Анан Бозбабада 3 күн болдук. Ошентип мазарларга мен куугунтук жеп барып жүрдүм. Анан эми азыр кененчилик болду, кененчилик болгон күндө да бөлүнүшүп жатышпайбы.

Милициялар дин жок дешчү эле, кудай жок, кудайга сыйынбагыла дешчү. Орозо кармасак оозубузга нан тыгып ачтырышчу, кудай жок деп. Сталин кудай, Ленин кудай деп жүрүшчү. Мир мертебе Нылды атага бардык. Орозо учуру болчу, бир чабан бар болчу, ошол чабандыкында 20 киши отурганбыз. Жолдон кетип бара жаткан попутный машина менен барганбыз. Анан жар салып бүттүк, жарды бүтүп соордук ичип жаткан элек. Анан мен айтып калдым «Ай бир-эки жеңил машина кубалашып келе жатышат, ичинде бир агент бар болуп жатат, бириндеп качып кетелик» дедим. Ошентип айтсам Унут деген устатым «Качпайбыз, кайсыл жакка качмак элек» деди. Ошентип биз сүйлөшкөнчө эле эки машина келип калды. Анан ичибизден бир келин чыккынчы болуп жүргөн келин экен, ошол эшикке чыгып кетти. Анан тиги кишилер машинадан түшүп айнектин жанына келишти, анан мен булар сүрөткө тартышат деп кыңыр карадым, ошондо жылт эте түштү чындап эле сүрөткө тартып алышыптыр. Анан эшиктен дагы бирөө кирип келип баарыбыздын аты-жөнүбүздү сурап башташты. Эми анда милициялардан кудайдан корккондой коркчубуз да. Анан бирөө Шербет болуп, бирөө Бермет болуп фамилияларын өзгөртүп айтып жатышты. Анан мага келгенде мен Сооронбаева Сонунбүбүмүн деп, келген жеримди айттым. Өзүмдүн нак фамилиямды айттым. Эмнеге келдиңиз деди. Ата бабабыз өткөн жерге куран окутканы келдим дедим. Мен пенсиядамын, эркиндик өзүмдө дедим. Анан бизди баштап жүргөн Унут апа: «Сонунбүбүдөн сура, мен булар менен кошулуп келдим» – деди. Анан мен айттым баары бир атыңырдын баарын билишет, анткени арасында агент бар дедим. Анан эшикке чыкканда бардыгынын өз аттары белгилүү болуп калды, анткени ичибизде агент чыккынчы бар экен да. Анткени бизге Бакайата жактан бир Ж. деген милиция барып жүрчү. Анан мен ушул милиция айгак соо эмес, ушуга кол тийгизбегиле дечүмүн да. Анын атасы дөөпүр кармаган усталыгы бар болчу, мага дөөпүр түшүп жатат, баары бир ушул силерди карматып туздайт деп жүрдүм. Анан көрсө ошол экен, бизге келип жүрүп сатып кетпедиби. Ошентип карматкандан кийин тобубуз менен машинага салып жөнөштү. Алдыбыздагы машина Алексеевка жакка кетти, бирөө болсо аркабызда келе жатат. Анан Унут сууну кечирип өтүп кетебиз деди, ошентип Талас суусунан кечирип өтүп кетти. Суудан өткөндөн кийин баарыбыз түшүп калдык, машинада Унут эле калды. Унутту алып кетишип 3 күн Кировкада камашты. 3 күн түрмөдө отурду. Анан мындайда мындай болгон, тигиндейде тигиндей болгон деп милициялар беттешишип сүйлөшүшөт да. Анан ошентип Ж. менен, Унут менен беттешип келе жатканда Боотерек мазарына келгенде машинасы иштебей калат. Машинаны жакшылап карашса эч бузугу жок, таң калышат. Ошентип машинени ары-бери карашып, кете беришет. Анан Ж. кабинетинен уктап кетет. Анан жанына Унут болуп отуруп калат экен бирөө. Эмне отурасың шүмшүк деп бир муштап жиберсе эле Унут жок, бир аксакалчан карыя болуп түшүп кете берет. Анан ошол бойдон тиги милиция бутум деп боздоп келип, бутун 3 жолу кестирди, үчүнчүсүндө кестиргенде жоон санынан кестирип өлүп тынды. Анан ошол милициянын Н. деген агасы биз менен жүрчү да, эй сен буларга каршы чыкпа десе болбоптур да. Анан өлөөрүндө агасын чыкырып бийликти сага бердим, сенин тилиңди албай жүрүп бардык кордукту көрдүм дептир. Анан анын эки кызы Москвада окучу, алардын укугун сага бердим, тыйып кал дептир. Анан ошол милиция каза болгондо бизге да кабар келген эле, көрсө биз жакка да тууганчылыгы бар экен, бирок мен билбечү элем. Анан барсак боз үйдөн сүрөтүнүн илинип турганын көрүп «Ии өлүгүңдү көрөйүн» деп жибериптирмин го. Ошо милицияны жаман көрчүбүз да, биздин аркабыздан жүрүп каза тапкан.

Унут апаны 3 күн камашыптыр, анан ал айтыптыр, алар өздөрү келишкен, өздөрүнөн сура дешип. Биз 20 киши болчубуз, анан бизди 40 киши кылып чыгарышыптыр. Анан бизди эчтеке деле кылышкан жок, жөн эле үйгө келишип сурашты. Анан мен айткам, ата-баба өткөн жерге куран түшүргөнү баргам, эч кимди ээрчиткен жокмун, өзүмдүн бутум менен эле бардым дегем. Анан ар бир адам ушинтип жооп берди да.

Ага карабай эле мазарга барып жүрдүк уурданып. Ал эми көрүп калса аркабыздан куушчу. Анан милициядан укмуш эле запкы жедик. Бул жерде турган Ормон атага бара алчу эмеспиз милициядан коркуп. Анткени шак жолдон кармап алчу да. Жаныбызда турган Жанкороз абанын күмбөзүнө түн ичинде барчубуз. Дегеле мазарлардын бардыгына саат түнкү бирден кийин гана барчубуз. Анткени бирден кийин милициялар кетишет да, анан таңкы саат алтыда келип калчубуз. Ушундай кордукта жүрдүк. Ал эми азыр жакшы болду, андай жок. Кененчилик келгенден кийин карып, эч жакка чыга албай үйдө отурам.

Андан кийин кармалган жокмун. Милициялардын ичинен апасы, же эжеси, же сиңдиси бизге келип көрүнүп жүргөндөр бар да, анан көбүнчө ошолор айтып келишчү, баланча күнү милициялар келгени жатышат деп алдын ала эскертип турушчу, андан кийин кармалган жокпуз. Бирок ошондой болсо да качып бекинип барып жүрдүк, мазардан түк калган жокпуз. Бир жолу бир милициянын карындашын көрүп жүрчүбүз, ошону Манас атанын ордосуна алып бара жатканбыз. Аңгыча эле милициянын машиналары келип калды. Анан мен Айдайканды (устатты) карап айттым, эми бизди тигил жерге барганда эмне кылат деп. Барганда эле самоорлор кайнап турат, ошолордун чоргосун сууруп алгыла деди. Анан мен барып эле кайнап турган самоордун чөлмөгүн алып чөнтөгүмө салып койдум, суу болсо агып түшүп калды. Ошону менен биз ошол жерде отурдук, анан биз куран түшүргүчө эле дагы башка милициялар келип калышты. Анткени тиги милициялардан кабар барган да. Анан Күркүрөөнүн аялы бизге келип жүргөн, милициянын дарегин билчү да. Анан ал конторго барып биз ушинтип милицияга түшүп калдык деп телефон чалып коет. Анан ал карындашын алып келип жүргөн милиция өзү келип калды. Ал келип калып баарыбызды бошотуп койду. Буларды мен жибердим эле, булар менин карындашымды кармап жүрүшөт деп бошотуп жиберген. Ушинтип бирөө кармаса, бирөө бошотуп жиберчү.

Жолдо кетип бара жатканда биз дайыма милициядан коркуп дайыма попутный машиналар менен кетчүбүз. Чаткалдагы мазарларга жүк салган грузовой машиналарга түшүп кетчүбүз. Анан Чаткалга жеткенден кийин гана ошол жактан такси кармап Баба ата, Бач ата, Ойсул ата мазарларына барчубуз. Себеби бул жактан таксиге түшүп кетсек, көргөндөр ошол замат баланча таксиге түшүп кетти деп айтып коюшчу. Ошон үчүн чабандар менен байланыш болуп, ошолордун жүк ташыган машиналары менен кетчүбүз. Токтогулдагы Коргон ата деген мазарга да жолдо кетип бара жаткан машиналарга түшүп барып жүрдүк. Ушундай куугунтукта жүрдүк, ошондой болсо да мазардан калган жокпуз. Анан Боз бабага баратканда аркабыздан милиция келатат деп машина айдаган бала бизди түшүрүп койбодубу. Анан ал түшүрүп кеткенден кийин чогойнолорго бекинип калганбыз. Анан милициялар издеп таппай калгандан кийин мазарга жөө кеткен болчубуз. Анан Боз бабага жөө бардык, ал жакта эки түрлүү тажик бар экен. Анан ошол мазарда Көшөгө деген жер бар, ошол жерди бошотуп бер, биз зикир урабыз десек тажиктер бизге бербей коюшту. Биз дагы зикир урабыз деп. Анда биз 19 киши элек, мейли чогуу уралык, баарыбыз бузурман экенбиз дедим. Анан зикир учурунда тажиктерден бир аял тикеме-тике эле Унут менен зикир уруп калды. Экөө бири-бирин көтөрүп чабыш керек экен да. Тажик аял кулап түштү, биз болсо алардын кармашканын көргөн жокпуз. Эртеси күнү тажик аялга чапан жаап коюшуптур. Эмне болду деп сурасак, ооруп калды, силер оорутуп койдуңар деди бир кемпир. Өзү тилинен тапты да, соо турбайбы айтышпай эле, мазар көптүкү да, эркин эле турганда болбойт беле, эркин эле тургандар соо эле го, мазарда кармашпай эле койбойт беле дедим. Көрсө алар мазар биздики дегенсип кармашат экен. Мен күчтүүмүн, сен күчтүүсүң деп кармашышат экен. Анан күчтүүсү көтөрүп чабат экен.

Ошентип 28 жашымдан баштап эркиндик келгенче чейин куугунтукта жүрдүм. Ой тим эле мен көрбөгөн кордук калган жок. Мазарга такай түнкүсүн барчумун. Арашанга жалгыз түнүндө барып келчүмүн. Анткени бирөөнү ээрчитип барсам кармалып калам да. Айла жок Манас атага да жалгыз барып келчүмүн.

Караңгыда түнкүсүн мазарды жалгыз баскан күндөрүм көп болду, коркчу эмесмин. Мен жаш күнүмдө эчтекеден коркчу эмесмин. Себеби башка адамдар жаныма келбейт да, өзүм менен бирге эле кишилерим жүрөт да, ошолорго ишенип жалгыз кете берчүмүн. Мазарга барар барганча зикир уруп, анан келе жатканда да зикир уруп келчүмүн. Үйгө жатканга уруксат берилбейт да, анан айла жок мазарга барчумун. Азыр деле думаналык кесипти көрүп жүрөсүңөр го кандай кармалат, биз да ошентип кыдырып жүрүүгө муктаж болчубуз. Анан биз баягыда Ата бейитке барбадык беле, ошондо мен музейге кирбей отуруп калбадымбы, Токтош бизге киргенге уруксат берген жок. Музейге сүрөттөрдү коюп коюшса керек, ошон үчүн бизге кирүүгө уруксат кылган жок.

Милициялар го тартып алып туруп, биздин сүрөттөрүбүздү илип коюшчу, бул бүбү экен, бул бакшы экен дешчү, бирок андан деле эч олжо табышкан жок. Ошентип 3 жолу кармалган элек. Боотеректен бир кармалдык, Нылды атадан бир кармалдык, анан Манас ордодон да чала бучук бир кармалдык. Андан башка эч жерден кармалган жокпуз, жалаң качып кетчүбүз. Жада калса Талас суусунан да кечип өтүп кетчүбүз. Милициялардан кудайдан корккондой болуп коркчубуз да, милиция келе жатат десе тим эле каччубуз.

Тажикстандагы мазарларга качып барчубуз дедим го, ал жакта куугунтуктоолор жок экен, алар эркин эле мазар басышат экен. Бизде эле Таласта куугунтукташкан. Баба ата, Бач атада эркин, ал жакка бардыгы түнөшөт, эки шайыгы бар экен. Келген элдерге жол көрсөтүп, жол тосуп айтып берип турушат экен. Ушул бизде Таласта эле куугунтук болсо керек. Таласта бузулган милициялар көп болгон да. Мен кармап келип жакшы көрүнөм дегендер көп болгон да. Же бизди кармап согумга сое тургансып.

А жанагы баарыбызды эмес, Унут апаны гана камакка алышканы, устат дешти да, баарын чыкырып жаткан аял ушул деп ойлошчу да. Чыкырып элдин баарын бузуп жатат дешчү эле да. А бирок ар бир адам өз башына кожоюн да. Ал эми биз болсо машинадан түшө качып, сууну кечип качып кетип жатпайбызбы. Ал эми Унутту устат деп кармап калышчу. Анын Кировкада бир эжеси кызматта иштечү, Бейшенаалы дубананын келини болчу, ошол көп жардам берди, чыгарып алчу да.

Эң биринчи мен Унут апада 7 жыл жүрдүм, устатым болду. Бирок эч жылыш болгон жок. Анан өзүмө айтылып калды ага барба деп. Анан ага барбай калдым, бир жыл токтоттум. Анан мага көрсөтүлдү өз уругуңардан үч адам удаа чыгасыңар деп. Анан үч адам ушул айылдан удаа чыктык. Мен, Айдайкан, анан Буруш деген адамдар болчу. Экөө кайтыш болуп кетти.

Устат деген сенин адамың тигил экен, кишиң бул экен деп айтып, жол көрсөткөн адам. Мен Айдайкан менен болуп турганда ар бир темселеп келген сокурлар да айыгып кетип жүрдү. Жинди болуп өзүнүн этин өзү тиштеп жеп койгондор да айыгып кетип жүрдү. Аларга жар салчубуз. Мен Айдайканда 25 жыл болдум. Ал менин өзүмдө турган жолду көрсөтүп берди. Устачылык кесип менин аталарымда да бар болчу. Чоң атамда да, өз атамда да. Чоң атамда мындан сырткары табыпчылык да, тамырчылык жагы да бар болчу. Түркүн-түркүн ооруларды айыктырган адам болгон. Анын 7 баласы түкүрүкчү болушкан. Негизинен бул касиет өзүмдүн ата-тегимде бар болчу да. Анан бул жерге келгенде чоң кайын энем чоң бүбү экен, анын абышкасы мечит кармаган калпа экен. Өзүмдүн кайын атам да молдо экен. Дагы оор жерге келдим да, эки жактын касиетин каякка чаап кете алам, кармашым керек болуп калды.

Өзүм эч кимге устат болгон жокмун, калп айта албаймын. Бирок кармаган кишим айыгып кетип жүрдү. Устат деген адам сенин адамың бар экен, мындай учурда муну иштешиң керек деп баарын таасын айтып милдетин алат. Молдолорго окшоп милдетин алышат. Анын милдетин алыш оңой эмес да. Мен сенин ооруң мындай экен деп келген кишиге айта алчу эмесмин. Анын жүрөгүн оорутуп эмне кылам айтып. Ал кишиде 25 жыл болдум, 25 жылдан кийин а киши кайтып кетпедиби. Анан мени менен жүргөн Буруш деген да кайтып кетти. Анан кайтып кеткен адамдын аркасынан ар нерселерди айтып азабын тарткым келбейт. Анын мага кереги жок. Ал да билгенин айтып өтүп кетти да.

Leave a Reply