Назекова Күкүн (74 жашта): «Кыргызчылык деген кудайдын салганы да…»

This post is also available in: Англисче, Орусча

Назекова Күкүн, Талас аймагы

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде
(
Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Совет доорунда аңдып, 3-4 жыл катуу куугунтукташты. Киши көрдүрбөй, мазарга бардырбай, ушундай нерселерге тыюу салган да. Элдер түндө келип көрүнүп кетишчү. Эми кыргызчылыкты кармаганда ар кандай адамдар болот да, кээ бирөөлөр догдурдан айыга турган оорулууларды кармап олтура берет, айыгасың, жакшы болосуң деп догдурга жибербей, анан анын убактысы өтүп кетип, каза болуп калат же дагы бир нерсе, анан кыргызчылык кылгандарга барбагыла деп кыйкырып чыгышат. Силер эмнени билесиңер, догдурлар турганда силер неге көрөсүңөр деп анан бизге руксат беришчү эмес да. Төрөткөндө коркушчу кан көп кетип калат деп. Бирок мен жүзгө жакын аялды төрөттүм, кудай сактасын, баары аман-эсен жакшы болуп кетишкен. Чынында эле догдурлар айыктыра турган оорулар бар, кыргызчылык жолу менен айыга турган оорулар да бар. Күчүң жетпесе догдурга же башка бирөөгө бар деш керек.

Ал убакта шаршемби, бейшемби сайын барып турчумун. Манас атага, Боотерекке, Каныкей апанын булагына көп барып турчумун. Эми ал кезде мазарга барып келиштин өзүнө убакыт аз болчу, коркуп, качан кимиси келип калат деп, бирок ошондо да аракет кылчубуз зыярат кылганга.

Совет доору узак мезгилге созулуп, ушундай нерселерге тыюу сала берсе деле кыргызчылык түп-тамыры менен жок болуп кетмек эмес. Жок, эч тыйылбайт, жок болуп кетмек эмес, бул эми кудайдын салганы да бул нерсени эч ким токтото албайт. Азыр баары чөп менен дарылап жатпайбы, мумуя жарааттарга жакшы. Илгери жаныбарлар бир жери жаракат болуп калса, барып ошол мумуяны жешкен, аны кийин адамдар байкап, анан жарааттарга мумуяны колдонуп калышкан.

Куугунтукталып, ага болбой мазар басып жүргөн кезимде ата-энем жакшы эле карады, каршы болгон жок, тегерегимдеги адамдар каршы болду. Мен көп мындай куугунтук жеген жокмун, бир-эки келишти сиз ушундай кыргызчылык кылат экенсиз деп. Мен: «Жо-ок айланайын, жөн гана кирне салам, болду башка эч нерсе кылбайм» – деп койгом. Адегенде көрүнөм, мени карап бериңиз деп келди. Мен байкадым да: «Жок, чоң кишилерди карабайм, кичинекей балдарга гана кирне салам» – деп койдум. Негизинен мурда милициялар келишчү да, анан ал жолу келген киши мындай эле гражданча кийинип келген экен атайы кармайын деп. Эми аларды да жиберип жатты да, бөрк ал десе баш кескендер көп болгон.

Ал кезде Кыргызстандан башка мазарларларга, сыртка чыккан жокмун. Бир темселеп жүрүп бир жолу мынабу Жамбылдагы бир мазарга барып калыпмын. Бир күмбөз бар экен да, ичине кирип барсам эле шайыгы бар экен, куран окуп анан чыккам. Аларда шайык олтурганга караганда, андайга руксат берилчү го.

Устатым – Кировкадагы Мыскал деген жапжаш кыз эле. Мен илгертеден эле бала-чака кармачу элем, кырк жашка келип калганда бир Мыскал менен олтуруп калдым, анан «ак кийиңиз, ооруп каласыз, кандай оору болсо да караңыз» – деди. Устатым мага бир жолу эле ак кийгизди дагы, бир жолу мазарга алып барды. Дегеле ойлойм, адамда бир эле устат болушу керек.

Шакиртим жок, шакирт чыгаргандан корктум. Аны дагы аягына чейин кармабаса, жолго түшүп кетпесе, таза кармап кетпесе кыйын. Устат болгондон кийин аны ошончо карап турушуң керек, устатынан шакирти кыйын чыгышы керек, ошол даражага жеткириш керек. Өзү дагы өздөштүрүш керек, багыт бериш керек.

Мындай жолдо жүргөндөн кийин устат болуш керек. Кыргызчылыктын жолу көп да, бирөөлөр айтымчы болот, башкалар жалаң чөптөн дары жасайт. Мисалы, айтымчы болсо ал айта берет, айтпаса дагы болбойт. Анан устаты айтат, сен антип элдин көзүнчө айта бербе, акырын өзүн чакырып алып айт деп. Кандай кылып айтуунун жол-жобосун көрсөтөт. Устат болбосо жолун таппай калат, табыпчылык деген ар кандай да. Мага устат болуңуз дегендер да болду. Мен кудайдын иш-аракети менен жүрө бер деп коём, аны шакирт кылып алганда деле ошондой деңгээлге жеткириш керек да, ал алып кетсе жакшы, алып кете албай калсачы.

Leave a Reply