Зыяратчы Унут: «Чокунганды жасасак, биз жакмакпыз аларга»

This post is also available in: Англисче, Орусча

Унут-апа, Талас аймагы

[Бул текст Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде
(
Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

Азыр 75ке карап калдым, кыргызчылыкты 27 жашымда моюнума алгам.

Совет доору мазар басууга абдан көп тоскоолдук кылган. Орустар молдо менен бүбүнү куугунтукка салган, бизди алдамчысыңар деген. «Догдур турат, аларга баргыла, молдо, бүбү дегендин бизге кереги жок» – дешкен. Биз жаш убагыбызда молдолорду Сибирге айдап, он жылдап түрмөгө кескен. Мени да суракка алган. Ошентип өзүбүздүн кыргыздын динин жок кылып, бизди оруска оодурабыз деген. Чокунганды жасасак, биз жакмакпыз аларга. Биз болсо «кудай» деп беш убак намаз окудук.

 

Эгемендүүлүккө чейин мени суракка алды. Бир күнү Кировкага чакырып жатат деп бир милиция келди. Анан мен соо чакырбаганын билдим, барсам, «Алып келдиңби бүбүнү?» – деди ичтен, кирсем прокурор экен. Анан столго олтурсам мени бир тиктеп алды, жаш бала экен. «Мени сени бир кемирейген кемпир экен десем, кудай ургур жапжаш болуп туруп эмне элди алдап жүрөсүң?» – деди. «Кудай сени урабы же мени урабы? – дедим. – Сен эмне кудай ургур дейсиң, аны Алла таала өзү билет, кимди урат. Оозуңа карап сүйлө» – дедим. «Безилдеп, корко турган түрү жок муногунун» – дейт. «Сен эмне менин жараткан кудайым белең, менин жанымды кудай эле алат, мен бир кудайдан гана корком – дедим. – Мени сен эмне күнөөм үчүн чакыртып сурап жатасың? Жети атамдан бери келе жаткан бул касиетти менин албаска эч кандай айлам жок. Кудайдын алдында мен ушуну айтам». «Бүбүсүңбү?» – деди, «бүбүмүн» – дедим. Муногуну безилдетпей алып барып түрмөгө кама деди. Үч күн түрмөдө олтурдум, төртүнчү күнү бир тууганым келип чыгарып кетти.

 

Бир мезгилде менин өзүмдүн эле сиңдим мага деп КГБдан бир бала келсе, ошону жибериптир. Биз Бозтектирге баралы деп жатканбыз, мен машина таап келем деди. Мен машинаны өзүм эле таап алам деп койдум. Анан биз Бозтектирге барып калсак, артымдан барды. Ошондо зикир башталып, ошол баланы айтып жатканда нары жактан бирөө сүйлөп жиберди, зикир бузулду. Зикир бузулгандан кийин эч нерсе көрө албайсың. Ошол баланын башын кармап туруп: «Жаш экенсиң, бирок жаш болсоң дагы кишиге жакшылык кылбаган бала экенсиң» – деп жаңы эле айткам. Ошо менен баары айтылмак да, мени аңдыганына чейинки иш-аракеттери айтылбай калды.

Ал убакта менде бүбү көп болчу. Анан бир милиция келди, бул бүбүлөрүңдү алып кетем деп. «Айланайын балам, буларга тийе көрбө, булар да кудай деп өздөрүнүн жаны үчүн жалынып жүрүшөт. Булар да бир гана кудай дейт да, андан башка эмне кылышат» – дейм. Кийин көп өткөндөн кийин бир милициянын баласы беш жашта экен, тили буулуп сүйлөбөй калыптыр. Бир дос милициясы айткан экен, бул жакта бир эже бар, ошого алып баралы деп. Бала үч жолу зикир чалынгандан кийин сүйлөп калыбына келди. Анан кийин мага бир жоолук салып кетти. Анан кийин ошол милиция келип мени кармабадыбы. Адамга сооп, жакшылык жок. Ошондо эшикти ачып кирип келгенде көзү-көзүмө чагылыша түштү. Анан мен кийин айттым берки балага: «Алып келген балаң келип алып, мени кайра өзү кармады» – десем, ал барып тигини өлөрчө тепкилеп салыптыр. «Балаң дудук болуп турганда жакшы эле эжем. Анан балаң сүйлөп калгандан кийин өлбөй эле бери жакта туруп турбайт белең деп айттым» – дейт. Ошондон кийин элден көңүлүм аябай калды.

Ошол убакта элди көп карабай калдым. Болбосо ар бир бейшемби күнү 70, 80ден эл келер эле. Анан элден менин көңүлүм калып калды. Караган менен болбойт экен деп, жек-жаат, уругумду гана карай баштадым.

Азыркы бүбүлөр жанынан киши өтүп, кыйкырып, өкүрсө дагы зикири бузулбайт экен. Азыркы бүбүлөргө таң калам. Анан дагы эки, үч жылга жетпей эле булардын көзү ачылып кетет экен, ак кийинишип деги эле. Бул иш өзү аябай оор нерсе. Беш убак намаз окуш керек, ушак айтпаш керек, уурулук кылбаш керек. Муну түшүнбөгөн кишилерге миң айтсаң да, түшүнбөйт.

Совет учурунда азыркыдай соо адамдар барчу деле эмес, ооругандар барчу. Башы оорубагандын кудай менен иши жок да. Ал эми азыр болсо мазарларга барсаң, ар кандай шумдукту көрөсүң. Бирок өзүбүздүн динибизди сактап калганыбызга мен абдан ыраазымын. Ошол убакта биз орустар менен кошо жашай бергенде, ажалыбыз жетип өлгөндө келме айта албай калат белек. Эски молдолор өтүп жаңы молдолор чыкпай калат беле деп ойлочу элем. Биздин динде уурулук кылба, кишиге жамандык кылба деп айтат экен. Колуңда болсо колунда жок адамга каралаш дейт экен. Орустун үйүнө барчы, кел деп айтаар бекен. Бирок орус деле биз менен бир тууган. Болгону алар өз кудайын өзү алып коюп, каапыр болуп калган. Баарыбыз Адам ата, Обо энеден жаралганбыз. 24 эгиз тууган. Бир-бирине ооштуруп баш коштурган кудай. Орустар гана өзүмдүкүн өзүм алам деп жүрүп, көздөрүнүн көктүгү өздөрүндө гана сакталып калган.

Куугунтуктап турган учурда мазарга Алла таалам мени жибергенде кете берчүмүн. Бирок, түн ичинде барчумун. Бир күнү эле алтүндө күздүктү аралап, жашынып бара жатсак ит улуган үн угулду. Анан бир убакта жаш баланын ыйлаган үнү угулду. Боотерек атага жетип калган учурда аркабыздан куугунтук машина барып калды. Күздүктүн арасына кире качып, ошол жерде олтурдум. Алар келип светтер менен Боотеректин туш-тушунан издешти. Ошондо Боотерекке жетпей кайттым. Көрсө ит улуганы бул мага белги берип жатканы экен. А жаш бала ыйлаганы болсо кудай тилегиңди кабыл кылды, кайт деп жатканы экен. Аны мен түшүнбөй эле, мазарга жетип кайтам дегем. Түндө чыккам, саат ондо, ошондо таңга маал үйгө келдим.

Бизди куугунтукка алган адамдардын өздөрүнө анын терс таасири тийди. Мени камаган прокурор экөөбүз кудай ургур деп бир-бирибизди тилдешип калдык. Ошол бала бир айга жеткен жок. Ошол конторунан жан берди. Алар ошол өлүмдүн сырын сезген жок. Тоскоолдуктарга карабай мазарга барып жүргөнүмдө ата-энем, балдарым, эч ким каршы болгон жок мага. Бардыгы динге ишенген адамдар.

Эгерде эгемендүүлүккө жетпей, куугунтукка алып, тыюу сала берсе кыргызчылык түп тамырынан жоголуп кетмек. Биз өзүбүздүн динибизди таштап, орустун динине кирип кетмекпиз. Түшүнбөгөндөр азыр деле кирип кетип жатпайбы башка динге.

Кыргызчылык жолуна түшкөндө, жогорку Ленин колхозунда Каныкей деген чоң бүбү болгон. Мен оорудум, элден угуп бардым. Мен ошондон айыктым, ал мени жолго салды. Ал бүбү көзүмдү чала ачып, кайтыш болуп кетти. Анан мен устаты жок жетим калдым. Башка бүбү-бакшынын баарын кыдырып көрдүм. Анан мен Баба атага барып, жолго түштүм.

Кыргызчылыкты мойнуна алган кишилердин устаты, сөзсүз, болуш керек. Устат бул – сенин бара турган жериңе жол көрсөтүп бериш керек. Ал мени жолго салыш үчүн менин адамдарымды[1] тааныта алгандай болуш керек. Устаттык биздин ата-бабаларыбыздан калган. Устатка кырк жыл кызмат кылсаң дагы эмгегинен кутулбайсың деген.

Азыр менин шакирттерим көп Таластын баш аягында.


[1] Колдоочуларды, пирлерди, ээлерди деген мааниде.

Leave a Reply