Жумакеева Сакен

АЛ ЗАПКЫНЫ ӨЛГӨНЧӨ ЭСКЕРЕМ.

(Ибраимова Зариманын маегинин негизинде).

Совет доорунда бизге тоскоолдук болгон, болгондо кандай, айланайын, кагылып кетейин, жаман болду, бизди 1987-жылдары го ушу, сүрүп, ошол убакта кыргызчылыкка тим эле кылыч менен сайгандай сайып, аябай кубалады го бизди, ай бай-бай-бай. Бизди үйгө да түнөтпөй койду го, мазарга барсаң мазардан кармап, базарга барсаң базардан кармап, алдыбызды камап, аябай кыйнады го. Мазарга барбагыла, эч нерсеге ишенбегиле деп, кыргызчылык кылып мазар-очокко баргандарды, кыдыргандарды кубалап, молдолорду кубалап. Эми биздин түшүнгөнүбүзчө кыргызчылык болбосун деген болуш керек. Молдолорду да кубалап ушундай жаман болбодубу, кагылайын. КГБ дегени оорулуу өңдөнүп бизге келип, анан кармап жүрүштү. Мен дагы кармалып калып, анан суралып чыгып кеттик го. 3-4 ай кууп жүрүп анан кармашкан, анан сурак жүргүздү, алдыбызды камады, беш күн жатып чыккандар бар. Маалымат алабыз деп келишти, жарыңызга түшөбүз деп келип жүрүштү. Алдап кармашкан да, мисалы, мен өзүм нак колго түшүп берген жокмун. Бирок мени да аябай кубалашты, мазарга барсам мазардан, үйгө келсем үйдөн кубалашты. Мазардыкы го түшүнүктүү, үйдөн киши көрбө деп кубалайт да. Адамдар келсе «булар эмне келип олтурат, сен буларга кыргызчылык, бүбүчүлүк кыласың» – деп киши көргөнгө да тыюу салган. Аябай бизди жаман кубалады жаш кезибизде, жаш экенбиз, ошондо дагы баарын көтөрүп кеттик го. Үйдөн кубалаганда ар кайсы жакта качып жүрдүм. Үй бетин көрбөй жүрдүм го. Өкмөт тарабынан деги эле бизди түшүнүү болгон жок. Талаалап жүрүп эптеп ошолордон кутулдум, колдоруна түшпөй жүрүп кутулдум.

Мазарга барганда зыярат кылабыз, куран окуйбуз, кудайга жалдырайбыз, ыйлайбыз-сыктайбыз, анан барган кишилерди кармайбыз, эм-дом кылабыз, бизден эмес кудайдан деп. Жакшы болуп кеткендер биринчи кудайга, анан бизге ишенип келе берет.

Куугунтуктун үстүндө жүргөндөн кийин коркосуң да, мазарга барганда он киши сага көрүнөм деп олтурса бешөөн карасаң, бешөө калат. Эми ал кезде жашпыз, мазарга барбай коёюн десең да болбойт. Мына эми-эми барбай коё алабыз, карылык келди.

Бу кыргызчылык канда бар, ата-бабаларда бар нерсе бирге картайып биз менен кетип калса дейбиз, ага болбойт да, балдарымдын бирөөндө калат. Кыргызда бир макал бар:  «Жети атаңда бар болсо жетелеп жүрүп жолго салат. Алты атаңда бар болсо аркалап жүрүп жолго салат», – дейт. Анын сыңарындай бул ата-бабадан калган нерсе болбойт, токтобойт. Жашыраак кезибизде ушу алып-учуп эле толкуган суудай болуп турчубуз. Бизге окшогон кыргызчылыгы бар адам мазарга барып, кудай бир нерсе көрсөтсө көрөсүң, аян көрөсүң, күч пайда болот, кандайдыр бир сергек болуп каласың, анан ошол үчүн барасың.

Мазарга элдин каттамы ал убакта көп болучу азыркыга караганда, азыр дагы эки-үч жылдан бери көбөйүп калды го, элдер бир аз кудайга сыйынып, мазар-очокту кыдырып калды го. Эмесе андан бери безге сайгандай болуп кыргызчылык жолго эч ким барбай калган. Ошол убакта жаңыдан ушул жолго түшүп келе жаткандардан коркуп кайра жолго түшпөй койгондору да болгондур, айланайын, ким билет, көрүштү го, ошол убакта көптөгөн биз кудай менен сүйлөшөбүз дегендер жоюлуп кетти го.

Совет доорунда мазарга бейшемби сайын эле бара берчүмүн, анан атайын убактысы жок деле оолукканда эле кете берем. Бир жумада эки жолу уурданып-суурданып бир күнү тиги жерге жатып, бир күнү бу жерге жатып, түндөп-күндөп бара берчүмүн. Куугунтуктаганына карай албайсың, алардын аңдыганына карабай кете берчүмүн, кантип карайсың? Бул нерсени мен дайыма айтам, кыргызчылык дегениң өлгөндө калбаса мындай калбайт.

Совет доору дагы узак мезгилге созулуп, мындай нерселерге тыюу сала берсе кыргызчылык түп-тамыры менен жок болуп кетиши мүмкүн беле деп өзүмө-өзүм суроо деле берем. Жоголбогондо эмне. Дагы кудайга шүгүр, он жылдан бери кайрылып, бардык кийинкилер минтип мусулманчылыкты издеп калбадыбы. Орустун жолуна түшүп алып, алар орустан да ашып кетти. Бизден бардык ачык маалыматты алганга уруксат берген кудайга шүгүр.

Куугунтук жеп, ага болбой мазар басып жүргөн ал мезгилде ата-энем жок болчу, бир туугандарым туура түшүндү. Кыргызчылык мындай, бир атадан он бала болсо онун тең айландырат. Айландырып-айландырып, анан кайсынысына кудай оомийн десе, ошол кармап кетет. Анан ар ким өзүнөн коркот да, сен алсаң экен, сен алсаң экен дешип. Башка туугандарым да жакшы, баары түшүнүштү.

 ыкапкыны өлгөнчө эскерем”, Менин устатым биринчи – кудай, экинчи – Боотерек мазары. Мен устат деп деле кармаган жокмун. Биздин жаш кезибизде, отузга жетпей жыйырма төрт-жыйырма үч курагыбызда, тиги Таластан нары Ленин деген жерде Каныкей деген бир кары киши бар эле, ошол кишиге мен жети жолу баргам, ошол кишинин айтымы менен анан кудай оомийн деп жолго түшкөм. «Биринчи кудай, экинчи мазарың Боотерек болот, балам. Ошол жерге күндөп-түндөп бара бер, ыкласыңды коё бер», – деп руксат берген ошол кишинин айтканы менен калып калдым, башка жакка көп чуркаган жокмун. Менин атам раматылык өзү дагы Боотерекке көп келчү. Ошондо мен болжолу он жашка жетпеген убагым болуш керек, атам 46-жылы кайтыш болгон. Атамдын этегин кармап жүрүп, анан атам өтүп кеткенден кийин кутулуп калдым, калып калды. Анан ошол Боотерекке көп келээр эле, анан тиги кишиникин салыштырсам атам экөөнүкү оро-пара дал келип калып жатпайбы. Анан Каныкей апаны устатым дейм, ошонун айтканы менен болдум. Ал тууралу бир уламадан уккам да, ушундай бар дегенинен анан баргам, кайсы жылдары бардым, 1961-жылдары бардым го.

Өмүрдө далай шакирт күттүм. Шакирттер бар болчу кагылайын, баары кетти. Болгон шакирттердин азыр бир азы келип турушат, келбей калгандары да бар. Биринчи аларга жолду кудай көрсөтөт, анан мага келип, ээрчип, менин айткандарым менен болушат, кылгандарымды кылышат.

Устат менен шакирттин байланышы, менимче, оогон төөнүн жүгүн оңдогондой. Кеп ошондо. Бир жакка ооп баратса оңдогондой да, кыргызчылыктын байланышы ошондо. Андай-мындай деп жол көрсөткөн биринчи – кудай, экинчи – устат.

Шакирттердин ар кимиси ар кандай болуп келет. Айрымдар угуп келет, кээ бирлер аянында көрүп келет. Бишкекте бир балам бар, анын да кыргызчылыгы бар, бечара жакшы кармай албай жатат. Мен ага зор кызмат кылган жокмун. Өзү аянында көрүп таап келген, ишенип издеп келген, улам бир жерге барып, «жок, бул байбиче эмес болчу» – деп, анан ушул апа болчу деп келген. Өзү ишенип кудай жол көрсөтүп келип турат.

Шакиртти, балам, эгерде анын аяны күчтүү болсо, Алла таалам оомийн десе көп деле кармабаш керек, шакирттин жети оймосуна кызыгып кармай берсең, күнөө тапкандан башка пайда таппайсың. Анын жылы жок, жарым жыл, бир жылдан кийин аяны күчтүү болсо, жакшы жүрүп, жакшы турса, таза болсо болду, өз алдынча кетсин, ал дагы өз тирилигин кылсын, жөн эле кармай бериш болбойт. Устаттын жоопкерчилиги – шакиртти чоң жолго салат да, багыт берет, мазарларга алып барат. Ошол адам андан ары алып кете алабы, кармап кала алабы, ал өзүнөн, анын да түйшүгү бар да. Эми балам, кыргызчылыкта жүргөндө шакирттери болуш керек го. Молдо деле өзү эле молдо боло бербейт да. Өзүнөн чоң илимди билген адамга барат, анан ага да шакирт келет ушундай да.