Жети-Өгүз району

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр”

(Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

1. Ак-Булак мазары

Богатыровка айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – сары тал жана булак. Мазар Богатыровка айылынын түштүк тарабында сайдын боорунда  орун алган. Богатыровка айылынан чыгып, түштүк тарапка болжол менен 3-4 чакырым басканда, орустардын мүрзөсү көрүнөт. Мүрзөнүн маңдайында мазар жайгашкан.

2. Ак-Терек мазары

Тамга айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – үч ак терек. Тамга айылынын четиндеги «Жемчужина» эс алуу жайынын маңдайындагы жол менен тоону көздөй болжол менен 5-6 чакырым аралыкта, сайда жайгашкан.

3. Арча мазары

Ак-Дөбө айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жалгыз тик өскөн арча, тегерегинде эч нерсе жок. Ак-Дөбө айылынан Боз-Бешик айылына кеткен жолдо болжол менен 2,5-3 чакырым аралыкта Оргочор боорунда жайгашкан. Жолдо жалгыз курулуп бүтө элек топурактан согулган там көрүнөт. Ошол жерден тоону көздөй чоң кокту башталат. Ошол кокту менен болжолдуу 800-1000 метр аралыкта, 250-300 метр бийиктикте жайгашкан.

4. Арча мазар

Боз-Бешик айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – топ тоголок болуп жайылып өскөн арча. Боз-Бешик айылынан Ак-Дөбө айылына кеткен жол менен 3 чакырым 300 метр жүрүп көл тарапка бурулуп, дагы 900 метр аралыкта мазар жайгашкан.

5. Базарбай-Булак мазары

Тосор айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – топ көп теректер жана булак. Тосор айылынан Тамга айылына кеткен жол менен 400 метр жүрүп, күн чыгыш тарапка бурулуп, ошол жол менен 1-1,5 чакырым жүргөндө кашар бар. Кашардан бир жол кетет. Ал жол менен 5-6 чакырым жүргөндө, тоонун этегинде экинчи кашар бар. Кашардын артынан беш сай өтүп, бешинчи сай менен тоону көздөй кеткенде, тоонун этегинде 200 метр бийиктикте мазар орун алган.

6. Бугу-Эне мазары

Жети-өгүз айылы, Жети-өгүз курорту

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – эки мүйүз болуп өскөн карагай бадалы. Жети-өгүз курортуна бара жаткан жолдо Жарылган-Жүрөк тоосуна жете бербей 100-200 метр аралыкта, Жарылган-Жүрөк мазарынын жанында, суунун жээгинде жайгашкан.

7. Булак мазары

Жети-өгүз айылы, Жети-өгүз курорту

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – эки карагай, булак жана эки жолборстун айкели. Жети-өгүз курортуна киргенде, почтанын жолу менен күн чыгыш тарапты көздөй 100-150 метр аралыкта орун алган.

8. Жалгыз-Терек мазары

Ак-Терек айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – бир чоң көк терек. Жалгыз-Терек мазары, Ак-Терек айылынын күн чыгыш тарабында, айыл коргонунан бир чакырым аралыкта жайгашкан. Коргондун жанынан жалгыз теректи көрсө болот.

9. Жаркынбай-Ата мазары

Жеңиш (Чычкан) айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жерге жайылып өскөн арча. Ак-Терек айылынан келе жатып, Жеңиш айылына киргенде эле, чыгыш тарапта кызыл кирпичтен эки чоң кабат үйлөр курулуп жатат. Ошол үйлөрдүн арты менен жүрө бергенде, болжол менен 100 метр аралыкта жайгашкан.

39. Жарылган-Жүрөк мазары

Жети-өгүз айылы, Жети-өгүз курорту

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – сары тал. Жети-өгүз курортуна бара жаткан жолдо Жарылган-Жүрөк тоосуна жете бербей, 100-200 метр аралыкта Жети-өгүз суусунун жээгинде орун алган.

10. Жаңгак мазары ( же Талып-Акун-Ата мазары)

Чырак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – бир чоң жаңгак жана бир кара тал. Чырак айылынын мектебине жете бербеген жерде почта турат. Почтанын оң жагында эски мектептин пайдубалы бар. Анын жанында мазар бактары жайгашкан.

Илгери Талып Акун ата мектепти өзү салган экен. Колунан көөрү төгүлгөн уста киши болуптур. Мазар мектептин жанында жайгашкандыктан ушул кишинин ысымын алып калган.

11. Жетиген мазары

Кичи-Жаргылчак айылы

Кароолчусу – Исмаилов Мыктыбек

Мазардын түрү – чоң мажүрүм тал жана эки булак. Кичи-Жаргылчак айылынын алдында, көлдүн жээгинде жайгашкан. Чоң мажүрүм талга көлдүн суусу жетип, талдын түбүн жууп турат. Чоң мажүрүм талдын жанынан эки булак чыгып турат.

12. Жылуу-Суу мазары

Саруу айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – сары тал. Саруу айылынан 20 чакырым аралыкта Жылуу-Суу курортуна так эле кире бериште жайгашкан. Сары талга көп чүпүрөк байланган.

13. Зеленый Гай мазары

Зеленый Гай айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жалгыз чоң мажүрүм тал. Липенка айылына жете бербей, болжол менен 500-700 метр жолдун күн чыгышында жайгашкан. Жолдо Кой-Сары аскер заводу бар. Ошол жол менен жүрө бергенде, эки кой кашардан өткөндө, оң жакка бурулуш кетет. Ошол жолго түшүп, бир аз жүргөндө дагы бир кашар бар. Ал кашардын күн чыгыш тарабында жалгыз чоң мажүрүм тал көрүнүп турат. Ошол тал мазар болуп эсептелет.

14. Ичке-Булуң мазары

Ичке-Булуң айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – эки сары тал. Ичке-Булуң айылынын почтасынын оң капталынан талаага кеткен жол менен болжол менен 100 метр аралыкта жолдун сол бетинде жайгашкан.

15. Көк-Терек мазары

Жети-өгүз айылы, Жети-өгүз курорту

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жалгыз кичине көк терек. Мазар Жети-өгүз курортунан Жети-өгүз капчыгайын бойлоп, болжол менен 1-1,5 чакырым ден кийин тоонун кырында жайгашкан. Жанында Жети-өгүз суусу агат. Сууну бойлоп эки көпүрөдөн өтүп, 50-70 метр басканда, суунун аркы бетинде Узун Молдо ажынын эстелиги турат. Жол бойлоп 100 метр басканда, көк терек капчыгайы башталат. Көк-Терек капчыгайы башталган жерде мазар жайгашкан.

16. Көл-Булак мазары

Чоң-Жаргылчак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Көлгө жанашып турат. Бишкек-Каракол жолуна жакын, Чоң-Жаргылчак айылынын аялдамасынан 15 метр.

17. Кайрымдуулук мазары

Жети-өгүз айылы, Жети-өгүз курорту

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жалгыз узун карагай. Жети-өгүз курортунан Жети-өгүз капчыгайына кире бергенде, күн чыгыш тарапта 50-70 метр бийиктикте тоонун чокусунда жайгашкан.

18. Кара-Дөбө мазары

Дархан айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – кичирээк кара дөбө. Дархан айыланан түндүктү карай 5 чакырым аралыкта көлгө жакын жайгашкан.

19. Карга акенин күмбөзү

Дархан айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – Карга аке коюлган жер, кийин жаңыланып күмбөз салынган. Дархан айылынын күн батыш жагында, Бишкек, Каракол жолунан көлдү карай 2 чакырым аралыкта жайгашкан.

20. Киндик-Дөбө мазары

Кичи-Жаргылчак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – түз жерде киндикке окшоп кеткен тоо тегереги түздүк. Кичи-Жаргылчак айылынан тоону карай 25 чакырым аралыкта тоодо жайгашкан.

21. Кулаган-Таш мазары

Светлая Поляна айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – чоң таш жана эчки тал. Таштын бетинин узун-туурасы болжол менен 10 метрге жакын. Жанында эчки тал өсөт. Светлая Поляна айылынын жанында Сүттүү-Булак деген айыл болгон, бирок ал айыл Светлая Полянага көчүрүлүп, жери да ошол жакка карап калган. Светлая Поляна айылынан 3 чакырым аралыкта Сүттүү-Булак коктусунда, суунун аркы өйүзүндө мазар жайгашкан.

22. Кулбура коктусундагы мазар

Ырдык айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – 7 көк терек. Ырдык айылынан түндүк чыгышты көздөй болжол менен 5-6 чакырым сууну бойлоп жүргөндө, чыгыш тарапта үчүнчү кокту көрүнөт. Ал Кулбура коктусу. Коктуга кирип, 80-100 метр басканда, көк теректер көрүнөт. Ошол теректер мазар болуп эсептелет.

23. Куш мазары

Жети-өгүз айылы, Жети-өгүз курорту

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – бутагы сынган чоң карагай, булак жана сары тал. Жети-өгүз курортуна кирип, күн чыгыш тарапты көздөй почтанын жолу менен жүрө бергенде, экинчи корпустун жанынан 80-100 метр  жерде, жолдун оң тарабында тоонун этегинде орун алган.

24. Мазар-Тал

Саруу айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – эки чоң терек. Саруу айылынан Жылуу-Суу курортуна кеткен жол менен, болжол менен 1-1,5 чакырым аралык жүрүп туруп, түштүк чыгыш тарапты көздөй дагы 1 чакырымдай аралыкта мазар талдар жайгашкан. Жолдон эле көрүнүп турат.

25. Олуя Заур-Ата мазары

Жети-өгүз айылы, Жети-өгүз курорту

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – бир чоң карагай (карагай үч бутакка бөлүнүп өскөн). Жети-өгүз курортуна бараткан жолдо, Жарылган-Жүрөк тоосуна жете бербей, болжол менен 500-700 метр аралыкта Жети-өгүз суусунун аркы өйүзүндө жайгашкан.

26. Өрүк мазары

Жалгыз-өрүк айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – карыган чоң, жалгыз өрүк. Жалгыз-өрүк айылынан түндүк чыгышты көздөй, болжол менен 1-1,5 чакырым аралыкта дөңдө жайгашкан. Тегерегинде эч нерсе өспөйт. Жанында кашар бар.

27. Өрүк мазары

Аң-Өстөн айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жалгыз тал өрүк. Аң-өстөн айылынан 7-8 чакырым аралыкта, күн батыш тарапта жайгашкан. Мазар Ысык-Көлдүн жээгиндеги коруктун алкагында жайгашкан. Корукта Кара-Көл деген көл бар. Ошол көлгө кетчү эки жол жатат. Тал Батыш тарабындагы жол менен жүрө бергенде, токой кире беришинде дөңчөнүн боорунда турат.

28. Сокур-Кудук мазары

Кабак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – топ сары талдар. Кабак айылынан көлгө кетчү жолдун 5-6 чакырым аралыкта күнгөй жакта топ талдар турат. Жанында сары топ камыш. Ошол жолдун оң жагында суу сактагыч бар. Тегереги талаа.

29. Төө-Таш мазары

Кичи-Жаргылчак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жаткан төөнүн элесин берген таш. Кичи-Жаргылчак айылынан тоону көздөй 25 чакырым аралыкта тоодо жайгашкан.

30. Табылдынын тал мазары

Барскоон айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жыш көк теректер. Барскоон айылынан «Кумтөр» алтын кен комбинатына кеткен жол менен 11-13 чакырым жүргөндө, көпүрө турат. Ал көпүрөнү өтүп, оң тарапка бурулуп, 100-150 метр жүргөндө, көк теректер көрүнөт. Ошол теректер мазар. Тегереги чычырканак, майда таштар менен курчалган. Эки отургуч коюлган, очогу бар.

31. Тамга-Таш мазары

Тамга айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – чоң акталган экиге бөлүнгөн таш. Ортосунда иероглиф тамгалары бар, божомолдуу, – бул Тибет жазуулары.

Тамга айылынан чыкканда, «Жемчужина» деген пансионаттын маңдайында тоону көздөй кеткен жол менен 7 чакырым аралыкта күн чыгыш тарапта орун алган.

32. Тогуз-Булак мазары

Ак-Терек айылы

Кароолчусу: Мелис Үсөнбаев

Мазардын түрү – ак теректер жана жети булак. Ак-Терек айылынан тоону карай 5 чакырым аралыкта, Ак-Терек суусуна жакын жайгашкан.

33. Чоң-Кызыл-Суу мазары

Чоң-Кызыл-Суу айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – ит мурун. Ал ит мурунда чүпүрөктөр байлануу. Чоң-Кызыл-Суу мазары, Чоң-Кызыл-Суу айылан Жылуу-Суу курортуна кеткен жол менен 20 чакырым жүрүп, курортко кирген көпүрөдөн өткөндө, оң жагында жайгашкан.

34. Чоң Хазреттинин күмбөзү

Ырдык айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – күмбөз. Чоң Хазреттинин күмбөзү Ырдык айылынын ортосунда, мечиттин маңдайында жайгашкан. Ал жер 5-6 саржан жер бийик там менен курчалган. Күмбөздүн ичине мечит тараптан дарбаза аркылуу кирсе болот. Ичинде чоң карагай жана 2-3 өрүк бактар бар. Киргенде эле оң жакта кичине үй сыяктуу күмбөз турат. Бийиктиги болжол менен 2 метр дей болот, ал эми узундугу 3 метрдей. Ал күмбөздүн ичинде, так ортосунда кишинин денесине окшош топурактан жасалган сөлөкөт жерде жатат. Үстүнөн ак чүпүрөктөр жабылган.

Чоң Хазретти дунган элине кыргыз байлардан жер алып берген адам. Ушул жерге сөөгү коюлган.

Бул ыйык жер жөнүндө кеңири маалыматты Юсуф Хазреттин чөбөрөсү

 

35. Чоң-Өстөн мазары

Ак-Дөбө айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жалгыз чоң кара тал. Ак-Дөбө айылынын коргонунан болжол менен 150-200 метр аралыкта күн батыш тарапта жайгашкан. Бир чоң кара тал турат. Жанынан суу түтүгү (канал) агып өтөт. Тегереги айдоо жер. Коргондун жанынан чоң кара тал көрүнүп турат.

36. Чоң -Жаргылчак мазары

Чоң -Жаргылчак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – бир кара терек. Чоң-Жаргылчак айылынан чыгышты көздөй кеткен жол менен 3-3,5 чакырым аралыкта суунун аркы өйүзүндө жайгашкан.

37. Шапак-Ата мазары

Тилекмат айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – Шапак атанын күмбөзү жана чоң мажүрүм тал. Тилекмат айылынан чыгып, Каракол шаарына кеткен жол менен 1,5 чакырым жүргөндө, түндүк батыш тарабында 100 метр аралыкта мазар жайгашкан. Ал мазарды жолдон эле көрүүгө болот. Мажүрүм талдын жанында күмбөз жайгашкан. Күмбөз ак мрамордон тургузулган. Бийиктиги болжол менен 2 метр дей болот. Таризи төрт бурчтукка окшош.

38. Энесай-Ата мазары

Ак-Терек айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – тоголок болуп, жайылып өскөн арча. Энесай-Ата мазары, Жеңиш айылына бара жаткан жол менен айылга 2,5-3 чакырым жете бербей, көлдүн жээгинде жайгашкан. Жолдон көрүнүп турат. Арчаны майда таштар менен тегеректеп коюшкан.

39. Энесай-Эне мазары

Ак-Терек айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – тоголок болуп, жайылып өскөн арча. Энесай-Ата мазарына караганда кичинерээк. Энисе-Эне мазары Энисей-Ата мазарынан, Жеңиш айылын көздөй 250-300 метр аралыкта жайгашкан. Таштар менен тегеректелген.

40. Эр Табылдынын ташы

Барскоон айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – чоң кара таш. Барскоон айылынан «Кумтөр» алтын кен комбинатына кеткен жол менен 11-14 чакырым аралыкта жайгашкан. Кийинчерээк улуу космонавт Юрий Гагарин келип кеткенден кийин, Гагарин-Ташы деп аталып калган.

Leave a Reply