Ак-Суу району

This post is also available in: Англисче, Орусча

[Бул текст “Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер: касиет, зыярат, өнөр”

(Бишкек: Айгине, 2009) китепте жарык көргөн]

1. Азиз мазар

Тегизчил айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – четин тал жана булак. Мазар Тегизчил айылынан күн чыгыш тарапты көздөй болжол менен 3-3,5 чакырым жүргөндө, Жыргалаң суусунун боюнда жайгашкан. Четин талда чүпүрөктөр байлануу. Астынан булак чыгат.

2. Акбаш-Ата

Бөрү-Баш айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – мүрзө жана үч кичине сары тал. Мазар Бөрү-Баш айылынын эски көрүстөн тарабында жайгашкан. Эски көрүстөндүн эстеликтери, күмбөздөрү жок – жөн эле дөңчөлөр бар. Бир дөңчөнүн артында үч сары тал бар. Коргондун жанына барганда, так ортосунан узун жалгыз көк терек көрүнөт. Элдин айтымында, ошол теректин жанында Акбаш атанын сөөгү коюлган.

Акбаш ата, Чолпон ата, Манжылы ата, Ысык ата, Каракол ата сыяктуу жети бир тууган атанын эң улуусу болгон. Ал адам аябай акылдуу болгон. Ушул жерге сөөгү коюлгандан кийин сары талдар өсүп чыккан дешет.

Аталган мазарга кыргыз эли сыяктуу эле калмак элинин өкүлдөрү дагы каттайт жана зыярат кылуу менен бирге, ар кыл табигый шарттарда, айталы, жаан-чачын болбой, кургакчылык болгон учурларда түлөө өткөрүшөт, Теңирден жаан-чачын сурашат. Илгери мазарда Апенди деген киши шайыктык кылгандыгы эл оозунда айтылат.

3. Ак-Бака мазары

Кереге-Таш айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жети көк терек жана булак. Кереге-Таш айылынан Сары-Камыш айылына кеткен жолдун күн чыгыш тарабына бурулганда коргон бар. Коргондун жанынан бир жол тоону көздөй кетет. Ошол жол Ак-Бака мазарына барып такалат.

Чоң жайылып өскөн көк теректер, кээ бир теректер кулап өскөн. Көзгө кандайдыр бир керемет кооз көрүнүп турат. Зыяратчылар булактын нугун кызыл таш менен тизип, арык салып коюшкан. Булагы май айларында агат экен.

4. Алма мазар

Ичке-Жергез айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – эки алма бак. Биринчи кичинекей алманы бала мазары, чоңун ата мазары дешет. Ичке-Жергез айылынан күн чыгыш тарапты  көздөй болжол менен 3-3,5 чакырым аралыкта биринчи баз турат. Ал баздан чыгыш тарапты көздөй тоону ашканда эски шахта бар. Эски шахтадан болжол менен 150-200 метр аралыкта жайгашкан.

Зыяратчылардын айтымында, 1949-жылы шахтада иштеген орустар алма багын кыйып, көп өтпөй эле көз жумушкан. Бул мазар аябай илгерки мазар дешет.

5. Алтын-Булак мазары

Энчилеш айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – эки сары тал, бир карагай жана жылуу булак. Энчилеш айылынан чыгыш тарапта, 6 чакырым аралыкта, Алтан-Булак курортунун ичинде жайгашкан.

6. Бакалуу- Көл мазары

Ак-Булуң айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – бакага окшош чоң таш жана көлчүк. Ак-Булуң айылынан Сары-Жаз конушуна кеткен жол менен болжол менен 6 чакырым жүргөндө, Түргөн лесхозу башталат. Түргөн лесхозунан болжол менен 4-4,5 чакырым аралыкта Бакалуу-Көл мазары жайгашкан.

Карыялардын айтымында, мурун бул жерде чоң көл жайгашан, көлдө ак бакалар бар болчу, ошондуктан Бакалуу-Көл деп аталып калган.

7. Бала мазар

Каракыз айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жалгыз кара тал. Каракыз айылынан күн чыгыш тарапты көздөй 800-1000 метр аралыкта эски тегирмен бар. Ал тегирмендин бир капталынан кара тал өсүп калган.

8. Балык-Суу мазары

Ак-Булуң айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – Эки сары тал жана кичине көлчүк. Бакалуу-Көл мазарынан болжол менен 500-700 метр аралыкта жолдун эки бетинде Балык-Суу мазары жайгашкан. Күн чыгыш тарабындагы мазар талдын жанында кичинекей көлчүк бар, анда майда балыктар бар. Талдарда аябагандай көп чүпүрөктөр байлануу.

9. Көйкап

Көйкап жайлоосу,

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жайлоо. Көйкап – Ак-Суу районундагы эң ири жайлоо. Кыргыздар Көйкапты кайыптар жердеген ээлү жер дешет.

10. Көк-Терек мазары

Энчилеш айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жалгыз жоон көк терек. Ал Энчилеш айылынан чыкканда эле, Алтын-Булак курортуна кеткен жолдо жайгашкан.

Элдин айтымында, илгери Аалы деген адам теректи отургузган экен. 1930-жылы репрессия учурунда атылып кетиптир.

11. Кайнар-Булак мазары

Үч-Кайнар айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – сай жана андан чыккан булак. Үч-Кайнар айылына Каракол шаар тараптан киргенде, түндүк батыш жагында айдоо талаа бар. Талаанын ортосунда кашар орун алган. Кашар жолдон көрүнүп турат. Кашардан күн батыш тарапты көздөй 100 метр басканда сайга түшөбүз. Сайдан булак агып чыгат – ошол жерди мазар дешет.

Уламыш боюнча, илгери Манас ата кара кытайларды кууп баратып, ушул сайга бир түнөп кеткен. Андан кийин Семетей менен Айчүрөк жол жүрүп баратып, так эле ушул сайга бир түнөп кеткен экен.

12. Кайрыма-Арык мазары

Кайрыма-Арык айылы.

Кароолчусу: айылдын тургуну Каниметов Жапар

Мазардын түрү – Жаш өсүп келе жаткан бадыра талдар. Мазар айылдын тургуну Каниметов Жапардын огородунда жайгашкан.

Аманбаева Дүйшөкан апанын айтымы боюнча, 1916-жылыҮркүн маалында ошол жерге орустар бир кыргызды өлтүрүп, көмүп коюшкан. Ошол жерге бадыра талдар өсүп чыккан.

13. Камандуу-Көл мазары

Сары-Камыш айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – ар кандай бак–дарактардан турган токой. Ак-Суу айылынан Сары-Камыш айылына жете бербей, болжол менен 200-300 метр аралыкта түштүк батыш тарапка жол кетет. Ошол жол кете бергенде, болжол менен 1,5-2 чакырым аралыкта суу өтөт (аны чат деп коюшат). Андан ары ошол жол менен бир  жүрө бергенде, баздын жээгинен кокту башталат. Кокту менен бир аз жүрө бергенде, жол түндүк батышты көздөй бурулат. Андан ары жол Камандуу-Көлгө алып барат.

14. Канай-Булак мазары

Токтогул айылы.

Кароолчусу жок.

Мазардын түрү – четин тал жана булак. Токтогул айылынан күн чыгыш тарапты көздөй тоону бойлоп, болжол менен 3 чакырым жүргөндө, Эчки-Тал коктусунда жайгашкан. Эчки-Тал коктусун таманында жалгыз четин тал өсөт. Четин талдын астынан булак чыгат.

15. Каныш мазары

Кайрыма-Арык айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – мажүрүм тал. Мазар Кайрыма-Арык айылына кирип келгенде, күн чыгыш тарапта коргондун жанында жайгашкан.

16. Кара-Жал мазары

Кара-Жал айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жалгыз долоно бак. Жанында чычырканактар өсөт. Кара-Жал айылынын күн чыгыш тарабында Марс деген кишинин кашары бар. Ошол кашардан түндүктү көздөй талаа менен 500 метр дей жүргөндө, сай башталат. Ылдыйда Жыргалаң суусу агып өтөт. Ылдыйга түшкөн дөңдүн боорунда мазар жайгашкан.

17. Каракол-Ата мазары

Каракол шаары.

Кароолчусу – коргондун шайыгы Тахиржан Чуруков.

Мазардын түрү – Каракол атанын күмбөзү, үч сары тал, бир чоң бак жана булак. Каракол шаарына түндүк дарбазасынан киргенде, түндүк чыгыш тарабында Каракол атанын күмбөзү жайгашкан. Ал күмбөз топурактан курулган. Бийиктиги 2,5 – 3 метр, туурасы- 3,5 метр. Коргон менен талаанын ортосунда үч тал турат, алардын ортосунан булак чыгат, жанында чоң жоон бак бар. Мазардын чыгыш жагында чычырканактар өсөт. Мазардын жанынан ичке суу агып өтөт. Маңдайында кичине бир тал турат.

Жети атанын бири Каракол атанын сөөгү ушул жерге коюлган дешет. Ал адамдын оң колу кара болгон экен.

18. Кыдыр-Аке мазары

Ак-Суу айылы (Теплоключенка)

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – арчалар жана булак. Ак-Суу айылынан Алтын-Арашан деген жайлоого кеткен жол менен жүргөндө, болжол менен 15-16 чакырым аралыкта оң жакта суунун аркы өйүзүндө жайгашкан. Зоонун астынан булак чыгат, анын суусу ысык. Тегерегинде арчалар өсөт. Ал булакты Кыдыр-Акенин Арашаны деп коюшкан.

19. Кызыл-Жар мазары

Кызыл-Жар айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – четин тал жана ак кайың. Кызыл-Жар айылынан Токтогул айылына кеткен жолдо, айылдан 5-6 чакырым аралыкта жолдун оң бетинде жайгашкан. Бир чоң четин тал жана кичине ак кайың. Артынан бир чоң суу өтөт. Демейде четин талда көп чүпүрөк байланып турат.

1890-жылы көчмөн эл көчүп баратканда, бир малчынын беш жашар кызы ооруп, көз жумат. Айласы кеткен малчы кызын ушул жерге коюп кеткен. Ошондон улам эл бул жерди шейит кеткен адамдын жүрөгүнөн чыккан мазар деп койду.

20. Май-Булак мазары

Таш-Кыя айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – долоно бак, четин талдар, чоң таш жана булак. Таш-Кыянын башында, Султаналиев көчөсү менен жүрө бергенде түштүк тарапта тоонун боорунда, болжол менен 500 метр бийиктикте Долоно өсүп турат. Долононун алдында чоң таш бар. Ошол таштын алдынан булак чыгат. Таштын түсү кызгылт тарткан ак таш. Долоно бакты четин талдар курчап турат. Май-Булак деп аталган себеби – булактын тегереги кара болуп майланышып турчу экен. Куран окуп жатканда, кадимкидей булак шорулдап көбөйө баштайт.

Тарых изилдөөчү, Сарт-калмак коомдук бирикмесинин президенти Мансуров Бектур ажынын айтымында, жергиликтүү эл жер эненин ээси ушул жерде деп эсептешет.

21. Манаке мазары

Чолпон айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – Манаке атанын күмбөзү. Чолпон айылынан Каракол айылына кеткен жолдо 900-1000 метр аралыкта, Чолпон айылынын күн чыгыш тарабында жайгашкан.

Манаке атанын күмбөзү – сары топурактан тургузулган эски күмбөз. Бийиктиги болжол менен 3 метр. Элдин айтымында, эстелик 1913-жылы тургузулган. Жаан-чачындан урап, күмбөздүн келбети кетип калган.

22. Нургай-Ата мазары

Каракол айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – эки чоң ак терек, чычырканактар жана кичине жерден чыккан булак. Жыргалаң суусунун боюнда, Каракол айылынан Каракол шаарына кеткен жолдун түндүк тарабында, 5-10 метр аралыкта жайгашкан. Эки чоң теректин жанында өскөн чычырканактарда чүпүрөктөр байлануу.

Нургай деген табып-дарыгер Каракол айылынын тургуну болгон. Ал адам ордунан тура албагандарды тургузган дешет. 2003-2004 жылдары бир көзү ачык келип, теректерди көрсөтүп, бул жерде Нургай атанын касиети бар дегенден кийин, адамдар бул жерди Нургай-Ата жайы деп атап жүрөт.

23. Нурмолдо-Ата мазары

Черик айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак жана эки сары тал. Мазар Черик айылынын тургуну Мамедиева Айнагүлдүн үйүнөн батыш тарапты көздөй кеткен жол менен 20 метр басканда, түштүк батыш тарапта жайгашкан. Эки чоң сары тал өсөт, алардын алдынан булак агып чыгат. Ал булак жайылып агып, ылдыйдагы сазга түшөт. Мазардын арты – айыл, алды – талаа.

Айнагүлдүн айтымы боюнча, илгери бул жерде Нурмолдо деген адамды бир байдын желдеттери жазалап, башын кыйып, ушул жерге көмүшкөн дешет.

24. Тал мазар

Боз-Булуң айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – эки бадыра тал. Мазар Боз-Булуң айылынын жанынан өткөн трассанын күн батыш тарабында, болжол менен 20-30 метр аралыкта жайгашкан.

90-жылдардын аягында Чүйдөн бир апа келип, бул талдын касиети бар экен, бул тал – мазар тал деген. Аны уккан айылдын тургундары мал союп, түлөө өткөзүшкөн.

25. Тал мазар

Энчилеш айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – бир түп кара тал. Энчилеш айылынан түндүк чыгыш тарапты көздөй болжол менен 2,5-3 чакырым аралыкта кашар бар. Ошол кашардан чыгышты көздөй 100 метр ден кийин тал мазары жайгашкан.

26. Туз мазары

Шахты – Жыргалаң шаар түрүндөгү айыл

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – кудук. Тегереги кадимки эле туз жайнап жатат. Шахты – Жыргалаңдан күн батыш тарапты көздөй 1,5-2 чакырым аралыкта, коктунун ичинде жайгашкан.

Ат Уулдук согуш малында Туз коктусунда Актар менен Кызылдардын салгылашуусу болгон. Кыргызчылыгы бар адамдар азыр дагы коктудан салгылашуу болуп жаткандай үндөр угулат деп айтышат.

27. Тулпар-Таш

Бел-Кара-Суу жайлоосу

Мазардын түрү – Тулпар-Таш деп аталган чоң таш. Көлөмү: узуну болжол менен 6 метр, бийиктиги 8 метрдей. Таштын чокусунда ээр-токумдун элеси, жана капталында туяк сыяктуу оюкчалар бар. Ал оюкчалар аркылуу үстүнө чыкса болот. Таштын өңү боз-көгүш түстө.

Бул ыйык жер жөнүндө кенен маалымат А. Айтпаевдин маегинен окуй аласыздар.

28. Хан-Теңири

Тескей-Ала-Тоосундагы чоку

Ысык-Көл аймагы менен Кытай мамлекети чектешкен сырт жергесиндеги жай. Өтө сыйкырдуу, Кыргызстандагы эң бийик чокулардын бири – аны кыргыздар байыртан мазар тутуп, ыйык деп келишкен.

29. Шапак-Ата мазары

Шапак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – Шапак атанын күмбөзү. Шапак айылынын четиндеги коргондун ичинде Шапак атанын күмбөзү жайгашкан. Ошол күмбөздү айыл тургундары мазар тутушат. Негизи Шапак атанын сөөгү Жети-өгүз районунун, Тилекммат айылында коюлган. Тилекмат айылынан топурак алынып келип, Шапак айылына күмбөз тургузулган.

Leave a Reply