Талас району

This post is also available in: Англисче, Орусча

1 2  3

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”
(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

7. Жорголот

Кең-Кол тоосу

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жол. Кызыл чокуга чыгып бараткандагы капталдай кеткен жол. Тегерек-чекеси тоо менен курчалган. Жумадил Мамековго Өмүркан деген мал баккан киши кулагына таңга маал күлкүлөр угулуп, акыры көзүнө көрүнгөн 12-13 жаштардагы коендой окшош сегиз кыз бул жерден Чачыкейдин кара ташы мазары жакка ооп кетип баратканын айтып, шыңкылдап көздөн кайым болушканын айтып берген. Баяндаган да, уккан да эки киши бул мазардын куту ошол тарапка кошо кетти го деп жоромолдошот.

8. Кызыл чоку

Үч эмчек айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – тоо. Бийиктиги 100-150 метрдей бар. Тоонун чыгыш тарабында 5 үңкүр көрүнүп турат. Бул мазар Үч-Эмчек айылынын түндүк-чыгыш тарабында айылдан 5 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул мазардын түндүгү, чыгышы, батышы тоо менен курчалган. Мазарга 600 метр калганда жолдун оң жагында урандыга айланган там турат. Болгону дубалдары гана калган. 300 метр калганда бир жаңы салынган короосу бар үй турат. Түндүк-чыгыш тарабында 100-150 метр аралыкта сарайлар жайгашкан. Мазардын чыгыш тарабында тоодон агып түшкөн анча чоң эмес суу агып турат. Мазар жолдон 50 метр алыстыкта, сол жагында жайгашкан.

9. Көзөнөк терек

Кең-Кол айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – терек. Обо суусу түндүктөн түштүктү көздөй агып турат. Жээгинде теректер бар болгон экен. Азыр ал жер дөнсөө. Жанында мал сарай бар. Суунун жээгинде талдар, теректер, чычырканактар, бадалдар өсүп турат.

Оозеки тарыхы

Жумадил Мамековдун айтымында илгери бийиктиги 50 метрге жеткен чоң чынар терек болуптур. Жоондугунан 3 кишинин кулачы жетчү эмес экен. Ошол теректин киши баткандай көзөнөгү болуптур. Ал жерден кишилерге жылаңач бала көрүнчү экен. Анан ары-бери өткөн кишилер ал жерге куран окуп жүрүшүп, тилеген тилектери кабыл болуп, ыйык мазарга айланган экен. Кийин 1960-жылдары колхоз учурунда элдер курулуш каражаты катары кесип кеткен дешет. Ошондон баштап мазар болбой калган экен. Азыркы учурда мазар деп билген эле кишилер сыйынышат.

10. Ак булак

Кең Кол тоосу, Терек жайлоосу

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Шаркыратма мазарынын тоо жагында жайгашкан мазар. Булактын жанында майда кум бар.

11. Чачыкейдин кара ташы

Кең Кол тоосу

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – таш. Ушул эле таш «Манас» энциклопедиясында «Чачыкейдин чаты» деген аталыш менен төмөнкүдөй сүрөттөлөт: «Таштын бетиндеги аялдын изи. Кеңколдун куймасы, Очойдон түштүгүрөөк, туура суунун кечмелигинде салмагы эки-үч тоннадай сыйда кызгылтым, үстү жалпак таш жатат. Таштын бетин эчен кылымдан бери суу жалмап, суу киргенде таштардын жанчылгандыгына карабастан жаңыдан тоборсуган ак чопого жылаңайлак адамдын таманы жүлгөлөрүнө чейин даана түшкөндөй аялдын изи сакталып калган» (Манас энциклопедиясы, 2-т., 332-б.).

Оозеки тарыхы

Жумадил Мамековдун айтымында илгери Акундун кызы Айчүрөк келип, ошол жерден сазга конот. Өзүнүн ак куу кебин бекитип, чачын жууп жаткан Чачыкейди тосо чыга: «Эже, мен сизге келдим. Семетейдин кудалашкан колуктусу мен болом. Семетей билбейт. Бел куда болушкан экен аталарыбыз. Мени Чынкожо, Толтой аялдыкка алам деп атамды чаап жатышат» – дейт. Чачыкей: «Семетейдин менден башка алаары жок. Сен долусуңбу. Көзгө көрүнбөй кетип кал, болбосо чоролорго өлтүртүп салам» – деп чыр кылат. Анда Айчүрөк: «Эже, астыңыздан өттүм. Сизге күңдөш эмес, күң болоюн десем, болбодуң. Шабыр-Көлдө ак куу болуп жатамын да, Семетейдин Ак шумкарын алып кетем. Семетей айласыз, мен үчүн болбосо да, Ак шумкары үчүн менин аркамдан барат. Сөз жок мени алат. Өз убалың өзүңө» – деп караан үзөт. Чын эле Ак шумкарынан айрылган Семетей бул окуянын сырын бил деп Күлчорону жумшайт: «Бир билсе Чачыкей билет. Жеңеңден сурачы. «Эч жакка чыкпа» деп эртең менен алдымдан үч жолу чыкты эле». Күлчоро келип Чачыкей жеңесине чоо-жайды айтат. «Куш салганыңарды кайдан билем. Эчтеке билбейм» – дейт. Күлчоро жеңесин сабайт. «Өлтүрөм» деп кабыргасын сындыра чапканда, «Ээ бала, айтса айтайын» деп болгонду баяндайт. Күлчоро аттан түшө калып, жеңесинен кечирим сурап, Семетейге Айчүрөктүн окуясын сүйүнчүлөп барат. Ошондо Чачыкей эримден айрылат экем деп кара ташка сүйөнүп алып ыйлаганда, ташка тамган көздүн жашы азыркыга чейин таш бетинде из болуп калган дешет.

12. Ак терек (Топ терек)

Кең Кол тоосу, Терек жайлоосу

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – терек. Ак терек мазары Кең-Кол өрөөнүндө, Терек жайлоосунун түштүк-батышында жайгашкан. Ак терек мазарынын түндүк-чыгышында 60 метр алыстыкта сарай жайгашкан. Кең-Кол жайлоосунун жолунан түштүк жагына кайрылганда Кең-Кол дарыясы агып өтүп турат. Ошол дарыяда кол менен жасалган кичинекей көпүрө бар. Ал көпүрөдөн өткөндөн кийин, түштүк-чыгышка карай 400 метр баскандан кийин, эки аскалуу тоонун ортосунда, 3 метр бийиктикте Ак терек мазары жайгашкан. Ак терек мазарынын түбүнөн азыраактан шаркырап суу агып турат. Ал жерде коко тикен, майда чөптөр, сары-кызыл гүлдөр өсүп турат. Андан тышкары тоонун уландысы аскалар менен кошулуп кеткен. Топтошкон ак теректин тамырлары андан-мындан көрүнүп турат. Мазардын түндүк-чыгышында чоң бир терек бар. Ал терек мазардан 60 метр алыс. Мазарга жолдон бара жатканда жол көрсөткүчү көрүнөт. Ал көрсөткүчтө мазар деп белги коюлган. Мазардын жанында майда-чүйдө чычырканактар өсүп турат. Мазардын өзүнүн ээлеген жери бир тамдын ээлеген жериндей. Ал жерде көп теректер орун алган. Ошол эки асканын үстү жайылган тегиздик. Суусу кандайдыр бир арыктардан келген.

13. Ташрабат

Кең Кол тоосу

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жалгыз чоң тал жана тал түбүндөгү булак. Тегерек-чекеси тоо. Адамдар түнөй турганга чоң таштардан курчалган айлана бар. Булактын суусу акпай эле жерге сиңип кетет. Ташрабат – Кең Кол өрөөнүнүдөгү мазарлардын эң акыркысы.

14. Беш-Каракчы

Беш таш жайлоосу

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – моло таштар. 5 моло таш. Бешөө беш жерде турат. Алардын ар бирине сүрөттөмө:

1-таш. Бул таш үч бурчтук таризди алган. Туурасы – 70х50 см. Узуну – 1,55 см. Өңү агыш түштү. Тегереги 1 метрче айлана түрүндө чийилген.

2-таш. Бул 1-таштан кийин 2 метрден кийин турат. Туурасы – 1 метр 20 см, узуну – 140 см. Бети жылмакай. Кырлары чыккан. Түбүндө «1978 13 VII.» деген жазуусу бар. Таштын үстү жагында (бет маңдайында) Z түрүндө кызыл сызык менен жазылган жазуу бар.

3-таш. 2-таштан 1 метрден кийин турат. Бийиктиги 1 метр 20 см, туурасы – 40 см. Түбүндө «К 1978» деген жазуу бар.

4-таш. 3-таштан 1,50 м кийин турат. Бийиктиги – 140 см, туурасы- 70х40см. Өңү – күрөң түстө. Бети – жылмакай. Түбүндө «Н М» деген жазуу бар.

5-таш. Бийиктиги – 1,38 см, туурасы – 50х40 см. Кара күрөң түстөгү, бети жылмакай таш. Түндүк бетиндеги цементтин түбүндө «Р 1978»деген жазуу бар.

Мазар Козучак айылынан 38 чакырым алыстыкта, Беш-Таш жайлоосунун төрүндө жайгашкан. Токтогулга аша турган ашуу Терек деп аталат. Ал ашуу мазардын түштүк-батыш тарабында 500 метр аралыкта жайгашкан. Түндүк-чыгышта, батыш тарабында – чабандардын боз үйлөрү, чатырлары бар. Негизинен мазар өйдө баратканда жолдун оң жагында 300-400 метр аралыкта жайгашкан.

Оозеки тарыхы

Зыяратчы бүбү, 86 жаштагы Сооронбаева Сонунбүбүнүн сөзү боюнча Беш-Каракчы – бир кишинин 5 баласы экен. Анан ошолор ата-энесинен безип кетип калышып, бейбаштык кылышып, Беш-Ташта жүрө беришет бекинип. Ары-бери өткөн-кеткенди талап-тоношуп, элдин аттуусу да, жөөсү да жүрө албай калат. Анан бирөөлөр таанып: «Сенин эле балдарың, мен тааныдым» – деп атасына айтып келет. «Биз экөөбүз баралы, эми тааныбай бизди да карактаар бекен» – дешип ата-энеси жолго чыгат. Кетип баратышса, балдары Беш-Каракчы деген жерден кол салышып, алдыда бараткан атасын аттан эңтере тарта турган болот бирөөсү. Карап турса, бир баласынын меңи бар экен кулагында. Аты Меңдибек экен. Ошондо тиги баланы апасы «Эй, Меңдибек! Тарт колуңду, алдагы сенин атаң, ант ургур!» дейт. Эссиз бала колун тартып алып качат. Качканда атасы: «Мага колу тийип калды. Бешөөң беш каракчы болуп кал» деп терс бата берет экен. Бешөө беш жерге жүгүрүп баратып, каракчы таш болуп калышкан экен дешчү биздин ата-бабабыз, алыстан караган кишиге беш калпакчан кишидей элес берет дешчү. Менин кичинекейимде бешөө беш башка таш болгондугун айтышчу. Кен казып жол салганда баарын кулатып салышып, анан баягы жылы Козучактын малчылары чогулуп туруп кайра бир жерге азыркысындай кылып чогултуп койду деп укканым бар.

15. Коро кайыңдыдагы булак

Беш таш

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Бул мазар Козучак айылынан 17 чакырым аралыкта, Беш-Таш жайлоосуна баратканда жолдун сол жагында, чыгыш тарапта жайгашкан. Булактын оң жагында Беш-Таш суусу агып турат. Булакка чейин 20 метр калган жерде 2 цемент плитадан көпүрө жайгашкан. Булактын чети таш менен корумдалган. Жанында ак кайыңдар көп өсүп турат. Жанында майда булактар көп. Мазардын түндүк-чыгыш тарабында 500-600 чакырым аралыкта Шайлоо деген кишинин үйү жайгашкан.

16. Чар кайыңды

Беш таш

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – кайыңдар. Бул Козучак айылынан 10 чакырым аралыкта, жолдун сол жагында, тоонун этегинде жайгашкан. Ал жерде жолдон 2 метрлик бийик турган дөңдө ак кайыңдар топтолуп өскөн. Атайылап бирөө алып барып отургузган сыяктуу, баары бирдей жаштагы кайыңдар. Кайыңдын арасына кадимкидей көлөкө түшүп турат, эс алып отурганга да ыңгайлуу. Тегерегинде майда чөптөр өсүп турат, алар: чычырканак, өлөң чөп, теңге чөп, ит мурун ж.б. Мазардын оң жагында 10 метрдей аралыкта Беш-Таш суусу агат. Оң жана сол жагы тоо менен курчалган.

17. Бердикожо уулу Жанкороз күмбөзү

Козучак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – күмбөз. Айылдын эски мүрзөсүнүн түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Күмбөздүн артында урандыга айланган башка күмбөздөр бар. Тегереги чынжыр менен курчалган. Күмбөздүн кире беришинде 2 найза сайылып турат. Күмбөздө ”Бердикожо уулу Жанкороз” делип, астына (1834-1910) деген жазуулар, эки четинде кабыландын сүрөтү берилген. Мүрзөлөрдүн маңдайында бадал талдар бар экен. Ошолордун арасында атайын зыяратчылар үчүн салынган бир бөлмөлүү жыгачтан салынган там турат. Жанында таштан жасалган кемегеси бар. Тамдын ичинде отундар, чай кайнатып иче турган чоң чайнек жана туз бар экен. Эл ошол жерге келип түлөө өткөзөт.

18. Арашан ата

Беш-Таш капчыгайы

Кароолчусу бар – Бекназаров Байыш

Мазардын түрү – булактар. Бул мазар Козучак айылынан 5 чакырым алыстыкта, Беш-Таш капчыгайынын ооз жагында жайгашкан. Жыш өскөн талдардын арасында жайгашкан 3 булак бар. Сол капталында Беш-Таш суусу агып турат. Мазардын тегереги дөңгөчтөр менен тосулган. Суунун берки бетинде атайын зыяратчылар үчүн салынган бир бөлмөлүү там. Тамак-аш жасаш үчүн кемеге (үстү жабылган), сууда көпүрө бар. Көпүрөнүн үстү 7 жеринен темир менен тосулган. Ошол 7 темирден эңкейип өтүш керек.

Оозеки тарыхы

Мазардын шайыгы Бекназаров Байыштын айтымында:Арашан ата деген Манас ата сыяктуу баатыр, эл башкарган касиеттүү киши болгон дешет. Ошол жерге сөөгү коюлган. Бирок азыркы күндө Арашан атанын мазары мурдагы ордунан бир аз алыстыкта, анткени ошол мазардын тегерегиндеги тал-теректерди кыркып салышкан. Ошондуктан ал жерден бир чымчык учуп чыгып, конгон жери – азыркы Арашан ата мазары. Бирок мурдагы орду сөөк коюлган жер эмес экен. Чындыгында мазарлардын жанындагы тал-теректерди кыркканга, сындырганга болбойт. Ал жердеги үч теректи орустар кыркып салып, акыры жер которуп жок болушкан дешет.

Экинчи бир зыяратчы: Арашан деген мурун пайгамбар болгон экен. Анан ал өлүп, ошол жерге сөөгү коюлган экен. Анан өткөн-кеткендер ал жерге куран окуп жүрө берип, мазар болуп калган экен – десе, үчүнчү бир адам тек гана: “Илгери бир баласы жок жаш келин бул жерден бала суранып балалуу болуп калган экен. Ошондон бери мазар болуп келе жатыптыр. Көзүккөн (2) адамдар да мазарга барып сыйынса айыгып кетет. Аса таяк (3) көбүнчө Арашан мазарынан чыгат. Анткени ал тоолуу жер да» – деп эң жөнөкөй маалымат берет.

19. Кумурсканын уюгу

Беш-Таш капчыгайы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – кумурсканын уюгу. Ал Арашан ата мазарынын өйдө жагында жайгашкан. Аны теректер курчап турат. Үстүн талдын бутактары менен жаап коюшкан. Барган зыяратчылар жем, нандын күкүмүн чачып турушат. Арашан атага зыяратка келген элдин баары бул мазарга да барышат. Көбүнчө төрөбөгөн аялдар каттайт дешет.

20. Жанкороз абанын экинчи мазар булагы

Козучак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Мазар Козучак айылынын башында, алма бактын арасында жайгашкан. Айылдан алыстыгы – 300 м. Мазардын оң жагынан Беш-Таш суусу агат. Тегерегин чычырканактар курчап турат.

Оозеки тарыхы

Козучак айылынын тургуну Токтош эженин айтымындабул булак убагында Жанкороз аба тарабынан казылган, ошол үчүн Жанкороз абанын булагы деп аталып калган. Булак кайсы жылы казылгандыгы жөнүндө так маалымат жок. Жанкороз аба өтө касиеттүү олуя болгон экен. Ал төрөбөгөн аялдарга «этегиңден жалгасын» (1) деп бата берсе, көп өтпөй ошол бата менен аялдардын боюна бүтчү экен. Ал көзү менен өзүнө жакпаган кишини караса, ал киши катуу ооруп, көзүгүп калчу экен, айрым учурда өлүп да калган учурлар болгон дешет. Жанкороз аба бул булакты ооруларга даба болуш үчүн казган деген божомол бар.

Бир жолу ал киши жигиттери менен келе жатса, «оо баланча ажы келе жатыптыр, ажыдан бата алабыз, койлорду чогулткула» дейт экен бир киши. Ошончо койдун ичинен бир чулмур кулак кой колуна тиет экен да. Анан малды ажы атанын алдына кармап бата алайын деген экен, ошондо: «Айланайын, эмдиги жылы ушул убакта бир чулмур кулак балалуу бол» дептир. Анан кийинки жылы бир кулагы жок чулмур бала төрөлүптүр.

Бир жолу бир жактан келе жатышса, жергиликтүү кедей-кембагалдардын арасынан бир кемпир жарма куюп чыккан экен. Бирок жарма кичине курттап кетиптир, ошондо абам жанындагысын ич десе, тигил ичпей коюптур да, ошондо абам «бул каскак» (2) деп туруп ушул кемпирдин назары сынбасын деп ичип жибериптир.

Бирөө баласынын атын абамдын атынан коюптур, анан абам жигиттери менен келе жатса ал баланын энеси абамдын атын атап, «өлүгүңдү көрөйүн баланча» деп уулун тилдептир. Ошондо абам оозуң кыйшайсын десе керек, анан ошол абам айткандай болуптур.

Илгери абабыздын жашыл күмбөзү болуптур, күмбөздү олуя адамдарга кийин баланчанын күмбөзү деп аталып калыш үчүн урматтап салат экен да. Ал эми абамдын күмбөзү жашыл тыныкеден жасалган экен, ачарчылыкта эл анын топурагын уурдап, Кетмен-Төбөгө алып барып саткан экен. Анан олуя киши эптеп оокат кылсын деп кечирип коюптур. Болбосо баарын кыйратып салмак да. Анан кирпичтен кайра күмбөз салынып, үй тигилип, мал союлуп, эл тарабынан той өткөзүлдү.

21. Кызыл   таштагы   мазарлуу  булак

Сасык-Булак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булактар. Ал айылдан түштүк-чыгышка карай 1 чакырым аралыкта, Талас суусунун оң жак бетинде, Кызыл таш тоосунун боорунда жайгашкан. Булактын 16 көзү бар, негизинен жети көзүнө сыйынышат. Итий балдарды булактын суусуна жуундурса, күн суук болсо да бала үшүбөйт, денесинен ысык буу чыгып турат.

Оозеки тарыхы

Зыяратчы бүбү Атакелдиева Калиянын маалыматы:

Мазар качан, ким тарабынан ачылганы белгисиз, бул мазар илгертен эле бар. Булактар Кызыл таш тоосунун жанында жайгашып калгандыктан, Кызыл таштагы мазарлуу булак деп аталып калган. Илгери Кызыл таш тоосунун аскасынан биздин ата-бабаларыбыз туз алуучу экен. Ал жерден ак туз чыкчу экен. Ал туздун кайсыл жерден чыгаарын бир эле киши билчү экен, ал киши өлгөндөн кийин туздун ордун эч ким билбей, туз ала алышпай калышкан. Ал туз азыркы булакка кошулуп агып түшөт, ошон үчүн булак кышылдап дем жетпей калган бронха оорусуна жакшы болуш керек деген божомол   бар.

22. Кыдыралы ата

Сасык-Булак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак жана күмбөз. Ал Сасык-Булак айылынан 1,5 чакырым аралыкта түндүк-чыгышта, Бала чычкан суусунун сол жак, каналдын оң жак бетинде жайгашкан. Булак Кыдыралы ата тарабынан ачылып, көзөмөлдөнүп, мазар катары анын атын алып жүргөн. Анан 9 жыл мурун ушул айылдын тургуну Тойчу деген жигит ушул мазардын жанындагы талдан кесип, үйүнө отун кылып алып келген. Отун алып келгенден кийин таңга маал 5 айлык баласы чарчап калат, өзү да ооруп кыйналат. «Мунун баары   мазардын каргышы, ал жердин талын кыйбаш керек болчу, мазардан эч нерсе албаш   керек болчу» – дешип, мазарга мал союп кечирим сурашып, жергиликтүү эл жалгыз тал менен булактын жанына Кыдыралы атага күмбөз тургузушкан.

Оозеки тарыхы

Зыяратчы, 48 жаштагы Нурландын маалыматы:

Илгери ушул жерде Кыдыралы деген киши жашап, ушул булакты карап, көз салып турчу экен. Касиеттүү адам болгон. Кийин ал киши өлгөндөн кийин бул булакка анын кызы көзөмөл кылчу. Ал булак Кыдыралы атанын убагында пайда болгон үчүн Кыдыралы ата мазары аталып калган экен.

Leave a Reply