Манас району

This post is also available in: Англисче, Орусча

1 2 3

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”
(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

31. Узун булак

Жайылган айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Айылдан 8 чакырым алыстыкта, түндүк тарапта жайгашкан. Жол бар, жолдун жээгинде булак, жанында бир-эки тал чоң болуп өсүп турат, бир аз алыстыкта дагы эки-үч тал бар. Өкмөт булактын тегерегин цементтеп койгон.

Түндүгүндө – эки сарай, адыр, өзөн, тоо; түндүк-чыгышында тургузулган столбалар турат; чыгышынан – адырлар, жол, жайыт; түштүгүнөн – жол, талаа, эгин талаа, айыл; батышынан кыр, адыр, дөңсөөлөр курчаган. Качантан баштап мазар болуп, элдин зыярат кыла баштаганы белгисиз. Бирок азыркы Жайылган эли ошол жакта жашашкан, кийин ылдыйга көчүп келишкен деген маалымат бар. Алар ошол жакта жашап турганда каза болгондорунун сөөгү ушул жерге коюлган, ошондон улам мазар болуп калган дешет.

32. Кара-Булак

Кайыңды айылы менен Нылдынын ортосундагы Бел-Башат (Кара-Булак) деген жер

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Манас районуна, Нылды атага баратканда жолдун оң тарабында 2 чакырымдай алыстыкта бул булак жайгашкан. Булактын тегерегинин баары капкара. Кадимкидей чөп өсүп турганы менен бир башкача жер. Булактын өзү да капкара болуп көрүнөт, бирок чындай келгенде туптунук. Тегерегинде чычырканак, теректер бар.  Манасчы Асанкан Жумалиев мындан 8-9 жыл мурун бир нече терек, өрүк тиккен. Теректер чоңойду. Өрүктөрдү өткөн-кеткендер сууруп кеткен.

Оозеки тарыхы

Манасчы Асанкан Жумалиевдин айткандары:

Булактын канчадан бери мазар болуп калганын эч ким билбейт. Бирок жергиликтүү эл, айрыкча ошол булактан сыр көргөндөр анын касиеттүүлүгүнө таң берет. Андай адамдардын ичинде мен дагы бармын. Мен булактан өз көргөнүмдү айтып берейин.

8-классты бүткөндөн кийин бир жыл окубай калдым, мектепке да барган жокмун, койчу болуп иштедим. Анан Кара-Булак деген жерде (булак жайгашкан жерди кээ бирөөлөр Бел-Башат деп атаса, кээ бирөөлөр булактын атынан Кара-Булак деп атайт) кой жайып жүрүп, бир окуяга дуушар болдум. Сырын анча билбейм, бирок дайыма ошол жерден өткөндө, эчтекеден-эчтеке жок төөнүн боздогон үнүн угуп жүрчүмүн. Ботонун үнүн. Энесин ээрчип бараткан сыяктуу. Анан ар ким айта берчү: «Ал ошол жердеги булак мазардын ээси. Ошентип маал-маалы менен үндөр угулуп турат. Корккондо эмне» – дешип. Мен ага кызыгып калып, бардым. Кичинекей булак. Бирөө тазалап коюптур. Тегерете кичине таштардан таштап коюптур. Баламын да мен деле, эч нерсе ойдо жок, төрт-беш ташты кулатып салдым. Суну бир аз тосуп, ойноп кетирбей туруп, анан кайра бир аздан кийин ачтым. Ошо менен кетип калдым. Келсем, кечинде койду санай келгенде, 27 дей кой жок. «Ой каякка жайдың?». «Ушуякка жайдым». Эки күн издедик, табылбайт. Чабан мени урушат, мен ыйлайм. Кой куут мезгил болчу. Ыйлайм келип. Мындай чыгып алып «Ээ айланайын кудай, табылып калгай эле, тил укпасам экен» – деп Кудайдан сурайм. Анан Кара-Булакка келдик, ушерге жайдым эле, тегерегин карайын деп. Карайм, жок, көзүмдөн жаш куюлуп жүрөм. Өзүнчө ээн жер. Анан булакка келсем кулаткандарым турат, 5-10 мүнөттө эмне болот эле деп, жанына отуруп, кечээги кулаткан таштарымды ордуна тизип, тегерек-четиндеги акыр-чикирди бир сыйра тазалап, анан кетмей болдум. 50 метрдей бастым го, кой маарайт. Кайра келдим. Келсем, бир кой турат. Баягы эле мен жайып жүргөн койлордун бири. Тегерегин карасам, башка мал көрүнбөйт. Анан жаман оюмда бул койду кармап алып байлап койсом дейм. Кармайын десем баягы кой качты тескейди көздөй. Аркасынан кууп баратам. Качат, токтойт. Мен жеткени калганда кайра качат. Качып отуруп 2 чакырымдай, андан да көбүрөөк жерге чейин барды. Барып, бир жылгага кирди. Жылганын ичинде камыш укмуштай. Койлордун баары камыштын ичине кирип кетиптир. Мындай издеген киши таппачудай. Камыштын көлөмү бир чоң үй-бүлөнүн чарбасындай бар. 20-25 кой ичине кирсе көрүнчүдөй эмес. Чын эле ошол кой менин коюмбу, же менин ыйлаганымды көрүп, койлорго ээрчитип барып таап берген башка сырбы, башым адашты. Ошентип койлорду таптым. Бул менин өзүмдүн көргөн сырым. Эл эми ар кандай айтып жүрүшөт өздөрүнүн көргөнүн.

33. Ырчы булак

Арал айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак.

Айылдан чыгыш тарапты карай 2-2,5 чакырым жерде көл бар. Бул атайын тосулган көлдөн 300 метр жогору, Кайыңды суусунун жээгинде аталган булак жайгашкан. Тегереги – аска таш, асты – сай, саз. Ылдыйраак жерде 2-3 топ долоно өсөт.

Оозеки тарыхы

Манасчы Асанкан Жумалиевдин айткандары:

Ырчы булак деп аталып калгандыгынын себеби кыргыздын көп таанымал ырчылары, төкмөлөрү, акын, манасчылары (Манас районунун Арал айылынан чыккандар) дал ушул булактан суу ичип, суунун касиетинен улам өнөрдүн туу чокусуна чыгышкан. Булак жөнүндө биз бала кезде көп айтышаар эле. Алымкул ырчыны Эркебай деген киши ушул булакка ээрчитип барган экендигин айтышчу. Биз Эркебайды көрбөй калдык, 30-жылы атылып кеткен экен ал киши. Бердибайдын Эркебайы. Каюм Мифтаков ал кишиден 1923-жылы 12-августтан 18-августка чейин анын үйүндө жүрүп, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү, накыл кептерди, ар түрлүү ырларды жазып алган экен. А кишини көргөндөр жаактууга жай бербеген чечен киши эле деп айтышат. Эки эл, эки баатыр урушса, эки тарап чатакташса бир чай кайнам убакытка жетпей аларды элдештирип, кучакташтырып, ушундай калыс адам болгон экен. Анан эл тарабынан бий атыгып жүрүп, ошонусунан эле атылып кетти дешчү. Анын кол менен жасалган, калың бир дептери болгон экен. Ошол дептерди көрдүм мен өз көзүм менен. Аны алган киши түрмөдө бирге жатып, анан ал чыгаарында Эркебай айылдашына: «Менин ушул жерден чыгаарымды бир кудай билет, көзүм деле жетпейт, мен кайра кайтпайм. Ушуну эстелик кылып, балдарым, кыздарым эскерип жүрсүн» – деп аманат кылып тапшырган экен. Ал дептерди Жаманкул өзүнүн баласы Сейитке бериптир. Сейит сактап жүрүп, өзүнүн Дөнөнбай деген баласына калтырып, Дөнөнбайга мен жалдырап: «Ошол дептерди берчи, бир кой берейин» – десем да болбой койду. Кийин барсам, каякка жоголуп кеткенин билбейм. Жоготуп ийишиптир. Эми ичин карасаң араб тамгасы менен жазылган жалаң ырлар бар эле. Ошонун ичинен «Коштошуу» деген ырын гана мен жазып алып калгам учурунда. Башкасын алган эмесмин, айылынан кетип баратканда айткан ыры бар экен да, ошол ырын жазып алып калгам. Аны Эркебайдын ырлары деп гезиттерге чыгаргам. Бийсиң деген жалаа жабылган да а кишиге. Бай тукумусуң деген кеп да. 30-жылы ушул Бишкектен атылып кетиптир. Ошол киши Алымкулду Ырчы булакка ээрчитип барган экен. Муну азыр 100гө чыккан карыя кишибиз бар айылда, быйыл туура жүздө, ошол киши айтып берген. Ал дагы ушу күнгө чейин көк бөрү тартат. Атка минмек тургай элирип кетет. Өгүнү видеого тарталы деп атайын уюштуруп, областык телевидениени алып баргам. Көк бөрү тартам деп эки чакырым жерге чейин кетпедиби, элдин баары суктанып, «жыгыласың» дешсе болбойт. Анан ошо киши айтып атпайбы Алымкулдун булак суусун ичкенин, себеби, ушул кишинин эжесин алган да Алымкул. Сейил деген кишини алган. Алымкулдун эки аялы болгон: Замирбектин апасы бөлөк, мурунку балдарынын апасы бөлөк, аты – Сейил.

Ошентип Алымкулду Эркебай ээрчитип барган экен. Муну Алымкул өзү айтчу экен айылга барганда. Булактын касиети бар дечү экен. Булактын жанында кара моло бар. Силер мурунку китебиңерде ошол жер тууралуу Кара-Чоку деп берипсиңер. Алымкул айтчу экен: «Эркебай менин ырчылыгыды, шыктуулугумду байкаган го. «Жүр, мен сени ырчы булакка алып барып келейин» – дейт. Анан баргандан кийин: «Эми жүр, ушул жерге эле түнөп албайлыбы. Түн ортосунда каякка барат элек» – дейт. Жатсам, түн ортосунда бир карыя киши келди. Сакалы киндигине түшкөн карыя киши: «Ай, сары томолок бала, оозуңду ачкын» – деп айтканынан оозумду ачсам, күрүч салып берди. «Күрүчтөй даамдуу, күрүчтөй элге жугумдуу бала болгун. Оозуңдан ыр менен сөз төгүлүп турсун» – деп батасын берди да, көздөн кайым болду» дейт. Ошондон баштап эле келип ырдагысы келип калганын айтат Алымкул ырчы. Ага чейин үч теңтуш комуз чертчү экен. Кыдырбек, Карабай, Алымкул. Ортолорунда болгону бир комуз. Ал комузду, Кара молонун ылдый жагы үңкүр таш эмеспи, ошол жерге бекитип, кимиси биринчи келсе, кечке ал ээлик кылып, кечке чертип, бирок ырдашчу эмес экен. Аны Эркебай байкаган го. Анан булакка баргандан тартып Алымкул ырдап калып атпайбы. Ынаш дегени да бар, теңтуш. Ынашы манасчы болуп кеткен. Ал Ынаштан мен үйрөндүм да. Ал жерден ошондой болуп, анан Алымкул чоң акындардан Токтогулга, Үмөтаалыга жолугуп, ал эми Жеңижокко жолугам деп барса, ошол маалда Жеңижоктун кырк ашын берип жатышкан экен, жолукпай калганын айтчу, муну мен Алымкулдун өзүнүн оозунан уккам.

Анан Эстебестин атасы Турсунаалы дегендин ошол Ырчы булактан берирээк жакта конушу бар болчу. Эски тамдарды кийин эле, кийин мен бала кезимде көрүп калдым. Турсунаалынын тамы, тегирмени деген бар болчу. Анан эшиктин алдында Эстебес ойногон таштар дагы эле турат. Анан Эстебес менен апасы экөөнү эми: «Ой ушул Эстебес менен эки-үч күн ушерге түнөгүлөчү. Менин байкоомо караганда балаңда бир шык бар көрүнөт» – деп ырчы боло электе эле ээрчитип келген экен Алымкул. Анын тилин алган эжеси менен жээни Эстебес 7 күн катар булактын жанында түнөшөт. Ал жерден 500 метр эле жогору жакта Алымкулдун атасы Үсөнбайдын тегирмени деген тегирмен дагы бар болчу.

Ошентип Ырчы булакка деп таланты бар адамдын баары каттап калды. Мени Ынаш алып барды. Алымкулду булакка алып барган Эркебайдын өзү да ушул жердин суусун ичип акын да, манасчы да, чечен да болгон. Эркебайдын ырлары көп эле экен, бирок менде элдин оозунан чогултуп алган 20-30дай гана ыры, анан жанагы Сейиттеги дептерден жазып алган «Коштошуу» деген ыры бар. Манас айтканда да укмуш айтчу экен. Анан Алымкул өзү да чоң манасчы болуптур. Ал ырчылыкка бет алып эле анан айтпай калыптыр да «Манасты». Айылдагылар ал тууралуу тамшанып айтышат. Кечинде баштаса эртең менен, эртең менен баштаса кечинде токтотчу экен Алымкул «Манасын». Анан кийин эле 32-жылдары куугунтукка алынып, «Манасчы Алымкулду тапкыла» дегенде манасчылыгынын баарын таштап ырчылыкка өтүп кеткен экен да. Совет доору көп эле нерсеге жолтоо болбодубу.

Анан бир кызык жери – аталган булактын мерчемдүү жерлери бар. Бир жылда бир жолу жылуу булак болуп чыга келет. Ошо мезгилде гана ичип калуу керек. Ал мезгил жайындабы же кышындабы белгисиз. Мисалы, жеке мени алып барган мезгилде кыш болчу, булак ысык экен. Мун үчүн билген адам кайсы бир сандар аркылуу бара турган мезгилди эсептеп чыга алган болуу керек. Булактын ысыктыгы бир эле күнгө созулат. Ынаш да санаганды билген бейм. Мына ушул Эстебес, анан Абдылда Муралиев, Аалы Туткучев деген акындар, бул экөө тең ошол айылдан. Эми жаңы чыгып келатат Шайлоо Кыдыралиев деген, бул дагы ошол айылдан. Ал быйыл 10-класста окуп жатат. Алымкул, Замирбек да ошол айылдан. Азыр республиканын Жазуучулар Союзунун төрагасы болуп иштеген белгилүү акын Анатай да да ушу айылдан. Анан дагы бир нерсе ушул – апырткандык эмес, айылдын ар бир экинчи үйүндө комуз бар, ар бир экинчи үй комуз чертип, ырдайт. Бардыгы сармерден, жоро мезгилинде шыпыра ырдап чыгып кетишет. Аялдар дагы бар бирин-экин, төкмөлүк кылган. Менин айылым дагы – ушул Арал.

34. Тепчиме

Кайыңды айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – жылга, булак жана эки тал. Кайыңды айылынан батышты карай 1 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Оозеки тарыхы

Манасчы Асанкан Жумалиевдин айткандары:

Тепчиме деп аталып калганынын себеби, бул – атайын тепчип, оюп, кол менен жасап койгондой жер. Байыртан аталган аты ушул. Бул тараптан сыр көргөндөр айылда арбын. Анын бир шарты мындай: Ар жылда ар кандай болуп бир нерселер көрүнө берет. Аркы Кайыңды айылынын төмөн жагында, батыш жак тарабында көпүрө бар. Бир кезде жазуучу Чолпонбек Абыкеев да ушул жерде айыл өкмөтү болуп иштеген да, кайындарынын жеринде. Ал анча-мынча «Ааламга» жазып чыккан. Мен эми өз көзүм менен көргөн окуяны баяндайын. Менин балдызым турмушка чыгып калып, эми кыргыздын салтын билесиң да, алдыга жыгылып келет эмеспи. Жыгылып келип калышты. Биз Аралда турабыз. Тигилер Кайыңдыда – менин кайнатам. Анан кечинде конок күттүк, кудалар да кетмей болду, алар да Аралдан болушат, жакын эле жер да. Антип-минтип аларды жөнөткөндөн кийин өзүбүзчө бир аз отурдук, анан кетели дедик, «кой эми, тогуз чакырым эмне, барып калабыз. Эртең менен мал-кел бар, башкалар бар, чыгарабыз» – деп кетип калдык. Саат 2-3 болуп калган. Күздүн күнү. Ушу ноябрдын экисиби, жыйырма экисиби, айтор эки деген саны бар бир күн. Кетип баратып Тепчименин тушуна барып калдык. Эми ичибизде бар да баарыбыздын, кичине-кичине ичип алганбыз. Ошерге жеткенде, улуу сөздө уят жок, мен даарат ушатайын деп калып калбайынбы. Калып эле, эчтеке оюмда жок, ошол көпүрөгө жетээриме 10-15 метрдей калган. А тигилер топ болуп, 6-7 киши өтүп кетти. Калып калып, анан көпүрөнүн үстүнө келдим. Келсем эле бир ат турат, ээр токумдуу, тизгинин ээрдин кашына илип койгон, ноктону чубалжытып, көпүрөнүн чыгыш жак тарабына таштап койгон. Караңгыда кимдин аты экенин билбейсиң, карагердей ат. Анан ойлодум, бирөө ичип келип, дал ушул жерге келгенде жыгылса керек дагы, томолонуп тиякка, чылбыр-ноктону кармап жатып калса керек деп. Анан мындай карап турсам, ай тийип турат, эч ким жок, нокто жөн эле бош жатат. Же көпүрөнүн астына жатып калган болуш керек же башка болуш керек да. Анан дагы эле түшүнгөнүм жок, жолдун тияк-биягын карадым, эчтеке жок. Анан баягы атты минип алып, тигилерге чаап барайын дедим, анан кылт деп оюма түштү, «ай атаа, Тепчимеден ары бир нерсе көрүнө берчү эмес беле. Менин көзүмө көрүнүп бир балакет болбоюн» деген оюма келе түштү да, атты тегеренип өтүп, тийбей, көпүрөдөн өттүм, өтүп, артымды карасам ат турмак эчтеме жок. Ошол боюнча укмуштай тездик менен жүгүрүп, тигилерге жеттим го. Коркунуч бийлеп кетти да. «Ай, ат көрдүңөрбү силер жана турганда?». «Жок». Эч ким эчтеке көргөн жок. Бул менин өзүмдүн көргөнүм.

Аалынын (Туткучев) чоң атасы Турсунбек деген киши болгон. Өзүнүн атасынын аты – Төкөмбай. Турсунбек деген киши жөнүндө көп кеп кылышат. Ошол Аралдан кетип бара жатып, күн бешим болуп калган экен, караса бир улак турат дейт таштын үстүндө. Жолдун түбүнөн өтөт да таш. Анан чаап барыптыр. Эңип кетиптир улакты. Анан эңип кетип, астына өңөрүп алып, «жакшы болду, эми апарып союп жейин» дептир да. Бир топ баса түшкөндөн кийинби, же ошол таштын жанынан элеби, эркек-ургаачы экенин кармалап билейин дептир да, кармалап жатса эле тиги эркек экен да, «Ии, колуң толдубу?» – дептир улак. Ошол боюнча улакты таштаганын да билбейт, чапкан боюнча үйүнө келип жыгылып, бир жума жатып, оозу-баштарына учук чыгып, абдан кыйналып жатып араң оңолуп кеткен экен түлөө өткөрүп.

Аалынын аталарында куудулдук өнөр укмуш болчу. Кара сөздүн ырчысы эле да. Укмуштай сүйлөшчү. Аалыда да бар, атасы Төкөмбай да укмуш болчу. Бирок ырдачу эмес, кара сөздөп, куюлуштуруп сүйлөгөндө керемет эле.

Көп эле адамга аян болгон. Жакында болгон окуя: Амангелди деген бала машина менен кетип бара жатып, туура ошол Тепчимеге жеткенде машинасы бузулуп калыптыр. Май келбей калганбы, анан жанагы подсосту ары-бери кыймылдатайынчы деп сыртка чыгып, капотун ачып, майды келтирип алып, кайра жаап эле кетейин деп жатса машинанын жанында кой турат. Кармап салып албайынбы дейт. Салайын десе, нары басып кетет, улам жетейин деп калганда нарылайт. Көпүрөдөн өтөт, көпүрөдөн өткөндөн кийин чыгышка баратканда, ал жер дөң болуп, бир жагынан мурда топурак алынып, тегизделип, жар болуп калган. Кой жарчанын үстүнө чыгат. Улам жетем дейт. Илинип-илинбей эле тык токтойт. Баласы бар экен жанында. Аралык 20-25 метр экен – машина менен жанагы кой токтогон жердин аралыгы. Жуп кармайын дегенде кой жок болуп кетет. Тиги астын көздөй умтулайын дегенде, жардан учуп өлмөк экен да, жардын бийиктиги 20-30 метрге жакын, баласы кыйкырып жиберет: «Ата, ата, кыймылдаба, өлдүң!» – деп. Токтоп калат, караса кой жок, эчтеке жок, биягы жар, бир эле кадам болгондо учуп кетмек. Ошондой ар кыл көрүнүштөр болгон. Эл ал жерди мазар катары карайт. Өткөн-кеткендер куран окушат.

Leave a Reply