Кара-Буура району

1 2  3

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”
(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

12. Башат булак

Арчагул айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Мазар айылдын түндүк жагында жайгашкан. Мазар карт дарак менен тал-теректен жана булактан турат. Мазардын түштүгүндө жана батышында ача жол кетет. Мазардын түштүк-батышында 50-70 метр жогору айылдык мектеп жайгашкан. Бул жердеги булактын өзгөчөлүгү – башка булактардай тунук болуп жерден чыкпай, жолдун жанында жайгашкан чычырканактын жанынан чыгат экен.

13. Селкинчек (апалардын булагы)

Чолпонбай айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Мазар айылдын кире беришинде. Жанында мүрзөлөр бар. Батыштан чыгышка бараткан жолдун оң жагында ошол мүрзөлөр жайгашкан. Булак болсо мүрзөлөрдүн оң жагында жайгашкан. Булак дөңдүн алды жагында, Чолпонбай айылынын суусу болгон Карасуунун жээгинде. Карасуу чыгыштан батышты көздөй агат. Четинде 57 жаштагы зыяратчы Барпыгүл эже отургузган эки кош терек бар. Булактын дагы бир өзгөчөлүгү – андан чыккан суу түндүктөн түштүктү көздөй агат экен. Четтери таш менен торолгон, ичкенге суу алыш үчүн булакка атайын түтүк салынып коюлган. Анан мурда булактын жанында атайын тактай курулган экен, ошонун орду бар.

Оозеки тарыхы

Кызы Барпыгүлдүн айтымында аталган булак Саламат апа тарабынан 1994-93-жылдары оңдолгон. Саламат апа жана жергиликтүү эл тарабынан кам көрүлүп турат. Негизинен булактын пайда болгонуна 80 жыл, ал эми мазар болгонуна 60 жыл болуп калды, анткени 1945-жылдагы согуштан кийин зыярат кылына баштаган.

14. Кайнар булак

Бейшеке айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак жана терек. Ыйык Кайнар булак мазары Бейшеке айылынын түштүк жагында 3 чакырым аралыкта, эки тоонун ортосунда жайгашкан. Булактын жанында чоң терек өсүп турат, келген эл ошол терекке ар кандай чүпүрөктөрдү байлап кетиптир. Булакты толугу менен чычырканак басып калыптыр. Тоодогу мөңгүдөн аккан суунун жанында экен. Теректин алды жалаң таш менен кумдар. Анан чүпүрөк байланган бутактары жерде тебелендиде жатат. Терекке аябай көп жыл болсо керек, куурайын деп калыптыр. Булактын жанында ошол жерде жашаган адамдардын үйү бар. Ал үйдүн тегерек-чети талдар менен корголгон. Булак дөңдүн алдында жайгашкан.

15. Ак терек

Бейшеке айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – терек. Ак терек мазары ыйык Кайнар булактан түндүктөн түштүктү көздөй келе жатканда оң тарабында 500 метр аралыкта, тоонун боорунда жайгашкан. Чоң-чоң болгон төрт теректен турат. Теректердин жоондугу төрт адамдын кулачы жеткидей. Өйдө жагы бийик, тоонун чокусу. Тамырлары чоң-чоң болуп ачылып калыптыр, тим эле капкара. Теректердин бир бутагы чындап эле ак, калгандары кара экен. Сол тарабында жар бар экен. Теректердин узундугу 5 метрге жетет. Теректер бири-бирине жанаша кысталып өсүп турат. Тегерек-четинин баары тоо, жанында ар кандай өсүмдүктөр, таштар бар.

16. Наристелер булагы

Кызыл-Адыр айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Наристелер булагы мазары Кызыл-Адыр айылынын кире бериш жеринде чыгыштан батышка бараткан жолдо. Оң жагында чоң канал жайгашкан. Каналдын карама-каршысында сай бар. Ошол сайдан түштүктөн түндүккө көздөй 1 чакырым аралыкта үчүнчү булак жайгашкан. Анын алдында 2 булак бар.

Ал эми Кызыл-Адыр суусу түндүктөн түштүктү көздөй агат. Жанында атайын Кудай Тааланын каалоосу менен салынган кичинекей көпүрө бар экен.

Көпүрө жыгач же темирден эмес, кадимки топурактан жасалган экен. Ал көпүрөчө булак менен Кызыл-Адыр суусун бөлүп турат. Булактын көлөмү казандай, бирок бир аз сүйрү келет. Ал эми булактын суусу ошол көпүрөчөнүн астынан агып, Кызыл-Адыр суусуна барып кошулат.

Булактын ичинде эки чуңкур бар. Көбүнчө суу ошол жерден оргуштап чыгат, бирок ал чуңкурларды жакшылап карабаса, бир караган адамга көрүнбөйт. Жанында кичинекей чычырканактар өсүп турат.

17. Аксакалдар булагы

Кызыл-Адыр айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Аксакалдар булагы – Наристелер булагынан түштүктү көздөй 300 метр алыстыкта жайгашкан. Анын тегереги саздуу жер болгондуктан, айланасында көзгө көрүнөрлүк тал-теректер жокко эсе. Булак жердин астынан чыгат, суусу тунук, суусунун ичинде майда-майда таштар бар. Тегереги чымдуу, саздуу жер. Наристелер булагына салыштырмалуу Аксакалдар булагынын көлөмү чоңураак келет.

18. Бүбү апанын булагы

Кара Суу айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Ал Кара-Суу айылына батыштан чыгышты карай бараткан жолдогу, айылдын кире бериш жериндеги аялдамадан 100 метр аралыкта жайгашкан. Бул булактын ордунда илгери суу агып турчу экен, сел каптап кетип сууну алып кеткендиктен чоң сай пайда болуптур. Булак ошол сайдын түбүндө жайгашкан. Булактын тегерегин жергиликтүү эл атайлап цементтеп коюшкан, анткени көпчүлүк эл ошол жерден суу алып ичишет. Булак төрт бурчтук таризинде. Калган суусу кичинекей арык болуп, түндүктөн түштүккө карай агат. Булактын ичинде таштар, өсүмдүктөр бар, тегерек-четинде кичинекей теректер өсүп турат.

Оозеки тарыхы

Зыяратчы, азыркы пенсиядагы мугалим Шекер апа:

Илгери бул жерде Айылчы кызы Токтобүбү деген апабыз төрөчү эмес экен. Бул жерде анда булак жок, чоң арык суу акчу. Анан бир жылдары биздин айылды сел каптап кетти да, бул жердеги сууну алып кетти. Баягы суунун ордуна жол пайда болду да, жаңы чоң сай пайда болду. Анан Токтобүбү апа ооруп калат, көрсө кыргызчылыгы (1) бар экен. Алгач Таластагы Каныкей апанын булагына барат. Ал мазарга барып келгенден кийин көзүн ачтырат (2). Анан келип айылдагы сайдын көзүн ачтырып тазалатты да, өзү зыярат кылып барып жүрүп төрөп алды. Анан элдер да аябай касиеттүү экен деп келе башташты. Бул мазарга эми 30 жылдай болуп калды. Бүбү апа азыр жок. Кайтыш болгонуна 20 жыл болуп калды.

Ушул булактын жанында бир там бар, ошол Токтобүбү апанын баласынын тамы экен.

19. Дубана ата

Кара суу айылы (Жаңы жер, Кара суу, Балыкчы айылдары биригип, Бейшеке деп аталат. Ошондуктан бул айылды Бейшеке деп да коюшат).

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – үй менен мечит жана булак. Жайгашкан жери: Балыкчы айылына киргенде жолдун сол жагында Балыкчы ата деген дүкөн, жолдун оң жагында айылдын аялдамасы бар. Ошондон баштап чыгыштан батышты көздөй кетип бара жатканда болжол менен 150 метрден кийин Балыкчы көчөсүнүн оң жагында Дубана атанын булагы жайгашкан. Бул булакка атайын түтүк орнотуп коюшуп, суу ошол түтүктөн чыгат экен. Ошол эле жерде түндүктү көздөй 10 метр басканда айылдын мечити бар. Ошол мечиттин түндүк тарабында топурактан ийлеп тургузулган Дубана атанын боз үйгө окшош ылайдан жасалган кабыры бар экен. Үстү шифер менен жабылган. Ал эми кабырдын жанында 5 метр аралыкта Дубана атаны убактылуу аманатка койгон жери бар. Үч жер биригип Дубана атанын мазары болуп эсептелет. Бирок элдер көбүнчө зыяратка Дубана атанын булагына келишет.

Орозонун учурунда мазарга барганга болбойт экен, ошондуктан азыр элдер мазарга аз келип калган.

Оозеки тарыхы

Жергиликтүү тигүүчү Райымбек атанын жубайы Гүкү эженин айтып бергени:

Негизи Райымбек Атанын тукумунда касиеттүү адамдар өткөн экен. Эң биринчи Дубана Ата, Мырзаш, Курманкул, Бейшенаалы, анан Райымбек Ата. Дубана Ата өлөөрдүн алдында: «Эгерде мен өлүп калсам, мени Ыдырыс Атанын мазарына апарып койгула» деп айткан. Өлгөндөн кийин ушул айылдагы мечиттин жанына коюшкан экен. Анан кийин аманатын аткарып Ыдырыс Атанын мазарына алып кетели деп мүрзөсүн ачканда, денеси ошол эле боюнча экен, жөн гана сакал-муруттары өсүп кетиптир. Анан сакал-муруттарын алып, жуунтуп, кайра Ыдырыс Атанын мазарына коюшкан. Дубана Ата 100гө чыгып өлдү, ал эми бул мазарга 200 жылдан да ашып кетти. Анан ошо Дубана Атанын сөөгүн алып кеткенде, ордуна өзүнөн өзү эле чычырканак өсүп, жаткан жерди бүт тороп алган, аны эч ким деле тиккен эмес. Анан жанында шылдырап аккан булагы бар, ал эми чычырканактын көлөмү болсо үйдөй келет. Мазардын жанында атайын ылайдан камыр кылып ийлеп-ийлеп боз үйдөй кылып куруп, үстүн шифер менен жаап коюшкан.

Ал эми жанындагы булактын суусу кутурма оорусуна шыпаа, оозу мурду кыйшайган шал ооруларды жакшыртат, талма, тарамыштын тырышуусу ооруларына жакшы. Анан ушул адамдын тукумунда да, мазарда да аябай күчтүү касиет бар. Анткени Райымбек Атанын атасы – менин кайын атам мечитти оңдоп жатканда бир чал арак ичип келип, мечиттин жанынан жаман сөздөрдү айтып, кайнатамды тилдейт, ызырынат. Кайнатам эчтеке дебейт. Ошондо элдин бардыгы «бул адамдардын касиети кеткен го, тийишкен киши эчтеке болгон жок» дешет. Бирок көп өтпөй эле ошо киши мечиттин жанынан өтүп бара жатканда, как чалкасынан кулап түшөт. Ошондон кийин чалдын бир жагы шал болуп калат, ал чал азыр деле бар. Анан кайнатамдардын касиеттүү адам, алар түбөлүк орун алган жердин мазар экендигине элдин баарынын көзү жетет. Аябай кыйналып келген оорулууларга топурак жалатышат.

20. Чыбыр

Бакыян айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Ал Тамчы булак айылынын 3-көчөсүнүн түштүк жагында, көчөнүн башында жайгашкан. Бул айылдагы көчөлөрдүн аттары жок болгондуктан, сандар менен белгилеп коюшат экен. Бул айылда 5 көчө бар. 3-көчөнүн жашоочуларынын баары – күрттөр. Көчөнүн башында Чыбыр деген дөң бар, ошол дөңдүн капталында мазар жайгашкан. Атайын жергиликтүү эл суу алыш үчүн түтүк орнотуп коюшуптур, ошол түтүктөн суу агып турат экен. Жанында дагы 4 булактын көзү бар. Бешөө кошулуп арык болуп түштүктөн түндүккө карай агат.

21. Ойсул ата (же Ак тайлак) жана Кыдыр ата

Бакыян айылы

Кароолчусу бар – Жаманбаева Дариха

Мазардын түрү – булак. Жайгашкан жери: Бакыян айылынын Усупбек уулу Сарымсак атындагы көчөсүнүн №59 үйү, бул Дариха эженини дареги. Ал эми булактар Дариха эженин үйүнүн эшигинин алдында жайгашкан. Эки булак бири-бирине аябай жакын жайгашкан. Экөөнүн аралыгы 3 метр. Ойсул атанын көзү Кыдыр атаныкына караганда чоң, болжол менен узуну – 1 м, туурасы да – 1 м. Дариха эже үстүнө ар нерсе түшпөсүн деп Ойсул атанын булагынын үстүнө зым тор коюп, кичине суу алуу үчүн жылчык чыгарып коюптур. Ал эми Кыдыр атанын булагынын көзү аябай кичине. Дариха эже тегерегине таштарды тизип, тороп коюптур. Ал эми көзүнө узуну да, туурасы да 20 сантиметрлик төрт бурчтук темир коюп коюлган. Темирдин үстү ачык, булактын көзүн бүтөп калбайт. Көбүнчө элдер сууну Кыдыр атанын булагынан алышат.

Айгине уюму аталган булактарга кам көрүү максатында адегенде эки булакты кылдат тазалап, тегерете тордон корук жасап, үстүнө жаан-чачын тийбесин деген ойдо бастырма жасоо үчүн шиферлер менен камсыз кылган.

22. Тамчы булак

Тамчы булак айылы

Кароолчусу бар – Алымбекова Гүлжамал

Мазардын түрү – булак жана дөбө. Тамчы Булак айылынын эң аягында Дардаңов Мирлан атындагы көчөсүндө, Алымбекова Гүлжамал эженин үйүнүн башында болжол менен 100 метр алыстыкта Чывыр деп аталган дөң жайгашкан. Мазар ошол дөңдүн боорунда. Дөңдүн боорунда таштан турган жар бар. Жардын ичиндеги ар бир таштан тып-тып этип суулар тамып турат экен, ал тамган тамчылар кошулуп, анан булак пайда болот. Булак жардан тамчылап агып тургандыктан, жардын башы кандайдыр бир себептерге учурап кулап калган. Жанында эч кандай картаң талдар өскөн эмес, жалаң жаш талдар өсүп турат.

23. Чат

Молотов айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – тоо. Чат мазар Молотов айылынын түштүк жагында 3 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жолдон кетип бара жатканда 2 чакырымдан кийин жолдун оң жагында каракчылардын үңкүрү бар. 1 чакырымдан кийин кен бар, кендин жанында Молотов айылынын көлү бар. Мазарга кирердин алдында сол жагында Кара-Бууранын суусу, оң жагында Шилбилинин суусу агат. Кара-Буура суусунун өңү кара, ал эми Шилбилиники күрөң экен. Экөө кошулганда бир жагы кара, бир жагы күрөң болуп агат.

Мазар дөңдүн үстүндө жайгашкан, ал эми астынын баары мурда көрүстөн болгон экен, азыр тегизделип жердей болуп калыптыр. Ал жерди тебелешке, басканга, аралаганга уруксат жок. Мазарды 3 бурчтук тариздеги жыгачтар менен тороп коюшуптур. Шилбили суусунун жана көрүстөндөрдүн жанында чычырканактардан жасалган бир алачык бар. Ал алачыкты адамдар жасабаптыр, жаратылыштын жасаган керемети экен. Алачык узунунан кеткен 3 бөлмө экен. 1 бөлмөдөн 3 бөлмөгө чейин аралык 100 см (сантиметр). Жамгыр жааса ичине суу өтпөйт. Адамдар ошол жакка барып чай ичишет, түнөшөт. Мазардын түштүк жагы тоо болуп кетет. Тоонун ортосунда атайын жапыз жер бар. Ошол жер дубаналардын келген жери деп аталат. Жарды күн жылуу болгон убакта ошол жерге салышат.

24. Чаргын ата булагы

Шекер айылы

Кароолчусу – Ибраимов Керимбай

Мазардын түрү – булак. Ал Ак үй мазарынын түштүк-батышында 150 метр аралыкта сайда жайгашкан.

25. Маймак ата

Сулумаймак айылы

Кароолчусу бар – Сапарбаев Баймырза

Мазардын түрү – булак. Мазар Сулумаймак айылынын түндүгүндө 2-3 чакырым аралыкта, ал эми станция Маймак айылынан 6 чакырым алыс, айылдын түштүк-чыгышынан орун алган.

Мазарды түндүгүнөн Занил аттуу кишинин үйү жана элдердин участогу, батышынан 30-50 метр аралыкта автоунаа жолу, түштүгүнөн талаа жана адамдардын (талаада жайгашкан 5-6 адамдын) үйү, чыгышында дагы талаа курчап турат. Маймак ата мазарынын түндүк-батышында 10 метрдей аралыкта чоң таштарды жарып чыккан булак бар.

Оозеки тарыхы

49 жаштагы темир жолчу Касымаалынын айтымында «маймак» сөзү казакча – тайтак, майрык дегенди түшүндүрөт. Маймак атада булактар бар. Маймак ата бул суунун башы болуп эсептелет. Булактын пайда болуу себеби, биринчиден кудайдын кудуретинен, экинчиден, жаратылыштын касиетинен.

Булак «Маймак» деп ысымын алган адам зыяратчылардын айтымында чоң дарыгер болгон экен. Эл ар кыл кеселдин айынан тынбай каттап, ал эми дарыгердин көзү өткөндөн кийин деле аталган булакка бараткан эл «Маймак атага баратабыз» дешкенинен улам, булак Маймак ата аталып калган. Дарыгердин өзүнүн сөөгү дагы ошол жерге коюлган. Мазар 17-кылымга тиешелүү.

Убагында мал чарбачы, зоотехник, журналист болуп иштеп, журналист экенинде республикалык гезитке аталган мазар тууралу көлөмдүү макала жарыялаганын эскерип Чоткараев Атакан аттуу зыяратчы Маймак ата – касиети зор чоң мазар экендигин, Маймак атанын жери делген жер бир кезде баштан-аяк токой болгондугун, бул өзөндү жапайы канаттуулар, айбанаттар мекендегенин, 1906-жылы Ажыбек датканын баласы жолдоштору менен кушун алып, сейилге токойго чыкканда аны каман чалып кеткендигин, каманды өлтүрүүгө аттанган Отор мерген көздөгөнүн аткарып, сыйлык катары даткадан Маймак атадагы жер-сууну алгандыгын, 1928-1929-жылдары байлар кулакка кеткенде Маймак ата жана анын тегерегиндеги жерлер совет өкмөтүнө өткөндүгүн баяндады.

26. Тамчы булак

Жоон төбө айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Жоон төбө айылынын батыш тарабында айылдын четинде жайгашкан. Түштүгүндө 2-3 чакырым аралыкта Сулумаймак айылы жайгашкан, ал эми түндүгүндө айылдын аңы, чыгышында Жоон төбө айылынын тургундарынын үлүш жерлери менен короолору, батышында талаа орун алган. 2 метр бийиктиктен, жардын боорунан булак агып турат.

27. Сапархан атанын кайнар булагы

Жоон төбө айылы

Кароолчусу – Байызбеков Ооган, Байызбекова Элмира

Мазардын түрү – дөбө жана булак. Жоон төбө айылынын батыш тарабында айылдын четинде жайгашкан. Түндүгүндө айылдын дөңдүү сайы, андан ары тамдар (150 метр ары жакта), чыгышында 30-40 метр ары жакта Талас-Бишкек автоунаа жолу, батышында талаа орун алган. Мазар дөбөдөн, булактан турат. Дөбөнүн боорунда темирден кочкордун келбети түшүрүлгөн, ак сыр менен сырдалган сүрөт турат. Алыстан кочкор сыяктуу болуп көрүнөт.

Оозеки тарыхы

Кайнар булактын дагы бир аталышы – Сапархан эшендин булагы.

Бул мазардын кароолчулары Ооган Байызбеков менен анын жеңеси Элмира Байызбекова төмөнкү маалыматты билдиришти:

Мазарда Сапархан деген эшендин сөөгү коюлган. Ал олуя адам болгон экен, каза болуп мүрзөгө жашырылгандан кийин эртеси барып карашса, мүрзөнү оюп чыгып кеткен экен, кайып болуп.

Сапархан эшендин уруусу Чоодан болот, Чолпонбай айылынан, азыр жыл сайын неберелери түлөө өткөзүп турушат.

Кайнар булактын үстүндө дагы 22 майыптын бейити бар. Сапархан эшендин булагынын түндүк-батыш тарабында 20 метр аралыкта Аалихан мазары жайгашкан. (Аалихан деген жигит үйлөнө элек кезинде кайып болуп кеткен имиш. Ошондуктан Аалихан булак мазары деп коюшат экен).

Сапархан деген эшен бул азыркы кароолчулардын бири Элмира Байызбекованын таятасы болот. Элмиранын айтымында: Менин таятам Сапархан деген олуя киши болгон экен, ошол кишинин сөөгү коюлган жер минтип мазарга айланды. Бир жолу Сапархан таятам 50 жашында досуна: «Мен кайып болуп кетем, 6 айдан кийин Кайнар булактан тосуп ал» – деп айтат экен. Чындап эле 6 айдан кийин 6 айлык наристе бала болуп түшөт, өзү менен кошо аса таяк, анан ак кочкор ала түшөт. Анан досу ак бээ, кой союп, кудайы тамак өткөзгөндөн кийин таятам кайра мурдагы калыбына келет. Ал эми кочкордун залалы бизге көп тийди, жолу жакшы болгон жок, таятамдын 3 кыз, 1 баласы бар эле, баары каза болду, ал эми биз 2 бала, 4 кыз элек, эми болсо 1 бала, 2 кыз гана калдык. Ал кишинин жалгыз уулу дербиш сыяктуу болуп жүрүп, үйлөнө элек кезинде көз жуумп, таятамдан эркек тукум калбады. Таятамдагы касиет апама дагы берилди, апам чоң бүбү болду, бирок 59 жашында каза болуп кетти, аты Жамила (1914-1973) болчу.

Оогандын айтымында: Сапархан эшен атанын баласы тирүү кезинде ушул жерге келип жүрчү эле, уруксат бериңиз, ушул жерди курчайын деп андан уруксат сурадым, ал макул болду. Ошондон кийин курчалып, каралып жатат.

Leave a Reply