Кара-Буура району

This post is also available in: Англисче, Орусча

1  2 3

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде” (Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

1.      Олжобайды керген таш

Көк сай айылы Кароолчусу бар – Абдыраимов Жекшенаалы Мазардын түрү – таш менен тал. Олжобайды керген таш мазары Көк Сай айылынын борборуна бара жатканда түштүктү карай 1-1,5 чакырым аралыкта, Сары үңкүр эс алуучу жайынын жанында, тоо жакта, жолдун оң жагындагы дөбөдө (батыш тарапта 10-20 метр алыс жерде Күркүрөө суусу агып өтөт) жайгашкан. Бара жатканда сол жагында Чат тоосу башталган болот. Мазарда 1-2 м келген таш. Ташта ыр: Тайакеси Кудуке кармап алып, Таш төшөп тикенекке керип салып. Үстүнөн мал айдатып өткөргөн дейт, Олжобайды Кишимжандан ажыратып – делип, аягында Жекшен деген ысым жазылган. Узуну 2-3 метр, туурасы 1-1,5 м келген майда таштар төшөлгөн, ага адамдын сөлөкөтү түшүрүлгөн. Мунун чекелери таштар менен курчалган, 2 жаш тал отургузулган (2 жаш тал бири-бирин карап, ийилип турат). 2 жаш теректин жанында ташка чегилип жазылган жазуусу менен кызыл түстөгү, кыры чыккан, болжолдуу диаметри 1 метр келген 2 таш турат.

Оозеки тарыхы

Олжобайды керген таш мазары Олжобай менен Кишимжанга арналган Кара-буура районунун Көк сай айылында жайгашкан. Жекшен байке атасынын айтканын угуп, бул сүйүшкөндөрдүн көз жашы тамган жерди белгилеп, белги койгон. Ошондон кийин бул жерге бүбү-бакшылар, жалпы эл сыйынып өтүшөт. Жекшен байке мазардын пайда болуу тарыхын төмөндөгүчө түшүндүрөт: Атам Наркул жаш кезинде ээрчитип алып, ушул «Олжобайды керген таш» жөнүндө аңыз кылып айтып бергени эсимде. Олжобай тайэжеси Кишимжанга ашык болуп калат. Бирок, Кишимжандын куда түшкөн жери бар болчу. Ага карабай эки ашык акылдашып алып, кулак угуп, көз көрбөгөн жерге качып кетүүнү ойлошот. Бир күнү таң жамынып качып жөнөшөт. Арып-азып акыры ушул Чук-Терек деп аталган жерге келишет. Чытырман токой жанга жайлуу, сууда балыгы, кырда кекилиги, токойдо бүлдүркөнү бар, айтор, жашоо-шартка ыңгайлуу жер экен. Абдан чарчаган эки ашык сулк жыгылып, тырп этерге алдары жок жатып калат. Ошентип күндөр өтүп, капастан чыккан булбулдай болуп ээн-эркин сайраңдап өмүр сүрө баштайт. Алар үчүн эртеңки күнү эмне күтүп турганын ойлонбой, эки ашык сүйүүнүн кумарына канбай жашоо улантып жатканда кара булут каптагандай, издеп жер кыдырган таякеси Кудаке эки ашыктын өмүрүнө караңгы түн түшүрөт. Олжобайды абдан сабап, эс-учунан ажыратып, элдин эсинде калсын дегенсип алдына таш төшөп, үстүнө тикенекти таштап, керип салып, үстүнөн мал айдатып абдан кыйнап өлтүрөт. Кишимжандын кудайга үнү угулганына эч ким көңүл да бурбайт. Ошентип өлүгүн атка артып жөнөп кетишет. Күндүн ысыгынан эти жыттана баштагандан кийин азыр казак-кыргыздын жери аталган Куланды–Сай деген жерге мүрзө каздырып, денесин коюп көмөөрдө Кишимжан таякесинен уруксат сурап, Олжобай менен коштошуп чыгуу үчүн мүрзөгө түшөт. Олжобайдын маңдайынан өөп, «бул жашоодо сен жок жашоо мен үчүн караңгы түн, ошол үчүн түбөлүккө бирге бололу» деп өзү менен ала түшкөн ач албарс (2) шамшар менен өзүн жүрөккө бир уруп өмүр менен кош айтышат. Жаңылганын сезген таякеси ачууга буулугуп, «өлгөндө да силерди бирге койбойм» – деп, экинчи мүрзөнү каздырып, жанына коюп, Чук-Теректен алган эки чыбыкты экөөнүн мүрзөсүнө сайып кете берет. Ошол чыбык жетилип чынар терекке айланат. Кудайдын кудурети менен ошол чынар терек азыркы күндө айкалышып өскөн дейт. Өлгөндө жаткан жери башка болсо да, тирүүлүктө бирге дегендей, чынар теректин жалбырактары шуудурап, мен болсо аска ташты алып келип башына орнотуп, эки талды сайып, аска таштын бетине «Олжобайды керген таш» деп жазып, экинчи бетине чегип ыр жазып койдум.

2. Ажыдаар таш

Көк Сай айылы Кароолчусу жок Мазардын түрү – таш. Ажыдаар таш мазары Көк Сай айылынын борборунан бара жатканда түштүктү карай 1- 1,6 чакырым алыс, Сары үңкүр эс алуучу жайынын жанында, тоо жакта, жолдун оң жагындагы дөңсөөнүн боорунда (дөңсөөдөн батыш тарапта 10-20 метр алыс жерде Күркүрөө суусу агып өтөт) жайгашкан. Бара жатканда сол жагы Чат тоосунун этегинде, Күркүрөө суусунан тике чыгышты карай 5-10 метр жогору жайланышкан. Олжобайды керген таш мазарынан түштүктү көздөй 70-100 метрче жогору орун алган. Таштын үстүндө жылаандын элеси түшүрүлгөн. Көлөмү 1,5-2 метр келген, ичи чуңкурча таризинде. Жандарында чоң-чоң тоо таштары жайланышкан.

Оозеки тарыхы

Олжобайды керген таш мазарынын кароолчусу Абдыраимов Жекшенаалынын айтымында илгери-илгери бир өткөн заманда Күркүрөө суусунун жээгинде, Жийдели деген жерди (азыркы Сары-Үңкүр) мекендеп бир ажыдаар жашаптыр. Жол боюнан чоң ташты үй кылып алган. Ажыдаар ары өткөн, бери өткөн адамды да, малды да жутуп коюп тамактанчу экен. Бул шумдукту уккан элдин үрөйү учуп, тоодон тегизге түшө албай карым-катнаш үзүлөт. Ал ажыдаар күндөн-күнгө чоңойгондон чоңоюп, жолуккан нерселерин баарын оп тарта берет. Ажыдаарга каршы барганга эч ким чыкпайт. Элди чогултуп аксакалдар кеп курат. Баарынын башы шылкыйып, жер карайт. Атаңдын көрү, энеден эр туулбаган экен деп аксакалдар өкүнөт. Ошондо эл ичинен Чөкөн баатырдын кичи уулу чыгат. Чөкөн баатыр убагында эр сайышка (2) чыгып, алдына эч кимди чыгарбаптыр, эми жашы өтүп, колдон күч кетип, бели бекчейип, көзү чекчейип калган курагында укмуштуу жылаандын ушунчалык бүт өрөөнгө бүлүк түшүргөнүнө өкүнүп олтурган. Ошончо элдин ичинен суурулуп чыккан уулу Өтөгө ыраазы боло түштү. Сүйүнгөн эл жерден башын көтөрүп, ак сакалдуу карыя Теңирге көз чаптырды. Элдин жабалактап карап калганын сезген Теңир карыя колун жайып, ак батасын берди. Өтө жаштыгына, өткүрлүгүнө алданып, эртеси жөнөмөк болду. Кечке сүйгөн кызы Дилдежанга жолугуп, коштошот. Эртеси атын минип кылычын байланып жөнөй берээрде Чөкөн карыя колундагы алтын шакегин уулунун колуна салат. «Балам, мен канча деген эрдик жасадым. Ушул шакек мага күчүмө күч кошуп, ар дайым бел болуп, жеңиштерге жетишип келгем. Сага да жеңиш алып келсин» – дейт. Алдындагы карагер аты алып учкан Өтө жөнөп кетти. Күн өттү, кеткен Өтөдөн кабар болбоду. Элдин деми сууп, үрөйлөрү уча баштады. Ичинен өкүнгөн Дилдежан аңга кийген кийимин кийинип, түндө чыгып кетти. Эч кимге билинбей, сүйүүнүн күчүбү, айтор, денесин бийлеген коркунучтан бошонуп, акыл токтотту. Ажыдаар жаткан жердин бет маңдайындагы тоонун кырына чоң ташты көтөрүп келип койду. Ажыдаар келгенче ошол ташка жашынып олтурду. Түш оой, көзүң жамандыкты көрбөсүн, тоодой болгон шумдуктуу ажыдаар жылып келип ордуна жатты. Башын таштын үстүнө коюп, уйкуга кетти. Күндүн нуруна толукшуп курсагын тойгузган желмогуз түбөлүккө жарык дүйнөдөн кетээрин сезбеди. Ажыдаар катуу уйкуга киргенине ишенген баатыр кыз Дилдежан жаасын мээлеп башка атты. Ууланган жебе учуп барып уйкуда жаткан желмогуздун башына жабышты. Ордунан көккө атырылган желмогуз оозунан от төктү да, жерге кулады. Чытырман токой болуп жаткан Жийденин аймагы өрткө кабылды. Ошол ажыдаардын оозунан чачылган оттон Жийдели токою өрттөнүп, тыптыйпыл болду. Суналып жаткан ажыдаарга басып келген баатыр кыз Дилдежан ажыдаардын ичин жарып жиберди. Жутуп койгон Өтөдөн эч нерсе жок. Бир гана атасы Чөкөн чыпалагына таккан алтын шакек менен чыпалагы аш болбой калыптыр. Алтын шакегин чыпалагы менен алып, баатыр эр жүрөк кыз элине барды. Сүйүнгөн эл баатыр кызга ыраазычылыктарын билдирип, Өтөнүн чыпалагын шакеги менен жерге коюп, жердеп, баатыр кыз сүйүүнүн күйүтүнө күйүп жер кезип кеткен экен. Ошол ажыдаар таш чуңкуруна кышкы кар, жамгырдан толгон суу сакталып турат. Эл келип, сөөлү бар, денесинде жарасы барлар келип жуунуп, дарттан айыгып кетишет. Бүбү-бакшылар сыйынып турушат. Баарынан да сууда эмне касиет, керемет бар экени алигиче белгисиз. Бул азыр эл оозунда айтылып жүрөт. Канчасы калп, канчасы чын экенин эл өзү электен өткөрүп алсын.

3. Тайлак таш

Көк Сай айылы Кароолчусу жок Мазардын түрү – таш. Тайлак таш мазары Чат тоосунун батыш бөлүгүнүнүн баш жагында, кетип бара жатканда жолдун чыгыш бөлүгүндө, болжол менен 15-20 метр бийиктикте жайгашкан. Жанына барсаң жөн гана таштар жаткандай, бирок ылдый жолдон караганда төөнүн отурганындай көрүнөт. Аталган мазар Ажыдаар таштан ары 200-250 метр түштүк-батышта жайгашкан.

Оозеки тарыхы

Олжобайды керген таш мазарынын кароолчусу Абдыраимов Жекшенаалы төмөнкү маалыматты билдирди: Атам Бекманбет мени ээрчитип алып көптөгөн тарыхый окуяларды айтып бергени эсимде. Кыргыз элинде «атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны» деп айтылгандай, мен бүгүн сөз кыла турган жомок ушул аталардан балдарына калып келе жаткан уламыш. Өткөн ат-чабыш заманда калмак-жунгарлар басып кирип, кыргыздарды чаап, абдан эзген мезгилдеги бир окуяны айтып берсем. Ушул биздин өрөөндү басып алган жунгарлар сулуу кыздарды тандап, баатыр жигиттерди байлап алып кеткен. Ошондой сулуу десең сулуу, күнгө теңдешсиз, гүлдөй назик Нарынбеттин жалгыз кызын кошо алып кетет. Барганда эле жунгардын алтымыштагы ханы ашыктыгын жашыра албай, Каракөздү аялдыкка алмай болот. Канчалык каршылык көрсөткөнү менен кыз чалга токолдукка тийет. Күндөр айга, айлар жылга алмашат. Каракөздүн ботодой болгон көзүнөн жаш ордуна кан агат. Туулган жерин, элин сагынган кыз уктаса түшүнөн кетпеген курбу кыздарын, ата-энесин ойлогондо жүрөгү ооруп сыздайт. Кандай болсо да каапыр, аюудай болгон күйөөсүнөн бөтөн элден качып кетүүнү күнү-түнү ойлоп, санаасы бузулат. Көптөн күткөн күн да келип жетет. Хан жоо колуна кошуун алып бөтөн айылга жыйынга кетет. Кыз болсо өзү менен бирге келген ботосун ээрчитип түн жөнөп кетет. Канча азап-тозок тартып туулган жерине келет. Туулган жердин абасынан кере-кере жутуп дем алып, саамай чачын шамалга сылатып, рахаттана суусунан кана жутуп, жуунуп-чайынып, мына, ата-бабасынын конушуна жетерине кол созумдай калганда артынан топ аттын дүбүртү угулат. Шаша-буша буураны минип жөнөй берет. Артындагы куугун жакындап калат. Жаман-Кыя бир таман жол, төмөн жагында күр-шар аккан Күркүрөө суу. Ылдый карасаң баш айланат. Кокусунан түшүп кеткен мал эмес, адам болсо да, эч аянбай Күркүрөө суу күм-жам кылат. Бул жерден аярлап өтпөсөң, дүйнө менен коштошо бер. Аярлайын десе артта куугун бар, тобокел, тууган жерине келди, канкордон аянар эч нерсеси калбады. Жоо колуна түшсө өлөт, амал кылат, аны түшүнгөн кыз боз ингенди камчыланат. Тууган жерин сагынган боз ингенди артта келе жаткан коркунучтан кутултуш үчүн жан аянбай желе жортту. Жаман-Кыянын орто ченине жете келгенде көзүң жамандыкты көрсөтпөсүн, буту тайгак боз инген менен үстүндөгү кыз төмөн карай ачуу кыйкырыкты салып учуп, арманда боздоп гана албууттанган көбүгүн асманга чачкан Күркүрөө сууга түшүп, таштан ташка урунуп көздөн кайым болду. Артында ээрчиген ак ботосу кудайга үнү угулуп боздоп, ошол чөккөн жеринен турбай, эки көзүнөн аккан жашын төгүп энесин, арманда кеткен кызды күтүп жата берип, көргөн элдин зээнин кейитип, тургузса да турбай боздогон ак ботонун зары кудайга жеткенби, айтор, түбөлүккө таш болуп катып калат. Нарынбет кызы менен боз ингендин сөөгүн көптөн кийин төмөн жактан таап келип, жердейт. Азыр ошол ак бото чөккөн жер мазарга айланган. Бүбү-бакшылардын сыйынуучу жери, тоо үстүндө тайлак таш чөгүп жатат. Тайлак таш боздоп ыйлап, көздөн жаш агызгансыйт, канча жандар келип-кетип сыйынышат. Мал салып, түлөө кылып бышырышат. Тайлак ташта эмне деген керемет бар. Көп адамдар келип, муң-зарын айтат. Жакшы адамдын тилегине тилек кошот, жаман адамга сырын ачпайт.

4. Кочкор ата

Көк Сай айылы Кароолчусу – Жумагул кызы Алмаш Мазардын түрү – тал менен булак жана күмбөз менен кумурсканын уюгу. Кочкор ата мазары Көк Сай айылынан 20 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Эки тоонун боорунда, башкача айтканда Кочкор ата мазарынын түштүк жагында болжол менен 1-2 чакырымдан кийин Манас чокусу жайланышкан, ошондой эле төмөндөгөндө 200-300 метр аралыкта дагы тоо бар, Чат тоосунун аягы деп коюшат. Мазардын өзү булардан турат: чоң жоон тал, анын жанында кичине суу (мазардан 100-200 метр түндүктө жайгашкан булактын суусу) агып өтөт. Чоң талдын чыгышында 10-15 метр аралыкта жайгашкан 2 бөлмөлүү, түлөө (көксайлыктар кудай тамак деп айтышат) өткөрүүчү кичине там бар. Тамдын ичинде төшөк, палас, идиш-аяк, казан-табак, бычак, чыны-чайнек, сүзгү, жүзаарчы, отун ж. б. бар экен. Жанагы чоң талдан түндүктү көздөй 20-30 метр аралыкта бир эски күмбөз турат. Талдын түштүк-чыгыш бөлүгүндө 10-12 метр ары таш менен курчалган, таштын бийиктиги 1-1,5 метр, таш коргондун ичинде чычырканак өскөн, анын ортосунда дагы таш менен курчалган, өйдөрөөк жакка коюлган адамдын баш сөөгүнүн сөлөкөтү турат. Талдын түндүк бөлүгүнөн 7-9 метр аралыкта ортолору чыгыштан батышты карай аралыгы 3-5 метрдей 2 кумурсканын уюгу бар экен.

Оозеки тарыхы

Зыяратчылардын кээ бири бул жердеКочкор атанынсөөгү коюлган деген ойду айтышса, айыл аксакалдары Кочкор ата деген жер Нарында, Аксыда, Ысык-Көлдө дагы бар, демек бул жерлер тек гана Кочкор ата түнөп кеткен жерлер дешет. Кочкор ата Манас атадан бир кылым кийин жашап өткөн деген божомолдор айтылат. Жалпылап алганда, мындай мазарлуу жерге олуя, же бир таза, касиеттүү адамдардын сөөгү коюлган болот. Кочкор ата мазарын алгачкы кургандардын бири – Качкынбек деген карыя. Мына бул полду да (Кочкор ата мазарына жаңы тактайдан пол салышыптыр) ошол Качкынбек атанын баласы салып, түлөө өткөрүп, анан саат кое турган текчени ж.б. жасап кеткен. «Айгине» уюмунун изилдөөчүсү Дамира Иманалиева сураштырып, Качкынбек атанын үйүн таап, төшөктө ооруп жаткан ал киши менен чакан маек куруу мүмкүнчүлүгүн алыган. Кулагы да анчейин укпай калган картаң адам Кочкор ата мазарындагы зыяраткана 1941-жылы курулган болуу керек деген оюн айтуу менен төмөнкүлөрдү баян эткен: Башында ал жерде бир нерсенин, тамдын го, орду бар экен. Атам айтты, мечит жер болуп баратат, ошол өйдөрөөк болсо сообу тиеби, ошону көтөрүш керек деп. Анан атам экөөбүз ошол жерди жаңыртып, кайра курабыз деп аракет кылдык. Ал жердеги орун тиги мурдагы замандардан, бай-манаптын убагынан бери эле бар болсо керек. Бул жерге элдер көбүрөөк байырласа, бизге сообу тиеби дедик. Атам мени алып барып ошол жердеги таштарды пайдубалына деп чогулттурган. Ал убакта трактир, машине деген жок. Ошол таштарды эптеп эшек араба, ат менен чогулттук. Анан кийин дубалын тургузганга ошол жерге бейшемби күнү зыярат кылып барган элдер, кишилер, аялдар жардам беришти. Ылайын да бут менен тебелеп, ат менен тебелетип тургуздук. Муну жалгыз биз атам экөөбүз тургузган жокпуз, ошол элдер да жардам берди. Анан үстүн болсо кыргызча кылып эле камыш менен салаңдатып жаптык. Андан тамчы өтө берди, дубалы да кулайын деп калды. Төбөсүнө камыш бакал салып улам жаап келебиз, ал кайра эле кулайын деп калат. Андан кийин кайра дубалына да бир каттап ылай уруп, төбөсүн түз эле топурак ылай менен жаап койдук, ошондон кийин көп эзилбей калды. Эми баягы күнү да баламды ээрчитип барып, түлөө өткөзүп, пол салып келдик. Бирок эми дагы жетпегенин алып барыш керек, жыртык-тешигин бүтөп келиш керек. Бара албай жатам, тактага үчилтик каккыла дегем, билбейм балдар кандай какты. Эми бир-эки баланы салып алып барам го. 1954-жылы мен жайлоого чыктым. Кочкор ата мазарынын ары жагы саз болчу. Ошондо чабандар куран окуп өтүшчү. Ал эми зикир чалганда (1) боз туман аралап өтчү. Ал жерге (Кочкор атага) кире бергенде чоң таш бар, ага зыярат кылуу керек. Андан ары мазардын ичинде таш короо бар, ал короонун ичинде олуя ата бар. Ал калпак кийинген, короонун ичинде азан айтып отурат. Кочкор ата учурунда күчтүү мазар эле, эми болсо таарынгандай олуялары ошол жерден агып өтчү Күркүрөө суусунун бооруна чыгып кетти. Бул мазардын касиетинин кетишинин себеби, кээ бирөөлөр таза эмес болуп барышат, орустар дары чөп теребиз деп барышып, арак-сарак ичип ошол жерге түнөп калышчу жана дагы жолдун боюнда болгондонбу мал-сал айдап өтүшүп, эл анча барктабай калышты. Айылдагы Сыялы акем айтаар эле, 2 киши Кочкор атадагы талды кесейин деп экөөсү тең каза тапты деп. Бирөөсү ошол жерден гана мүрт кетти, ал эми экинчиси болсо кайбырап жүрүп (адам санына кошулбай жин оорусу менен ооруган) акыры жок болду деп. Кочкор ата мазарынын жанында, башкача айтканда, Кочкор ата мазарынын түндүк-чыгыш жагынан 70-100 метр аралыкта Кыз мазар (анча чоң эмес дөбөчө кыр) деген жана ошол эле жолдун четинде түндүк-чыгыш жагында 60-80 метр аралыкта Мерген ата мазары (чоң таш бар экен) бар жана анын жанында дагы бир мазар бар, ал кээде көзгө аппак кийимчен карыя болуп көрүнсө, кээде келишкен келбеттүү байбиче болуп көрүнөөрүн айтышат.

5. Дүйшөн ата (дагы бир аты – Жети булак)

Аманбаево айылы Кароолчусу жок Мазардын түрү – булак. Дүйшөн ата мазары айылдын чекерээк түндүк-батыш жагында, көчөгө кирүүчү жолдун боюнда жайланышкан 7 булактан турат экен. Автоунаа жүрүүчү чоң жолдон 360 метр түндүк-чыгышты көздөй жүрүү керек. Башкача айтканда 1-Май жана Калинин көчөлөрүнүн аяк ченинде, көчөнүн бүтүп жаткан ортосунда орун алган. Бир чоң жана үч кичине булак. Булактар жолдун чыгышында катары менен жайланышкан. Бирок учурда тазаланбагандыктан болуу керек, аларды топурак басып калган. Атайлап жер кылабыз деген максатта ошол айылдын бир баласы көмгөн дейт. Ошентсе дагы булактан суу чыгып жатат. Булактын чыгыш жагында саздак суу бар жана 5-10 метр ары Анарбек деген кишинин короосу болуп эсептелет экен, талдар тигилүү. Ал эми батышында да 20-30 метр ары элдин үлүшү, короо-жайлары орун алган.

6. Чоң дөбө

Аманбаево айылы Кароолчусу жок Мазардын түрү – көрүстөн. Чоң дөбө мазары Аманбаево айылынын чет жагында, түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Мазар жалаң көрүстөндөрдөн турат. Мазардын түштүгүнөн жол өтөт; батышында – саз, саздын жанында кичинекей көл жайгашкан; чыгышы – жол, сай; түндүгүндө – дөңсөө, аңча жайгашкан. Мазардын ичинде булак бар экен, бирок мүрзөнү тебелегенге болбойт, кирбөө керек дешет. Бирок ал жерге бүбүлөр кээде шам жагышат.

7. Кайнар булак

Кайнар айылы Кароолчусу жок Мазардын түрү – дөбө жана булак. Кайнар булак мазары Кайнар айылынын орто ченинде, башкача айтканда, автоунаа жолунун бүткөн жеринде жайгашкан. Бара жатканда жолдун оң жак бетинде, аялдамадан ары аркасын көздөй 5-10 метр жерде. Бара жатканда жолдун түндүк тарабында саздуу аянтча орун алган. Булактын батыш тарабында үлүш-огород, короо. Түштүк бөлүгүндө кичине-кичине дөңсөөлөр бар. Булак жакында (жарым жыл боло элек) цемент менен 4 бурчтуу болуп курчалган, чыгыш бөлүгү 50-80 см дей ачык. Цементтин бийиктиги – 0,5 метр.

8. Талдуу булак

Кайнар айылы Кароолчусу жок Мазардын түрү – тал жана булак. Талдуу булак мазары айылдын ичинде, түндүк-батышында, чекерээк жайгашкан. Мазар, аты айтып тургандай, чоң 4-5 адамдын кучагы жеткидей талдан жана талдын түбүнөн чыккан булактан турат экен, ошондуктан «Талдуу булак» деп аталса керек. Мазардын түндүк-батыш бөлүгүндө 15 метр келген саз бар. Батышында – айыл; түндүгүндө талааны көздөй жол чыгат. Түштүк-чыгышында адамдардын короо-жайы орун алган.

9. Чымоло

Кайнар айылы Кароолчусу жок Мазардын түрү – мүрзө жана булак. Мазар айылдын түштүк-батыш четинде 50-70 метр ары жайгашкан. Мазар мүрзөлөрдөн турат. Башкача айтканда, чоң мүрзө. Мазардын түштүгү – жайыт талаа; чыгышы, түндүгү, батышы – саздуу жер. Мазардын түндүк-чыгыш жагында 20 метрдей бери булак жайгашкан.

10. Кош дөбө

Кайнар айылы Кароолчусу жок Мазардын түрү – дөбө. Мазар Көк сай айылынан 2,5 чакырым батышты көздөй, Кайнар айылынан 1,5 чакырым чыгышты көздөй кеткен чоң жолдон 50 метр түндүктү көздөй аралыкта жайгашкан. Бийиктиги 3-4 метр келген эки окшош дөбө. Кош дөбөнүн түндүгү, чыгышы, батышы – талаа; түштүгүндө 20 метрдей бери чоң, узундугу 1,5 чакырымдай, туурасы 20-60 метр келген аң жайгашкан. Аңдын ичинде суу бар. Ушул жерден көп кырсык болот.

11. Арчалуу

Арчагул айылы Кароолчусу жок Мазардын түрү – арча жана дөбө. Арчалуу мазары Арчагул айылынын түндүк-чыгыш бөлүгүндө 4-5 чакырым ары жайгашкан. Мазардын түндүк бөлүгүндө чыгыштан батышты көздөй канал жана жол өтөт, андан ары айдоо жери. Чыгышында бир чабандын сарайы турат. Батышы дөңсөө, андан ары талаа кетет. Мазарда бийик дөбө, тал, арча бар экен, булак болуу керек, булактын изи турат. Дөбөнүн бийиктиги 8-10 метр келет, ичинде жылаандар көп. Көрүнгөн дөбөлөрдүн баары мүрзө, тебелегенге болбойт.

Оозеки тарыхы Аталган мазар туурасындагы зыяратчы, Чолпонбай айылынын тургуну Бегимкүл эже тарабынан берилген маалымат ушул: Арчалуу мазардын тарыхын билбейм. Бирок биз барганда ал жерде бир арча бар экен. Эки чоң бутакка кеткен экен, ортодо адам отура тургандай жер бар, тим эле ошол жерде бирөө отургандай болот. Арчалуу мазарда мен Асан ата деген киши отураарын билем. Эми ал мазардын касиети күчтүү. Биз барганда куран окугула деп өздөрү уруксат беришет. Бутактарынан сындырып, бир-экини берет, андан ашык бербейт. Биз негизинен уруксат берилген жерден гана алабыз, анан ал бутактардын таасири күчтүү.

Leave a Reply