Бакай-Ата району

This post is also available in: Англисче, Орусча

1 2 3

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”
(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

27-48. Нылды ата мазарлар бирикмеси

Өзгөрүш айылы

Кароолчусу Кудакеев Жеңиш

Нылды ата Эчкили тоо кыркасынын таштак коосунан орун алган. Башкача айтканда, ошол коону бүтүндөй ушул мазарга тиешелүү десек болот. Коонун башталышында эле, батыш жагында, чоң, жалпак таштын үстүндө сүйрү келген оюкча (диаметри ~1м.) турат жана ал оюкчадан оргуштап суу чыгып турат. Суу төмөн карай агып, коонун эңкейишинен шаркырап агып түшөт. Бул шаркыратмадан аккан суу чыгышты карай коонун аягына чейин барат. Ошол шаркыратмадан ылдыйраак (~ 40м), коктунун түндүк жак бетинен тоонун боору оюлган. Аны чоң үңкүр же ордо деп койсок болот. Үңкүрдүн ичинде дубалдын боорунан жылжып суу агып турат. Үңкүрдө казан асуучу үч очок, идиш-аяктар, жер төшөктөр бар. Бул Нылды ата мазарынын борбору – Ордо мазары.

Нылды ата бирикмеси өзүндө 23 мазарды камтыйт. Алардын бардыгы тең Эчкили тоонун этегиндеги Чоң туюк жана Кичи туюк деп аталуучу коктуда жайгашкан.

Төмөндө Нылды ата бирикмесине кирген мазарлардын аттары жана GPS (аймактын жайгашуу өзгөчөлүктөрүн айкындаган курал) менен такталган катар саны берилет:

1. Көз булак

2. Шаркыратма

3. Ажыдаар тал

4. Чоң үңкүр же Ордо

5. Ажыдаар үңкүр

6. Калпа ата

7. Жарылган жүрөк

8. Күзгү таш

9. Тамчы булак

10. Жалгыз терек

11. Бешик

12. Нылды атанын жайкы конушу

13. Дарбаза

14. Очок

15. Бала мазары же Бала бейит

16. Аккуланын мамысы

17. Бел ооруга шыпаа

18. Нылды атанын кышкы конушу

19. Нылды атанын ташы

20. Кыз булак

21. Семетей атанын турган жайы

22. Күйгөн арча

23. Арстан ата

Оозеки тарыхы

Нылды атанын ким экени тууралу айтып өтсөк. Жеңиш Кудакеевдин айтымына караганда ал адам Нух пайгамбарынан мурда жашап өткөн. Ал өмүрүндө үйлөнбөй жүрүп өткөн. Өзү табып болуп, элди ар кандай оорулардан айыктырган. Ошондой эле Нылды ата жаш кезинде 30 чакты балдарды өз балдарындай кылып, асырап, чоңойтуп адам кылган. Ал 60 жашка келген кезинде теңтуштары: «Жашың келип калды эми үйлөнбөйсүңбү, артыңда туяк калсын» деп, бир теңтушунун 15 жаштагы кызына үйлөнүүсүн сунушташат. Ошондо Нылды ата: «Мен үйлөнгөндө эмне болмок эле, мен үйлөнбөйм, силердин атыңар көп болсо бир кылым өчпөй жашайт, меники болсо канча кылым болсо да өчпөй сакталат», – деп жооп кайтарган экен. Нылды атанын: «Мен жашаган кездеги тоо азыр сай болду, сай тоо болду», – дегени арадан өтө көп кылым өткөнүн айгинелеп турат.

Талас университетинин кыргыз филология бөлүмүнүн студенти Назира Жусупова менен болгон маегинде Өзгөрүш айылынын тургуну Ооган молдо төмөнкүдөй маалымат берген: «Нылды ата Манас атадан бир топ мурун жашап өткөн. Манас атага 1000 жыл болсо, Нылды атага 2000 жыл болду. Элдин айтымы боюнча ал жерде үч тилди билген үч адам болгон экен, бирок адамдарга көрүнбөйт. Бирөө кыргызча, бирөө арабча, бирөө индиялыктардын тилинде сүйлөйт экен. Азыр болсо ошол мазарда сай бар, ал сайга уйчулар уйларын кайтарышат, уйлары болсо ал жерди булгашат. Эми азыр ушул мазарга кайсы жактан экенин билбейм, бир канча сом бөлүнүптүр. Аны пайдаланып, айылыбыздагы Жеңиш деген көзү ачык ошол мазарды карап, ичине мал кирбесин деп бекитип жатат. Ал жерге мен да баргам, боорум ооруп жүрөт эле. Барсам ал жерде бир киши бир аз жерди иштетип отурат экен. Анан мени үйүнө киргизип чай кайнатып берди. Кумшекери жок куру чайдын өзүн иче бериптирмин. Бир чайнек болчу, ичи үч литр чыгат, тойгонумду билбейм, баарын ичиптирмин, а үйдөн бир литр чай иче албайм. Ошол суу мазардын суусу эле, мазардын касиетинен болуш керек, үч литрди тойгончо ичтим. Боорум да, чарчаганым да басылды. Касиеттүү жер экенин ошондон билдим. Андан кийин көп ооруган жокмун».

27. Көз булак (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – булак. Мазар Өзгөрүш айылынын түндүк-чыгыш тарабында, 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Тегереги тоолор менен курчалган. Көз булакты кээ бирөөлөр Казан мазар деп коюшат экен. Көз булактын тереңдиги 1 м. болот. Суусу агып барып 6 м.ден кийин жар менен ылдый агып түшөт. Ал Шаркыратма мазары деп да аталат. Чоң таш оюлуп, булак анын түбүнөн чыгат экен. Үстүнөн караганда адамдын көзүн элестет. Казанга да окшошуп кетет. Ичи жылмакай, майда балыр сыяктуу өсүмдүктөр өсүп кеткен. Бул мазар Чоң туюктун төрүндө жайгашкан. Көз булактан Шаркыратмага чейин 95 м., 60 м.ден кийин 3,5 м. бийиктиктеги жардан ылдый түшөсүң.

1988-жылы Өзгөрүш айылынын тургуну Жеңиш молдо тарабынан тазаланган. Анын айтымына караганда 1930-жылдарга чейин тазаланып турса керек. Андан кийин кароосуз калган.

Айгине уюмунун мүчөлөрү тарабынан булактын көзү тазаланып, таштан тегерете тосмо коюлуп, кире беришине аталган мазар, анын кароолчусу жана мазарга кам көргөн уюмдун аты жазылган такта илинип коюлган.

28. Шаркыратма (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – шаркыратма. Суу 6 метр бийиктиктен ылдый агып түшөт. Мазардын капталы боз үйдүн жарымын элестетип турат. Тегереги жар сымал. Үңкүрдүн ичине майда балырлар өсүп кеткен. Келген эл басып өтүш үчүн суу агып түшкөн жерден бир аз нарыраак жерге чейин таштар тизилген. Бул мазар «Босого» деп аталат экен. Анткени Көз булакка келген эл ушул жерден суунун астынан өтүш керек экен. Өткөн адам тазаланат экен.

30. Ажыдаар тал ((Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – тал. Бул мазар Шаркыратма мазарынан 20 м. баскандан кийин 3 м. төмөндүктөгү сайда жайгашкан. Тал үч кулач чыгат. Талдан чыккан чоң он бутак бар. Талдын сол капталында кичинекей булак жардын боорунан агып чыгат экен.

31. Чоң үңкүр же Ордо (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – үңкүр. Ордонун баш-аягынын узундугу – 30 м. Келген эл казан асып тамак жасаганга, чай кайнатып ичкенге, отуруп тамактанганга, жатып эс алганга абдан ыңгайлуу жер. Булак тоонун капталынан 1м. 20 см. бийиктиктен ылдый агып түшөт. Тоонун асты үңкүр болуп калган. Келген эл ошол жерге отурушат. Ордонун чыгыш тарабында бир чоң таш турат. Ошого чыгып азан айтышат. Ажыдаар талдан Ордого чейин – 100 м. Үч кемеге, идиш-аяктар, бир казан, 3 чайнек дайыма ошол жерде турат. Келген зыяратчылар колдонот.

Айгине уюмунун мүчөлөрү тарабынан аталган мазардын тегерек-чети тазаланып, тегерете таш тосмо коюлган.

32. Ажыдаар үңкүр (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – үңкүр. Ал Ордого баратканда 160 м. калганда жолдун оң жак бетинде тоонун боорунда 40-50 м. бийиктикте жайгашкан. Таштар кулап, оозун жаап калган. Тарыхын эч ким деле так билбейт. Мурда ажыдаар ошол жерде болгон экен, ал ошол үңкүрдө жашачу экен деген эле кеп бар.

33. Жарылган жүрөк (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – таш. Таш жүрөк сымал болуп, экиге бөлүнүп калган экен. Ал бара жатканда жолдун сол жагында жайгашкан. Ордо мазарынан ушул жерге чейин – 900 м. Сол жагында жар бар. Мазар жардан 2 м. өйдө турат. Таштардын бийиктиги – 5 м., жалпы – 12 м. аянтты ээлейт. Жүрөк экиге бөлүнүп калган сыяктуу. Экөөнүн ортосун кичинекей таш кошуп, бириктирип турат.

34. Күзгү таш (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Кароолчусу бар – Кудакеев Жеңиш

Мазардын түрү – таш. Бети саргарт, безетки болгон аялдар, кыздар ушул жерге келип тобо кылып, бетине тийгизип зыярат кылышат. Күзгү таш деп аталып калганынын себеби: таш күзгүдөй жылма жана каранган кишилердин элестерин чагылдырат. Ташка күзгүгө карангандай каранса болот. Бул таш Жарылган жүрөктүн сол жагында 10 м. алыстыкта турат. Бул жерге бейшептеп койгондор (1) да келип зыярат кылса жакшы болуп кетишет.

35. Тамчы булак (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – булак. Ал 7-8 м. бийиктиктеги тоонун асты жагында жайгашкан. Тоонун боорунан суу тамчылап тургандыктан, аты ошондой аталып калган. Ичи жар сыяктуу. Эки жеринен суу тамчылап агып турат.

Эгерде пейили жакшы адамдар келсе, суу агат экен. Пейили жамандарга акпай коёт экен. Бул жер терс таасир алгандардын терс нерселерин тартып алат. Булак Жарылган жүрөктөн 300 м. алыстыкта, сол жагында, тоонун боорунда жайгашкан.

Мазар Айгине уюму тарабынан тор менен курчоого алынган, кире беришине мазардын, кароолчусунун, ага кам көргөн уюмдун аты жазылган такта тагылган. Таштардан адам отургудай орундуктар жасалган.

36. Жалгыз терек (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – тал. Мазар 3 метр бийиктиктеги эки коктунун ортосунда жайгашкан. Теректин бийиктиги – 12-13 метр.

37. Бешик булак (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – булак. Бул мазарга көбүнчө төрөбөгөн аялдар келип түнөп кетишет экен. Булак Тамчы булактан 230 м. алыстыкта. Булактан 10 метр түндүк-батышта бир чоң таш турат. Таштын түбүндө кемеге бар. Келген аялдар ошол жерге түнөп, кээде мал союп куран окутуп кетишет.

38. Нылды атанын жайкы конушу (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – тоонун боору жана тал. Чоң үч тал турат. Таш булактын суусу ушул жерден агып өтүп, сайга куят. Сайдын үстү жагында жыйырмадан ашык кишинин жайы бар. Кемеге бар. Негизинен Таш мазарга келген эл малын ушул жерден союп, ушул жерден жешет.

39. Дарбаза (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – таш. Бул төрүндөгү мазарларга кире турган дарбаза деп аталат. Ушул жерде чоң ташта 10 оюкча бар.

Шайык Жеңиш молдонун демилгеси менен кире турган киши жерден 7 таш алып, оюкчаларга киргизиш керек. Бир гана ташы түшсө да, бараткан кишинин каалоо-тилеги орундалат, кабыл алынат дейт шайык. Түшпөсө – бул эч бир терс нерсени алып келбейт, бир гана бараткан кишинин тилеги толук кабыл алынбай калышы мүмкүн деп Жеңиш молдо түшүндүрөт. Андай киши ниетин коюп, Нылды атага дагы бир келсе жакшы болот. Эгерде ыргытылган таш оюкчага түшпөй өйдө туруп калса, ал даража көтөрүлүштүн белгиси. Мазар сайдын оозунда жайгашкан. Бара-бара мазарда таш ыргытуу салтка айланууда.Тарыхы жагынан Манас атанын тогуз коргоолу болчу деп айтылат экен.

40. Очок (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Чырдашкан жаштар очогун бекемдеш үчүн шыпаа сурап «Очок» мазарына келишет.

41. Бала бейит (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – мүрзө. Бул мазар Туюктун ичиндеги мазарлардын бири болуп саналат. Бул мазардан дарбазага чейин – 430 метр. Бул кетип бара жатканда жолдун сол жагында 1,5 метр аралыкта жайгашкан. Мазардын түндүк жагында 30 метр аралыкта урап калган таш короо жайгашкан. Таш короонун ары жагында бийиктиги 6 метр болгон таштан жар турат. Мазардын 2 жагы, б.а. түндүк жана түштүк жактарында узунунан кичи тоолор кеткен. Мазардын жанында көлөкө болгон эч нерсе жок. Бейит майда таштар менен жарым метр бийиктикте корголгон. Бул жерде 5 жашар бала менен 3 жашар кыздын сөөгү коюлган дейт.

Оозеки тарыхы:

Шайыктын айтымында, азыркы учурдан 130-155 жыл мурда бир чабан ушул жерде кыштоодо отурган маалында 5 жашар баласы менен 3 жашар кызы кызамык оорусу менен оорушуп, экөөсү бир күндө каза болот. Кечинде агасы, таңга маал карындашы. Кардын көптүгүнөн айылдын мүрзөсүнө алып барып кое албай, үйүнүн бет маңдайынан эле экөөнө бир жай казып, ошол жерге коюп коет.

42. Аккуланын мамысы (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – таш. Нылды ата кыштоосунан түндүктү көздөй 95 метр аралыкта, бийиктиги 10 метр болгон тоонун үстүндө Аккуланын мамысы жайгашкан. Таш мамынын бийиктиги – болжол менен 15 метр, узундугу 8 метр. Таштын үстүндө бир таяк сайылган. Таяктын узундугу 1,5 метрдей келет. Бул таякты сайган койчуман таш мамынын үстүнөн түшкөндөн кийин бир колу менен бир буту паралич болуп иштебей калган деген сөз бар экен.

Оозеки тарыхы:

Манас ата Аккуласын ушул жерге байлаган экен. Бул элдин айтуусу боюнча.

Манас ата Аккуласы менен кытай-калмактарды кууп бара жатып ушул жерге жеткенде атын ушул мамыга байлап, астындагы акырына чөп салып берген экен. Ошондон кийин бул жер ыйык делинип калган.

43. Бел ооруга шыпаа мазары (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Бел оорулары менен ооруган зыяратчылар келип ташка жөлөнүшөт. Көчүк нервдеринин тамырларынын сезгенишине бул мазар алгылыктуу таасирин тийгизет.

44. Нылды атанын кышкы конушу (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – тоонун боору. Бала бейиттен бери 800 метрден кийин Нылды атанын кышкы жашаган жери жайгашкан. Бул мазар чоң жана кичи Туюктун ичиндеги мазарлардын оозу болуп саналат.

Төрүндөгү мазарларга жете албаган зыяратчылар ушул жерге эле зыярат кылып кете беришет. Мурунку учурда бул жер ордо болуп эсептелинген. Бийиктиги 8 метр, узундугу 20 метр болгон жар сыяктуу тосмо, б.з.ч. 33 кылым мурда болгон. Бул мазар Нылды атанын учурундагы кыштоосу жана элди көргөн жери болгон. Жардын оозу чыгышты карап турат.

45. Нылды атанын ташы (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Нылды атанын ташы аттуу мазарга зыяратчылар келип, ооруган тизелерин айыктырышат.

46. Кыз булак (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – тал жана булак. Мазардын түштүк жагында, булактын түбүндө бир чоң тал турат. Ошол талдын түбүнөн, тамырын аралап булак агып чыгат. Булактан түштүктү көздөй 15-20 метр аралыкта тоо сыяктуу таштар бар. Бул мазар жайгашкан жер Кичи туюк деп аталат. Булактын тегереги майда щиттер менен торолгон. Өзгөчөлүгү – тоо сыяктуу таштардын арасында көп көгүчкөндөр жашайт экен. Булактын түштүк жана түндүк жагы майда тоолор менен курчалган.

47. Семетей атанын турган жайы (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – тал. Илгери ушул талдын аймагында Семетей кырк чилтен менен турган деген имиш бар.

48. Күйгөн арча (экинчи аты – Беш жашар кыздын жайы) (Нылды-Атадагы)

Өзгөрүш айылы

Мазардын түрү – арча жана мүрзө. Мазар 10 метр бийиктиктеги тоонун үстүндө жайгашкан. Ошол жерде бир күйгөн арчанын түбүндө 5 жашар кыздын сөөгү коюлган деген уламыш бар. Сөөк коюлган жер тегерете жыгач менен тосулган. Арча мүрзөнүн батыш тарабында 1 метр алыстыкта жайгашкан. Анын үстү жагында чоң таш турат. Мазардын түндүк-чыгыш тарабында бир сарай турат. 1928-1930-жылдары ал жерде чочко багылчу экен. Мазардын чыгыш тарабында түштүктү көздөй өтө чоң эмес суу агып өтөт.

49. Ногой баатыр (Нылды-Атадагы)

Кызылоктябрь айылы

Кароолчусу бар – Мүзүрбеков Тарыхчы

Мазардын түрү – булак, камыш, чий. Кызылоктябрь айылынын түштүк тарабында 1 чакырым алыстыкта жайгашкан. Чыгыш тарабында 30 гектардай жерде алма бар. Жанында кичинекей сарай бар. Калган жеринин баары айдоо жерлер. Илгери бул мазардын орду шаар болгон, Ногой деген калмактардын баатырынын шаары болгон, анын шаары 300 гектар жерди ээлеген. Кыргыздар менен калмактар бул жерде салгылашып, Манас ата Ногой баатырдын элин бул жерден кууп чыккан. Ошондо Ногойдун эли качып, Ногой баатыр өзү ушул жерде каза болуп, сөөгү дагы ушул жерде калган. Бул жерде анын аталарынын, бир туугандарынын сөөгү да бар. 2001-жылы Мүзүрбеков Тарыхчы ушул жерде көмүлгөн сөөктөрдү казып, чогултуп жүрүп Ногой баатырдын чоподон жасалган идишин таап алат. Ошондон тарта бул жер ыйык жер аталып, Мүзүрбеков Тарыхчы ал жерге сарай салат, бак отургузат. Кароолчунун сөзүнө караганда кайсы убакта ал мазарга барбасын бирөө жүргөндөй сезилет, ошондой эле бул жерден жылан үзүлбөйт, б.а. жылан байырлаган жер. Көбүнчө бул жерге баш оору менен ооругандар, жин оору менен ооругандар, аракечтикке берилип кеткендер көп келет. Мазардын суусуна куран окуп бергенде келгендер сакайып кетишет дейт Мүзүрбеков Тарыхчы. Ошондой эле бул жерде ашказан оорусуна шыпаа чөптөр өсөт, дагы жүрөктүн кан тамырына жардам берген клюква деген өсүмдүк өсөт.

Leave a Reply