Бакай-Ата району

This post is also available in: Англисче, Орусча

1 2  3

[Бул текст “Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде”
(Бишкек: Айгине, 2007) китепте жарык көргөн]

10. Кереге таш

Көк Таш айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – таш жана булак. Мазар Көк Таш айылынын түштүк кереге тарабында, тоо арасында жайгашкан. Бийик чоң таштар турат, ар жерине көгүчкөндөр уя салган. Алыс эмес жерде кичинекей чөйчөкчөгө суу куюп койгондой болуп булак чыгып турат. Суусу туздуу, жылымык.

11. Жалгыз терек

Маданият айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – терек жана булак. Маданият айылынан чыкканда түштүк-батышта жайгашкан, оң жак бетинде Үрмарал суусу агат, эки капталы тең тоо менен курчалат. Терек өсүп турат, түбүнөн булак чыгып турат. Ал агып барып чоң сууга кошулат. Жолдо өтүп бара жаткандарга мазар экени анча байкалбайт

12. Бозтектир ата

Наматбек айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – таш. Күмүштак тоосунун ичинде жайгашкан, ал айылдан 15 чакырым алыстыкта турат. Аталган мазар 1,5 га аянтты ээлейт. Салмагы 15 тоннадай, бийиктиги 3,5 метрдей таш турат. Таштын образы Бозтектир атанын ташка жашынып отурганы, анын колдоочусу бүркүт болгондуктан арт жагынан караганда бүркүттүн канаты менен калкалап отурганы элестейт. Жанында булагы бар, сайда чоң агын суу, токою бар. Жанында дагы бир чычырканак бар, анда жип, чүпүрөк байланган. Оң жак тарабында дагы бир чоң таш бар, анын да касиети бар дешет, ошондой эле өсүмдүктөрү: арча, адрашман, бөрү карагат, чычырканак, чие, ыргай, чекенде, итмурун, булардын дээрлик баарысынын дарылык касиети чоң.

Булактын оң жагында таштан там жана анын катарында жаңы салынган бир бөлмөлүү чакан үй бар. Таштан турган тамды 1989-жылы Бүсада эже жана зыярат кылып келген башка адамдар биригип тургузушкан. Кийин 2002-жылы Наматбек айылындагы жашы 35 тер чамасындагы Чаткал деген бизнесмен бала соопчулукка жаңы бир бөлмөлүү там курдурган. Анын ичинде меш, чырак, шырдак жана башка ушул сыяктуу төшөнчү орундар, ал эми казан-аякка көңүл бура турган болсок,кыскасы, казандан тартып айры, бычакка чейин толук жабдылган, такта, үбөлүк, дасторкон ж.б.у.с. бар. Идиш коюлуучу текчеде: «Бул мазарлуу жердин буюмдарына тийбегиле, тийген киши жарыбайт» деген эскертмелүү кол жазма жазылган. Бул курулган эки тамга чейин илгери булактын сол жагында жайгашкан асканын боорундагы жерге зыяратчы, бүбү-бакшылар баш калкалап, от жагып, жар салып, түнөгөн экен.

Оозеки тарыхы

Бүбү Момбекова Бүсаданын маалыматы:

Илгери каапырлар менен мусулмандар кармашып, дин талашып, кыргын согуш болуп, шейиттер (өлүм) көп болгон. Бозтектир ата согуштун башчысы болгондуктан, ал өлгөн жоокерди же элдерди улам таш менен жашырып, белги кылып кете берген экен, аны каапырлар кубалап өлтүрөөрдө ал чоң ташка жашынып, ташка кандайдыр бир сыйкырдуу күч пайда болуп, ал таш эрип кетип өзүнө Бозтектирди жашырып алат. Бозтектир атанын колдоочусу бүркүт болгондуктан, ошол таштын элеси да аркасынан караганда бүркүт калкалап тургандай, бүркүттүн элеси чагылдырылган. Бул ташты эч ким жасаган эмес, ал өзүнүн табиятынан ушундай. Ошол кыргын болгон аймакта үймөк-үймөк таштар болсо, жогоруда айтып өткөндөй, жанагы шейит болгон жоокерлердин бейити катары эсептелип, бул жер бүтүндөй ыйык жер болуп эсептелет.

13. Кумуру баба

Наматбек айылы

Күмүштак тоосу

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – кумурсканын уюгу. Ал айылдан Күмүштак тоосуна кетип жаткан жолдун сол тарабында жайгашкан. Бийиктиги – жарым метрдей үйүлгөн топурак. Уюктун сол жагында тал, терек жана агыны чоң Күмүштак суусу, оң тарабында жол, бийик тоолор жайгашкан. Тегеректеги дарактар атайын уюкту калкалап тургандай көрүнөт.

14. Чумгент баба

Наматбек айылы

Күмүштак тоосу

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – өрөөн. Атайы белгиленген жер жок, бирок кандайдыр бир аймакты ыйык деп коюшат экен, ошол жердеги тоонун чокусунда тумарча көрүнүп турат, ошондуктан ошол аймактын баары Чумген ата мазары деп аталат экен. Ал жердин оң тарабы – тоо; сол тарабы – токой, агын суу, бийик тоолор. Бул жер эң кооз, керемет жерлерге кирет.

15. Арзымат ата

Бакай-Ата айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – күмбөз. Айылдын үстүндөгү бөксө тоонун үстүндө тургузулган, жанында көрүстөндөгү мүрзөлөр жайгашкан. Бүсада Момбекованын айтымында аталган күмбөз XIX кылымда 7000 эчкинин майына бышырылган кирпичтер менен курулган, пайдубалы арчадан тургузулган, бийиктиги 6 метрдей.

Оозеки тарыхы

Бүбү Момбекова Бүсаданын маалыматы:

XIX кылымда жашаган өтө бай, соодагерчилик менен элин баккан, малына сан жетпеген адам болгон. Ал ар дайым түштүк-түндүк дебей, соодагерчилик менен ар кайсы жакка байма-бай каттап турган. Аны көрө албагандар ашуудан келе жатканда астынан тонойбуз деп чыккан учурда Арзымат атанын сыйкырдуу касиети анын жалгыз караанын миң кишиге айландырып, адамды айбыктырган, демек, анын колдоочусу күчтүү болгон. Күмбөз анын тирүү кезинде тургузулган.

16. Сасык булак

Бакай-Ата айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Жайгашкан жери: тоо этеги. Булак саздан сарыгып бир куймага келет, суу алганга ыңгайлаштырып, аны адамдар түтүк менен узартып койгон, өзү жыш жайгашкан чычырканактардын арасында, суунун даамы сода натрий даамданат.

17. Актерек ата

Миң булак айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – терек жана булак. Мазар Эчкили тоодогу сайдын ортосунда жайгашкан. Ал жерде отуз түп терек өсүп турат. Баш жагы – картаң теректер, этеги жалаң жаш теректер. Теректердин өйдөрөөк жагында булак жайгашкан. Ал сайдын ичиндеги теректерди аралап өтөт экен. Суунун агымы жыбылжып жай агат. Ак теректин тегерегиндеги таштар, топурактар кызыл кумдуу. Өйдөрөөк жагында таш короо, өзүнчө таштан жасалган кемеге бар. Тегерегиндеги тоонун кырында таштан оюлган үңкүр бар.

18. Осек ата

Өзгөрүш айылы

Кароолчусу бар – Кудушова Анаркүл

Мазардын түрү – күмбөз. Осек атанын мазары Өзгөрүштөгү кирпич заводдун бет маңдайында жайгашкан. Кирпич завод болсо Өзгөрүш айылынын кире бериш жеринде сол тарапта жайгашкан. Бул мазарды Осек ата тирүү кезинде эле топурактан камыр жасатып салдырган экен. Күмбөз төрт бурчтук таризде, ал эми оозу түндүк жакты карап турат. Төбөсүнүн келбети – үч бурчтук.

Аябай көп жыл болгондуктан оң жагы урап, кулайын деп калыптыр. Тегерек чети атайы коргоого алынган эмес, тал-теректер да өспөйт. Күмбөз дөңдүн үстүндө салынганына болжол менен 100 жылдай болгон.

Оозеки тарыхы

Курташ мазарынын кароолчусу Кудушова Анаркүлдүн маалыматы боюнча: Осек ата да олуя болгон дешет. Анын баласы болгон эмес, ошон үчүн күн мурунтан өлө элегинде эле: «Эгерде мен өлүп калсам, мени ушул жерге коесуңар» деп мүрзөнү каздырып, арчадан жерине төшөтүп, жеңелерин чакырып кошок коштурган экен. «Менин жанымда жаткан пенделердин баарын адамдар күйгүзөт, а мен күйбөй силерди карап турам» деген. Айткандай эле алды кирпич завод болду. Адамдардын сөөктөрү чыкты, алардын баары өрттөлдү. Бир гана Осек атанын мазарына белгисиз себептер менен тие алышкан жок.

Бир бала ошол жерге ойноп барып майып болду. Осек атанын мазары тээ мурда изилденип, Москвага чейин барып келишкен, анан касиети күчтүүлүгүн билип, тийишкен эмес. Анан кирпич завод иштеп турганда бул күмбөздү сүздүргөн бала да кайтыш болгон.

Мурда жанында кирпич завод иштеп турчу, Осек атанын каргышы тийип, азыр бузулуп иштебей калды. Көптөгөн адамдардын, жаш кыздардын сөөктөрү чыккан. Бул жер мурда айылдын көрүстөнү болчу. Топурак керек болгондуктан, жерлерди казышкан.

19. Дөлөн атанын мазары

Өзгөрүш айылы

Кароолчусу бар – Кудушова Анаркүл

Мазардын түрү – көрүстөн. Бул мазардын тегерек-четинде эчтеке жок, жөн гана оюлган көрүстөн экен. Бул жерде Дөлөн ата көмүлүп, анан көмгөндөн кийин көрдөн чыгып кетиптир. Дөлөн атанын мазары Курташ мазарына жакын, экөөнүн аралыгы – 80 метр. Биринчи Дөлөн атанын мазары, анан Курташ мазары болот. Оюктун көлөмү чарадай, тегерек четинде тал-теректер өспөйт, жөн гана майда чөптөр өсөт. Мурда тешиги аябай эле чоң болчу экен, жылдан жылга кичирейип баратыптыр.

Оозеки тарыхы

Курташ мазарынын кароолчусу Кудушова Анаркүлдүн сөзү боюнча бул жерде Дөлөн деген олуя болгон экен. Ошол олуя Алланын жолуна түшөт, Аллага чын ниети, дити менен берилген экен. Эгерде мен үйлөнсөм жолдошумду жана баламды жакшы көрсөм, Аллага жакпай калам деп үйлөнбөй, балалуу болбой, дубаначылык кылып сайрап жүрө берген.

Өзгөрүш айылынын тургуну Ооган молдотөмөнкүлөрдү билдирди:

Төлөн (Дөлөн) ата 1903-жылы бар болгон. Туугандары Кеңаралда, Шаа деген уруктан болушат. Ошол жакта Райымкул деген молдо бар, ошонун туугандары болот. Анан айылда Курман деген баатыр балбан Түйтө деген айылга баратканда алдынан Төлөн дубана чыга калат экен. Ал киши олуя болгон да, а олуялардын көзү ачык болот. Жолдон өтүп бара жатып «Ээ Курман баатыр, бир сарала баш кудайың бар экен» деп айтат. Ал эми баатыр кишилер анча-мынча нерсени кайдан тоготсун, кулагына илбейт, тоготпой өтүп кетип калат. Анан Түйтөгө келип бир үйгө киргенде ал жакка отура албай, жинденип, оң жак кулагы, жаагы туташ бир паста эле шишип кетет. Чыдай албай, мен кетпесем болбой калды деп шашып калат. Үйүнө келгенден кийин «жанагы Төлөн дубананы чакыргылачы, Төлөн дубананы чакыргылачы» дей берет. Баягы баатыр жок, жаш баладай болуп алаңдай бериптир. Ошондо атчан 2 киши Төлөн дубананы издеп чыгышат. Анан жолдогу адамдардан Төлөн дубананы көргөн жоксуңарбы дешсе, эми эле өттү дешет, андан ары Орловкага барып ал жактан сурашса, алар да эми эле өттү дешет. Ошентип отуруп Ак-Дөбөгө жеткенде, ат менен кубалап табышкан экен. «Төлө ата, Төлө ата, кайтпасаң болбойт, Курман баатыр жаман болуп жатат» дешет. Ошондо ат минип чаап келишсе, Курман баатырдын жаагы шишип кызарып кетиптир, келип эле «Оо батыр» деп жаагына колу менен секин эле чаап коет. Чапканда баатыр кулап түшөт. Кулап түшкөн жерине тон, жууркан жаптырып, жаткыртып коет. Анан улак союп, казанга этин салып, эт бышкандан кийин Төлөн дубана «кел эми баатыр, тамакка кошул» дегенде тамакка кошулган экен.

Баатыр ошол окуядан кийин жөнөкөй адамдарды тоготуп, салам айтып калыптыр. Эми ошол Төлөн дубана өлөөрүнүн алдында Кеңаралдык туугандарына: «Мен өзүм бир кишимин, бирок мага атап 3 мүрзө казгыла, мен бирөөнө эле жатам. Үчөө дегеним, жердин алдын 1,5 метр казгандан кийин үч мүрзөдөн кол менен жасалган 3 түрлүү 3 башка буюм чыгат, ар бири касиеттүү буюм болот. Эгер аны 3 киши алып сандыгына салып, бекитип жүрсө, 7 муунуна чейин казыгынан мал кетпейт, ууру албайт, оору да болбойт» деген экен. Анан ал дубана өлгөндөн кийин биринчи мүрзөсүн казышса, гранит кызыл таш, кадимкидей чегилип жазылгандай, жип илип кое турган көзөнөгү да, бычак кайрай турган жери да бар экен. Көр казгандардын ичинде тууганы да бар экен, анан ошол ташты сен ал, тууганы болосуң деп жанындагылары айтышат. Анан ошол кишилердин арасындагы бир бай таштын касиеттүүлүгүн билип, үйүнө ат менен чаап барып бир кой өңөрүп келет. Анан ташты алган кишиге «бул ташты мага бер да, бул койду сен ал, мен суранам сенден, мага бер» дейт. Тиги кишинин куулугу жок экен, бир койго алмашып жиберет. А ташты бай алып кетет.

Ошол таш эми ушул убакка чейин белгисиз, анткени илгери байларды куугунтуктаганда кайда калганы дайынсыз болуп калган. Эми азыр ошол байдын уругунан ушул убакка чейин мал кетпейт. Ошондо мүрзө казган аксакалдар: «Ой, дубана үчөөнү казгыла дейт, дубана өйдө-төмөн айта берет, убара болуп эмне кереги бар, бул таштын колунан эмне келет, койчу, казбайбыз» – дешип, бирөөнү казып, дубананын сөөгүн ичине коюп коюшуптур. А Төлөн дубана болсо тирүүсүндө туугандарына: «Мени көмгөндөн кийин 3 күн, 3 түн мүрзөнүн жанына түнөгүлө» деген экен. Ким түнөсө менин жаным (жанды урук деп коюшат) ушул жерде калат, менин жаным ушул Бакай-Атанын жерин, Өзгөрүштү, кирпич заводду кыяматка чейин кайтарып жүрөт. Мен өзүм кетем, бирок уругум калат, жаманчылыкта отургузбайм деген экен.

Маселен, 16-кылымда бул жерге биринчи болуп 10 үйлүү орус көчүп келип, Кеңаралдын этек жагына отурукташкан. Ал эми Төлөн дубана айткан да, башкаларды отургузбайм, менин арбагым отургузбайт деп. Ошол учурда бул жерди Кокон хандыгы тарабынан шайланган болуш башкарып турчу. Ошол болуш «орус деген жаман, дини башка эл болот, буларды Кеңаралга отургузбайлык. Биздин жерибиз таза болсун, капырларды отургузбайбыз» дейт да, орустарга барып «3 күн уруксат берем, 3 күндүн ичинде бул жерден көчкүлө, эгерде көчпөсөңөр бул жерге кыргыз атчан аскерлерин алып келип сабатып чыгарам» дейт. Орустар коркконунан качып кетишкен. Жанагы Төлөн дубана «мен отургузбайм» дегенин аткарган экен.

Андан кийин бул жерге кирпич завод салынды, ошол жерде иштеген балдар таң атканча карс-карс деп темирлер үзүлүп чыгаарын айтышчу. Ширетип, сваркаланган темирлер үзүлүп кетет, буу казандар бар, алар жарылып кетет. Акыры сынып отуруп жарабай, иштебей калды. Төлөн дубананын касиети аябай зор экени ошондон байкалат.

20. Курташ

Өзгөрүш айылы

Кароолчусу бар – Кудушова Анаркүл

Мазардын түрү – кичинекей үңкүр менен булак жана тал. Ал Өзгөрүш айылына кире бергенде батышты көздөй баратканда сол жакта жайгашкан. Эски иштебей калган кирпич заводдун сол жагында, дөңдүн алдында жайгашкан. Дөңдүн үстү – узунунан кеткен жалпак таштар. Таштардын алды жагында адамдар чай ичип, жата тургандай орун бар. Келген зыяратчылар ошол жерге чай ичип, түнөшөт экен. Ошол жерде атайын казанга тамак бышырыш үчүн деп казан койгуч, тазалаш үчүн деп шыпыргы, отуруш үчүн деп төшөк коюп коюшуптур. Ал таштардын өңү башынан эле күрөң, анан капкара экен. Ооруган малдарды да ичине жаткызып айыктырып алышчу экен.

Эң кызыктуусу – таштардын үстүндө «кийик от» деп аталган чөп өсөт экен. Кийик от чөбү ашказанга, баш ооруганга, нерв болгондорго жакшы экен. Ал чөптү элдер алып кетишип кургатышып, анан кайнатып ичишет экен.

Жанында чоң бир терек өсүп турат. Бийиктиги болжол менен – 6-7 метр. Таштардын алдында булак бар экен. Аны атайлап булгабасын деп үстүн темир менен жаап коюшуптур.

Булактын суусу чыксын деп атайы түтүк коюшуп, ошол түтүктөн суу агып турат. Мазар дөңдүн алды, сайда жайгашкандыктан, тегерек-четинде караган, чычырканактар, тал-теректер көп.

Оозеки тарыхы

Кудушова Анаркүлдүн маалыматы:

Бул жердеги таштар узунунан кеткен курга окшош, ошон үчүн аталышы ушундай го. Анан толук тарыхын эч ким билбейт. А булактын атын мен өзүм Алтын булак деп койгом, анткени бул булак көп элге шыпаа болгон. Мисал үчүн өзүм ооруп кыйналып келсем, жакшы болуп калам. Анан мен ушул жерге палас салып коеюн дегем, буюрса алып келем. Ата-бабаларыбыз да мурда ушул жерге келип зыярат кылышчу экен, ооруган койлорун жаткырып, өздөрү да жатып алышчу экен. Мурда ушул жердеги талдын бутактарынын баары чүпүрөк болуп кеткен. Анан мен баарын бирден чечип, зыяратыңар кабыл болсун деп өрттөп жибердим.

21. Аты жок (Булак деп эле аталат)

Кыргызстан айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – булак. Кыргызстан айылынын жашоочусу Ашырматов Рыскулбектин огородунун этегинде жайгашкан. Булактын тегереги корукка алынган эмес, тегерегин кадимкидей майда чөптөр баскан, булактан 2-3 метр алыстыкта тал-теректер орун алган. Огород бүткөндө ары жагы сайча болуп, ылдыйга карай жарча сыяктуу. Ошол жерде булак жайгашкан.

Ашырматовдун кызы Ашырматова Сабиранын айтуусу боюнча: Булактын эле түбүндө мурда өтө чоң тал болгон, ал тал булакты жаап, басып калгандыгына байланыштуу талды араалап ташташкан (тегеректеги эле кошуналары, айылдын жашоочулары араалашкан). Кээде ал булактын ичине 2 ак жылан пайда болуп калат (дайыма эле боло бербейт, кээде гана). Булактын тегеригинде ар кандай жылаандар көп кездешет. Булакка жакын жайгашкан айыл тургундары булактын жанына келишип, кудай тамак. өткөзүп турушат. Кээде зыярат кылганы 2-3 кишиден келип кетишет.

Сабира эже айтат: «Менин кыргызчылыгым бар, эми менин билишимче мазар басышым керек го, үйдөгү булак да менден бир нерсе үмүтөтүп жатат, акчам жетиштүү болсо, куран окутуп коюшум керек. Себеби, ушул булак менин түшүмө көп кирет».

Leave a Reply