Үркыз булагы

Көлдүк айылы

Кароолчусу – Үсөнова Ибадат

Бул ыйык жер Өзгөн районунун Көлдүк айылында жайгашкан.

Мазардын түрү – булак. Булак кичинекей, туптунук, муздак. Жара, андан башка ар кандай ооруларга жардам берет. Айланасы калың чөп, кашааланган. Ал булак жер астынан чыгат. Мурда кароосуз калган, азыркы күндө жергиликтүү тургун, 1947-жылы туулган Үсөнова  Ибадат карап, тазалап, жыт чыгарып турат. Бул булакка көп адамдар келбейт, айланасындагы билген адамдар гана келет. Ал эми бул жерди өз кароосуна алган Үсөнова Ибадат табыпчылык кылат, балдарды эмдейт, өз кезегинде булактын суусун да дарылыкка пайдаланат (Исак кызы Нуржамалдын маалыматы).

Үсөнова Ибадаттын маалыматы:

Эсен деген балам ооруп калды. Оштогу бирөөнө барып, жүрөгүн көтөртүп келдим. Үч күндөй жүрөгүн көтөрткөндөн кийин, эртеси: “Өзгөнгө барсаң, Черемушкада эки бир тууган келин бар. Ошого барсаң, көрүп берет. Саратан күнү ошого барып жат. Силер аябай ак сөөк адамдар экенсиңер. Силер жашаган жерде бир булак бар. Аны эч ким карабайт. Силер барып, ошол жерди тазалап, сыйынсаңар болот”, – деди. Мен оруска көрүнүп жаткам да.

Тоонун боорлорун карап жүрдүм, каналдарды да карадым, жок, таппай койдум. Кийинки жылы көрүп калдым. Жогору жактан келатсам, сайга суу келип, каналга куюлуп жатыптыр. Ошол сууну бойлоп барсам, жардын боорунун түбүндө бир тал бар экен. Талдын тубүндө ушул булак бар экен. Анан булакты тазалап, эртеси орок көтөрүп барып, тазаландым. Шам жагып, куран окуп, жыт чыгардым. Ошентип, ошол суудан алып ичип жаттык.

Энемдин аруусу болгон. Кайненем катуу бакшы болуп, тогуз жашында көзүн ачкан. Ооруларды дем салып эле айыктырып койчу, арууркаган балдарды карачу. Андан кийин кайненем картая баштаганда: “Кел, балам, отур. Мына, баланы мындай кыласың, ушул баланы кый”, – деп, мени өзү карап кыйдырып, мен ошентип кайненемдин батасын алып, азыр бала-чаканы кыям. Анан жөргөлчө кылам, ооруп-сооруп калгандарды карап турам.

Бул жерге эч ким деле келбейт. Мен кружка коюп келдим. Азыр мазар мурдагыдай кароосуз эмес, тазаланып калды. Ошол кружка менен баклажкага суу куюп ичебиз. Мурда эл жанагинтип чөбүн орбой, мал багып жүрө берген. Бул жерде жашаган адам Черемушкада жашачу экен. Беш-алты жыл жүрүп анан бул мазардын ыйыктыгын билдим да, Үркыз деген ат койдум. Азыр адамдар Үркыз булак деп айтышат. Баарын Алла билет го. Бирок бул ыйык булакты бир ыйык нерсеге теңеш керек да. Үркыз деп түшүнбөй эле, Умай энелердин атынан койгомун.

Мен ыйык жер дегенди кандай түшүнөм? Ыйык жерлер – сыйына турган жерлер. Ыйык жерге барганда, өзүнчө бир бөлөкчө болосуң да. Өзүң барсаң, коркосуң, кандайдыр бир дабыш болгонсуйт, келме келтирсең, жок болгонсуйт. Келмеден өзүң чыйралып, көңүлүң жакшы боло түшөт.

Совет мезгилинде бул жерлерде сарайларда мал багылчу. Ошондо ушул жерлерди эч ким карачу эмес. Кийин-кийин бул жер ээлүү жер болду дешип, мал-сал кайтарып жатып ооруп калышты. Андан кийин ушул жерлерге куран окуп, сыйынышып жүргөн. Көрсө, бул жерлер ыйык экен.