Султаным

Өзгөн шаары

Кароолчусу – Шарабидинов Жалалидин, 58 жашта.

Бул ыйык жер 25 чакырымча шаардын ичине кирип, сол жагында жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – күмбөз.

53 жаштагы медврач Болотов Аскарбектин айтымында: “Ал жерде мунара бар. Мунаранын жанында Султаным күмбөзү болгон. Анын жанында XI-XII кылымдарда салынган медресенин орду бар, ал жерден караханиддерге таандык болгон өтө көп тарыхый эстеликтер табылган. Бирок ал жер толук изилденип бүтө элек. Кыргызстандын түндүгүнө салыштырмалуу, түштүк жергеси бузулбаган дыңга окшош. XIII-XV кылымдарда медресе бузулуп, төөгө жүктөлүнүп алынып кеткен. Султанымдан 63 адамдын сөөгүн табышып, Ленинграддагы музейге алып кетишкен. Султанымда жалаң хандардын, султандардын сөөгү коюлгандыктан, Султаным деп аталып калган. Бул жерге ата-бабалардын арбагына сыйынып, андан жардам сурап келишет. Мурда ал жерге эл көп келип, кан чыгарып, куран окутуп турушкан. Бирок азыр жаштардын эс алуу жайына айланып калган.

Оозеки тарыхы:

Мазар шайыгы Шарабидинов Жалалидиндин айтымында: “Мен кароолчу болуп 5-6 жылдан бери иштейм., эки жагын тазалап турам. Ушул жердеги мугалимдер суранышкандыктан, шайык болуп калгам.

Бул жер хандардын ордосу болгон. XII кылымдарда караханиддер ушул жерге келип отурукташып калган. Бирок караханиддер Самаркандка чейин барышкан. Самарканд жакпагандыктан, ушул Өзгөнгө келип отурукташып калышкан. Ошол кезде Нас-Ибн-Аль хан болуп турган. Ал кайтыш болгондон соң, баласы Хусейин-Аль-Ибн ушул Султаным мавзолейин курдурган. Бул жерде 63 адамдын сөөгү коюлган. Муну археологиялык фактылар далилдейт. Андагы сөөктөрдү Ленинграддагы музейге алып кетишкен. Султанымга элдер келип куран окуп, жети токоч бышырып алып келишип, зыярат кылышкан. Эгерде балдары узакка сапарга кетип жатса, жаман түш көрсө, бирөө менен урушуп калса, иши жүрүшпөй жатса, келип жыт чыгарып, куран окуп кетишет. Совет учурунда ададар көп эле келген, азыр жаштар көп келет”.

Турсунбаева Авазбек, 48 жашта, мунара, мавзолейдин директору: “2006-жылдан бери ушул жерде башчы болуп иштейм. 2006-жылы долбоор жазып, мавзолейди оңдоп, калган 15 обьектини көрсөткөм. Султанымга кеткен жолду оңдоп, жанына гүл, теректерди эгип, караганбыз. Бирок муну сугарган сайын, мунарага суу тээп, ным болуп кетти. Кийин Америкадан атайын адамдарды алып келип текшерттим. Алар гүл, бак-дарак кылганга жолду цементтегенге болбойт, себеби жааган жаан-чачын түшкөн жерине сиңип кетиши керек деди. Кайра жолду бузуп, гүлдөрдү го экпей койдук. Кудайга шүгүр, азырынча жакшы эле. Медресенин ордун башкача жаңылайбыз (консервация кылабыз). Азырынча жакшы метод табылбай жатат. Мисалы, Өзбекстанда атайын ушуга ылайыкташтырылып кирпич чыгат, же ошодон навес курабызбы? Бул жерге көбүнчө туристтер келишет, ал эми жергиликтүү эл зыярат кылат. Бирок бир нерсени бир эле Аллахтан сураш керек. Бирок, эл ишенип келишет экен, буга эч нерсе дей албайбыз. Кээ бирөөлөрү бала тилеп келсе, турмушка чыга албагандар, жаман түш көргөндөр зыярат кылып кетишет. Бирок ислам динин билген адамдар эч качан зыярат кылышпайт, ширк кошуп алат. Ата-бабаларыбыздын арбактарына куран түшүрүү керек. Кээ бир адамдар ушул жерге келип шам жагып, топурагын алып кетет. Жаштар келип, жазба десек болбой, аттарын жазып кетишет. Муну америкалыктар: “Өчүрбөгүлө, бул да бир кезде тарых болуп калат. Ошондо элдин психологиясын далилдейт”, – дейт. Мусулман жана чыгыш элдеринин маданиятын сакташ керек. Буга элдердин аң-сезими али жете элек. Жаштарга түшүндүрүп отуруунун зарылдыгы жок. Азыр дагы бир күмбөз салып жатабыз. Ал – Абду-Бакир-Ибн-Талибдин күмбөзү. Бул жерге да адамдар келип, зыярат кылышат. Мындан кийин Саид-Ибн-Бурхайдын күмбөзү бар, ал Өзгөн райондук стадионунда жайгашкан. Бул адам зынданга түшүп калып, ошол жерден сүйлөп берип, айткандарын бул жактагы шакирттери жазышат. Эгерде ал кайтыш болбой турса, 300 томдук китепти жатка билген деген божомолдор бар. Бул мазарлардын тарыхы 1000 жылдык. Мындан сырткары мечиттерге барыш керек. Ошол жерде зыярат кылышат. Өзгөн шаары – бул Самарканд, Оштон улуу шаар”.