Мазар-Булак

Кара-Таш айыл өкмөтү

Шоро аянты

Кароолчусу жок

Бул мазар Элчибек айылы менен Коргон айылынын ортосундагы Шоро деген жерде жайгашкан. Ал жайыт жер жана капчыгай болуп саналат. Мазардын түрү – булак. Бул мазарга мурда эл көп каттачу. Бүгүн эл анча деле көп каттабайт. Ал жерге бара турган же болбосо жанынан өтө турган машина жолдор жок. Бул дагы балким аталган мазарга зыяратчылардын аз катташына себеп болот. Жанында мал айдаган жолдор көп. Эл каттап, каттабаса дагы, аталган жер өзүнүн мазар атын өчүрө элек (Султанов Эркин, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы).