Мазар-Булак (Кыз-Мазар)

Өзгөн шаары

Дүң-Булак айыл өкмөтү

Бакмал (Чөнтөк) айылы

Кароолчусу – Алиман, 57 жашта.

Бул ыйык жер Бакмал айылынын кире беришинде жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – булак, долоно, мажүрүм тал (Асилбек кызы Акинай).

Оозеки тарыхы:

“Мазар беш бир тууган болгон: башы Кытайда, Советте, Өзгөндө, экөө Жалал-Абадда, пири – кыз” (Асилбек кызы Акинай).

30 жаштагы инженер-технолог, таза суу боюнча иштеген адис айымдын айтымында: “Мазар боюнча жазуу эч нерсе калган эмес. Мен бул жерди эс тарткан кезимден билем. Апамдардын айтуусу боюнча мурда бул жер Махмал деп айтылчу экен. Азыр болсо – Бахмал. Базарга алыстагылар келишет, жөөсү жөө, атчаны атчан. Ал учур Жаныбек казынын бийлик жүргүзүп турган мезгили экен. Муну тайнем аркылуу укчубуз, ошондо атам 20-30-жылдары туулган. Ошондон улам жомок сыяктуу болуп калган. Камыш басып, карышкырлар жүрүп, бул долононун түбүнөн булак сыяктуу суу чыкчу экен. Бул жөнүндө чоң аталарыбыз жакшы билчү экен. Бул жерди “Кыз-Мазар” деп аташчу экен. Жети бир тууган экен, бул мазар булак канчанчысы экенин ажырата албайм. Бул жерге бала тилеп, жолдорун ачтырганы келишет. Жумуштары жакшы болбой калганда, беш убак намаз окуп, үч күндөн зыярат кылып кетишет. Жолдору ачылгандары кайра келип, ыраазычылыгын билдиришет. Мисалы, балалуу болбогондор шам жагып, же кой союп, кан чыгарып, бул жердеги дарактардын түбүнө көмүп кетишет. Өзү кичинекей эле долононун түбүнөн чыккан суу, кайсыл жеринен кандай кошулганын биз билбейбиз, суу каналын кылабыз деп ишке ашпай калган. Кийинки жылы деле аракет болгон. Азыр деле айылды таза суу менен камсыз кылат. Зыяратчылар келип, ар түрдүү жараларын жууп кетишет. Төрт мезгил бою тең эле келе беришет. Мен эс тарткан кез менен бүгүнкү күндүн ортосунда мазарга байланыштуу эч айырма жоктой: мурда деле, азыр деле бирдей эл келет.

Мурдагы зыяратчылардын көпчүлүгү материал байлашчу, кийин ар кандай ойдо келе башташты. Чүпүрөк байлабай, тескерисинче, байланууларын чечип, сууга ыргытышат. Азыркы келгендер көбүнчө шам жагышат. Жети шам болот. Көзү ооругандар келет. Акча ташташат, бирок ал акчаны албаш керек, кайра оорусу сага жугуп калат дешчү. Акчаны эч ким албайт деп, Султанымга алып баргыла дейбиз. Нандан улук эч нерсе жок деп жети нан таштап кетишет, аны айылдагылар жеп коебуз. Үч жерге шам жагышат, талдын, долононун, бака теректин жанына жагылат. Бул жерде жети бака терек бар болчу, өзүнөн-өзү чыккан. Тал менен долоно өтө чоң, алар чоң аталарыбыздын учурунда эле чоң болчу. Түнкүсүн эмес, күндүз келгенден коркчубуз. Бул жердеги чүпүрөктөр жаанда калабы, же учуп кетеби, байланган чүпүрөктөр өзүнөн-өзү жок болуп кетет. Бул жерге эмчи-домчу кемпирлер зыярат кылганы келишет. Шыпаа таап кетти деп көбү келип, тазалап кетишет. Үйлөрүнө суу көтөрүп кетишет. Бул жерди айылдын эли келип тазалашат. Бул жердеги үй – мурдагы Горводоканал, азыркы Таза суу – мурдагы имарат. Ушул жерде элди таза суу менен камсыз кылышкан. Апамдар 40 жылдан бери бул жерде иштешет. Бул жерде иштегендерден 3-4 гана адам калган. Бул мазар булак канча пункттан турган, ошол эжелер гана билет.

Бул мазар булактын суусу эч кандай тоңбойт, кышында ысык, жайында, жазында муздак болот” (Нуркамилова Бактыгүлдүн жазып алган маалыматы).

Мазар шайыгы Алиман: “Мен 1958-жылы ушул жерге келин болуп келгем. Айыл аксакалдары көптү билишчү, алардын азыр көбү жок. Кайнатанын айтымына караганда, 28-20-жылдан бери мажүрүм тал дагы, бака теректер дагы турат. Улуу, касиеттүү талдар канча адамды көрүп коюшту. Кайсы бир кышта катуу шамалда дарактардын бутагы сынып калды.

Бул жерде илгери бир эле үй болгон экен. Калган жердин бардыгын камыш басып жатчу, кийин эл көбөйдү. Мазар-Булакка Мырзаке, Совет аймагы келип турушкан. Анткени мал базар алыс болуп, ушу жерге келип мал союп, кан чыгарып, зыярат кылып кетишкен. Кээде ушул жерге жатып калышчу. Бул жерде негизинен калмактар жашашчу. Айылдын жарымы – тажиктер, калганы – кыргыздар.

Бул жердеги долоно менн мажүрүм талга жамандык кылгандарга дарактар терс мамиле кылышат. Бул жердин биринчи шайыгы Умар деген киши болгон. Анын азыр көзү жок. Бул айылдын ортосундагы көчөнүн сол жагы – Умардын балдарынан тарагандар, оң жагы – кыздан тарагандар. Булак-Мазарга келип бакшылар кырк чилтен кылып, көзүн ачтырып кетишет. Бала тилеп жаштар, төрөй албагандар келип турат. Бала төрөй албагандар кан чыгарып, этин эзилтип кайнатып, айыл аксакалдарын чакырып, сөөгүнө бычак тийгизбей сыйрып алышып, сөөгүн булактын жанына көмүп кетишет. Мазар-Булактын жардамы менен көп эле келиндер төрөп, балалуу болушту.

Азыр Умар деген ал кишинин небере-чөбөрөлөрү бар. Анын беш кыз, бир уулу болгон. Уулунун аты – Нурмамат, ал дагы ушул жердин шайыгы болчу, көзү өткөн сөн, биз карап жатабыз. Зыярат кылганы келгендер булакка алтын, күмүш, акча тыйындарын ташташат, кийин балдар терип алышат. Менин да бир кызым бир тыйынын алган экен, кийин мурдунун жанына парсанактап, учукка окшогон, бирок андан чоң чака чыкты. Аптека менен оорукананын эч бир дарысынан жардам болбоду. Бир эже (Умардын чөбөрөсү) көрүп: “Сен булакка шам жагып, күлүн кызыңдын бетине кой. Балаң тыйын-тыпыр алып койгон окшойт”, – деди. Келип, шам жагып, күлүн койсом, бир паста кайтып кетти.

Нурмаматтын баласынын кемпири мен келгенде азиз экен. Аксакалдардын айтымына караганда, көрсө кемпир булакты булгап, өрдөктөрүн бакчу экен. Ушул жерден тукумдарын (жумуртка. – Айгине) жыйнап жүрө берчү экен. Кийин көзү азиз болуп, өмүрүнүн акырына чейин көргөн эмес. Булактан болду дешип калышчу. Зыярат кылганы ар кыл жактан келип турушат. Советтен келген бир аялдын жарасы өтө эзилип, күчөп кетиптир эле, жети жолу келгенден кийин айыгып кетти.

Мазар-Булактын суусу да башкача. Мазар өзү беш бир тууган болгон. Анын башы Советтен башталып, Өзгөндө эки булак бар, бирөөсү Жалал-Абадда, бирөөсү Кытайда экен. Кытайдагы булактан алтын ээр токум агызышса, ушул жерден чыккан экен. Мунун аты “Кыз мазар ата” дешет. Колдоочусу кыз болгон. Татаар аке деген бар эле. Анын ашказанында жара бар экен, врачтарга барып түзүк болбогон соң, ушул жерге келип сопу болуп иштеп калган. Анан бир күнү келип: “Эми мен түзүк болуп калам”, – деди. Эмнеге экендигин сурасам, “Түшүмдө керебетте жатсам, аппак кыздар келип, ашказанымды укалап жатышат”, – дейт. Айткандай эле, жакшы болуп кетти.

Келген көзү ачыктар булакта чачын жайган кыздын жаткандыгын айтышат. Көптөрдөн угам. Бул жердин ээси да ар түрдүү: чал, тайлак, ат, жылаан, Эгерде эртең менен туруп жыт чыгарып коеюн деп ниет кылсам, бутумдан эртең менен кадимкидей кытыгылап, ойготушат. Түшүмдө кыздар, балдар келип шарактап ойношот. Бул жердин пири жаш кыздар экен. Булакка ташталган акчалар Умардын тукумуна гана буюруйт.

Айылда үч бир тууган үй куруп башташып, мындагы бака теректин бутактарынан кыркып кетишет. Барып, тилдирип жатышканда, биринин колу кошо кирип, өлүп калат. Экинчиси жыгачтардын түгүндө калып калат, үчүнчүсүн үй басып калат. Эгерде ошондо кан чыгарып, куран окушканда, балким өлбөй калышмак. Долоно менен мажүрүм талдын касиети күч”.

Токсонбаева Якутхан, педагог: “Менин келин болуп келгениме 50 жыл болуп калды. Жашым 70 тен ашты. Менин билишимче, мен жаңы келин болуп келгенде, бир жумага жетпей сууга бардым. Мен анда мазар атаны билчү эмесмин. Суу алып үйгө кетип жатсам, көпүрөгө жеткенде, бутумдан мык кармап калды. Карасам, мык жок. Үйгө келип, энеме айтсам, мазар атам колдоп жатканын айтып, куран оку деп сунуш кылды. Куран окудум. Кийин дагы барсам, ишенесиңерби, 10000 чакты жылан жүрүптүр, Жылан бар жерде алтын да болушу мүмкүн. Бирок мазардын ээси да болушу мүмкүн. Түнү жатсам дагы үйдүн арты дүпүлдөй берчү, чыксам, эч нерсе жок. Мазар атанын ээси деп койчумун, жолборс, тайлак болуп көрүнчү. Бир жылы догдурга жатып калдым. Жанымда атинчен бир эже жатып, ага мазар атаны айтсам, келип кан чыгарып, куран окуду эле, мазар-атанын булагы кадимкидей кайнады го. Бирок кийинчерээк мен дагы жуунуп, даарат алып барып, куран окусам, булак дегеле кайнабайт. Булак атадан өткүр нерсе жок, бул жердеги жанындагы бактын отундары көбөйүп калса, сүмөлөк кылабыз. Совет мезгилинде булакка киргизбей куучубуз, кудайга шүгүр, азыр кысымга алган эч ким жок. Эгер патриоттор болсо, булакты оңдоп, эс ала турган жер кылып койсо, касиети өтө күчтүү. Жалал-Абаддагы 27 суунун өзү булак. Мазар ата жаман адамдарды дароо билет. Булактын суусу берекелүү кылат. Бул жерде да алтын болушу мүмкүн. Себеби, Кубат акенин апасы айнып калганда, “калды, калды, бир карапа алтын калды”, – деп кыйкырчу эле” (Асилбек кызы Акинайдын жазып алганы).