Мазар-Булак

Ак-Жар айыл өкмөтү

Какыр айылы

Кароолчусу – Аскоров Кадырбек

Бул ыйык жер Аскоров Кадырбектин огородунда жайгашкан.

Мазар-Булактын пайда болушу тууралуу мазар ээси өзү төмөнкүлөрдү баяндайт: “Менин бул булакты ачышыма ооруганым түрткү болду. Ооруганда да башкача ооручумун. Эсимди жоготуп, өзүмдү-өзүм билбей калчумун. Ушул акыбалым аябай оорлошуп, 35 жыл оорудум. Апам ооруканадан оорукана калбаганда, кыргызчылык да кылып көрбөйсүңбү деп айтты.  Ал мага туура келгендей башымды ийкедим. Ошол күндөн тартып молдолорго бара баштадым. Кара-Суулук бир молдо Мырзакелик Уулкан аттуу аялга жиберди. Ал мени окуп, тазалап, көзүмдү ачты да, кайра ошол молдого жиберди: “Эми сенин тагдырың ошол молдонун айтымы менен чечилет”, – деди. Мен коркуп, бирок барбай кое албай, бардым. Барсам, отургузуп алып аябай окуду да, “Сен кудаанын кудурети менен булак ачасың, булактын аты – Мазар, эсиңден чыгарба”, – деп айтты. Мен таңгалып: “Айылым какыраган жер болсо, огородума да сууну зорго алып келсем, анан кантип булак ачам?”, – дедим. “Сенин огородуңдун чекесинде даараткана бар, даараткананын жанында жаңгак бар. Жаңгак ыйык, ага балта тийгизбе. Булакты ошол жаңгактын жанынан алып чыгасың”, – деди. Мен буга ишенген жокмун, молдонун айтканын кылган да жокмун, ошентип, кайра баштапкы абалыма түшүп калдым. Айлам кетип, кайра ал молдого барсам, “Эми айтканды кыл”, – деп, кайра окуду. “Биринчиден, аялың төшөктөн турбай, ооруп жатып калат. Экинчиден, бодо малың кырылат. Үчүнчү, балаңа жара чыгат. Ошолорду өзүңдүн окумалың менен айыктырып, үй-бүлөңдү, малыңды сактап каласың”, – деди. Так ошол иштер башымдан өттү. Булак ачтым, кудайга шүгүр, өзүм да, үй-бүлөм да жакшы. Мына, көзүмдү ачтырып, булак ачканыма 14 жыл болду. Бул жылдардын аралыгында жүрөгү түшкөндөрдү, оозу, көзү кыйшайгандарды, жараларды окумалым менен айыктырып, түзөтөм (Жумашбекова Гүлнардын маалыматы).