Котур-Булак

Мырзарык айылы

Кароол аянты

Кароолчусу – Сакиев Канатбек Турганбаевич, 1961-жылы туулган.

Бул ыйык жердин түрү – жалгыз тал.

Ыйык жер Мырзарык айылынан кирип, көчөсү бүткөндөн кийин, айылдан бир чакырым четте жайгашкан. Чыгыш жана батыш жагында тоолор бар, ал эми түндүк жээгинде, бир чакырым четте Компроват суусунун чети өтөт. Тегерегинде ошол айылдын тургундарынын эгиндери эгилет. Булак муздак. Үстүндө баткагы (грязы) бар, аны шайыгы ар дайым тазалап турса да, кайра бетине топтолуп кала берет. Талдын түбүнөн бурк-бурк этип, муздак таза суу чыгып турат. Талдын сол жагында атайын шам жагуучу таш жайгашкан. Айланасы бүт зым тор менен оролгон. Ал торлорго келген элдер чүпүрөк же акча байлап кетишет. Кээде акчаны булактын бетине ташташат. Атайын жуунуучу же киринүүчү, камыш оролгон, башка жакка көрүнбөөчү жери бар. Ал жерге баргандар жуунуп, курганып, кийинип кетишет (Нуркамилова Бактыгүл).

50 жаштагы үй кожойкеси Сапаргүл: Бул булак мен туулгандан бери бар. Бул – аллергия, жараларды жок кылуучу булак. Менин апам ушул жерден шыпаа таап кеткен, бизди да ар дайым ушул жерге алып келип турчу. Мен да ар дайым бул булакка келип турам. Себеби, мени бир молдо үч жерге барып куран окуп, зыярат кыл деген. Анын бири – Сулайман-Тоо, экинчиси – Султаным, ал эми үчүнчүсү – ушул Котур-Булак. Экөөнө тең бардым, бүгүн жети нан кылып, бул жерге келген элем. Кудай тилегендин тилегин берет дегендей, үйдөн жети нанды чын дилден кылып чыктым эле, пешенемде булакта жети адам болуп калды. Мен өзүм Кароолдук болом, бул айылга келин болуп түшкөмүн. Жакшы ниет кылып берип кой дегенинен, атайын келгемин. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, бул жерге жакшы кызыгуу менен келе беришпейт. Бирок мен ушуну айта аламын, бул булактын касиети күчтүү.

Абдылазизова Ыкыбал: Мен өзүм Оштон болом, Түштүк-чыгыш кичи районунан. Күндөнбү же чаңданбы, өзүм да билбейм, мойнум, колум, көрүнгөн жерлеримдин баары аллергия болуп жатат. Чынын айтсам, барбаган жерим калбады. Эч жерден шыпаа ала албадым. Бир тууган сиңдим ушул айылга келин болуп түшкөн. Кечээ телефондон сүйлөшүп жатып, аллергиям көбөйүп кеткенин айтсам, “Биздин айылда бир булак бар, ушул жерге келип жуунуп кетпейсизби”, – дегенинен, келген болчумун. Мурда деле айтып калчу, бирок мен маани берчү эмесмин. Кечээ келдим. Аябай начар болчу, бир жууганда эле белги берди. Үйгө суу алып келип, ал жактан да жуундум. Кудайга миң мертебе шүгүр, жакшы болуп баратат. Бүгүн да келген кезим. Эртең да бир жуунуп кетейин деп жатам. Бул булактын касиети мени аябай таңгалдырды. Канча жолу укол алдым, бирок таасири болгон эмес. Шам жактым, бирок шайыгы туура эмес жерге жагыпсыңар деп жатат. Бүгүн болсо бул ташка жагып жатам.

32 жаштагы үй кожойкеси Гүлбарчын: Эжем Ыкыбалды бул булакка ээрчитип келгемин. Бул булактын касиети менин үй-бүлөм үчүн өтө маанилүү. Себеби былтыр 12 жашар кызымдын бутуна аябай жара чыгып, бул жакка үч жолу алып келгенден кийин, баягы жаралары, кудайга шүгүр, жок болуп кетти. Ошондо эжеме айтсам, көңүл бурбай жүрүп, мына көбөйүп кеткенде келди. Келген күнү жууганда, дароо бозоро түштү. Өзү да мурда эле келбей деп сүйлөнүп отурат. Эми мен эч нерсе билбейм, касиети күчтүү экенин гана айта аламын. Өзбекстан, Жалал-Абад, башка жактардан көп келишет.

 

Оозеки тарыхы:

Мазар шайыгы Сакиев Канатбек: Бул мазар ата-бабаларыбыздан келаткан ыйык булак болуп эсептелет. Аксакалдардын айтуусуна караганда, 20-30-жылдардын аралыгында элди бир жара оору басат экен. Чоң молдо келип, ушул жерден дем салат экен, кийин адамдар жакшы болуп кеткен экен, ошондон Котур-Булак деп аталып калган. Ал жактан бул жакка келип жуунуп, жаралары кетип калган экен. 1981-жылы менин атам ыраматылык  Сакиев Турганбай бул жердин суусун алып, Бишкектеги Илим-изилдөө институтуна жөнөтүп, тутумунда жараларды жок кыла турган зат бар деп лицензия алган экен. Раматылык атам айыл аксакалдарын чогултуп, короосуз жаткан жердин чекелерин тосуп, кудайы кылышып, тазалашып, ошондон улам эл сыйынып, зыярат кылып турушат. Бир-эки жылдан бери мурдагыдан да тазараак кармаганга аракет кылып турам. Элге пайдасы чоң. Ал тургай ушул булакка келип жуунгун деп догдурлар да сунуш кылышат экен.

Мен келгендерден сурайм да, каяктан келдиң, эмнеге келдиң деп. Ошондо догдур жөнөткөнүн айткандар бар. Бул жерге ар кандай курактагылар келишет. 2 жаштан 12 жашка чейинки балдарды алып келишет. Жашы өтүп калгандар, 50-60 жаштагылар келишет. Өзүбүздүн айылдагылар, райондун тегерегинен келишет. Өзүм гезитке берейин деп жаткамын. Силерге окшоп угуп келип, сыйынып кетишет. Келгендерге өзүнчө бир дептер ачып коеюн деп, муну да кылбадым, каерден келгендерин жазып коюп турушса, жакшы болот эле. Кээ бирөөлөрү эки жолу келет. Бирөөлөрдүн айтуусу боюнча бир өзбек аял келиптир, өзү Намангандан болот экен. Бул жерден шыпаа тааптыр да, колундагы алтын браслетин бул жерге таштаптыр. Мен келсем, балдар ызылдап жатышыптыр. Эмне болгонун сурасам, айтышпайт. Бир нерсе издеп жатабыз дешет. Бирөөсүнөн алдап сурасам, ошол эже кулагындагы сөйкөсүн, колундагы шакегин таштады эле деп издеп жатышыптыр.

Анан бирөө Ташкенттен келди, 35 жаштан өтүп калган киши экен. Ушул жерге жуунуп кетип, кийин келип кудайы өткөрдү, бул 2008-жылы болгон окуя. Бул жерге келгендер жети токоч, жети шам алып келип, жагышат. Келгендерге акчаңды мага бербе, сууга эле салып кой дейм.