Бурханиддин Кылыч

Өзгөн шаары

Өзгөн айылы

Кароолчусу – Жохонгир, жашы 45-50лөрдө.

Бул ыйык жер – Өзгөн районунун Өзгөн айылындагы бейиттин аягында, чет жагындагы кичинекей тамга окшош мүрзө. Ал “Мир” паркынан бир чакырым алыстыкта жайгашкан. Мазарга барган жолдун эки жагында жайгашкан бейиттер дөңдүн үстүндө, башкача айтканда, жолдун эки жагында эки дөң, дөңдүн үстүндө бейиттер бар.

Жолдо баратканда эң башында мазар көрүнөт. Ал кичине гана ак үйгө окшойт.5 метрары бассейнге окшогон төгөрөк нерсе бар. Мазардын айланасы корукка алынып, алдына гүл эгилип, зыяратчылар келип отурууга ыңгайлуу кылынып отургуч коюлган. Ага кириш үчүн кароолдон уруксат алыш керек. Анан мазар ак түстө, мүрзөгө окшош, бирок үстүнөн темир шыйпырлар менен тосулган. Алдында Бурханиддин Кылыч жөнүндө кыскача өмүр баяны жазылган, анын баары ак ташта жазылган. Ал таштын жанындагы кичинекей пистолетке окшогон ташта дагы арабча 4 сап Бурханиддин Кылыч жөнүндө жазылган.

Мазар турган жер аябай таза. Айлана-чөйрөсүндөгү элдер карашат.

Бурханиддин Кылычтын ырым-жырымын айтсак: Ал жерге барганда куран окуу керек жана ошол мазарды 7 жолу тегеренип басыш керек. Ниеттериңи, тилектериңи айтканча жүрүшүн керек.

 

Оозеки тарыхы:

 

Көзү ачык (бакшы) аялдын маалыматы (алгач куран окуп, 10 мүнөтчө ыйлап, өзбекче ырдап берди. – Разакова Гүлзат): “Бурханиддин Кылыч Өзгөн шаарынын курулушун баштаганда, Кокондон дагы адамдар келе баштаган. Султан хандыгы жана мазар машаяктары курулуш башташат. Адырлардын ичинде өздөрүнүн шакирттерин (окуучуларын) суусуз жерлерге жиберишет. Ошолор бир күндүн ичинде тез, чын дилден иштеп, курулушту бүтүрүшөт. Шакирттер өздөрүнүн атынан шаарды Өзгөн деп аташкан. Курулуш учурунда мунараны дагы курушкан, бирок Султан чырактарды жакпай, зыяратты туура эмес кылгандыгы үчүн, зыяраты кабыл алынган эмес. Кылыч, канжар, найза сыяктуу куралдарды пайдаланган. Өзгөндө бир ажыдаар болгон, башы көп болгон. Ал күнүгө бирден адамды жеп турган, алар туугандарын, балдарын даярдап турушат экен.

Бурханиддин элге сүт топтоттуруптур. “Мен ажыдаардын баштарын бирден алам, кан көп болот, мен кандын ичинде калам. Мени куткарыш үчүн үстүмө сүт куйсаңар”, – деп элге айтат экен. Бирок ажыдаардын кыйкырыгынан эл качып кетет экен. Кылычка сүт куюлбай, кандын ичинде өлүп калат. Азыр ошол жерде иштеген адамдардын теги Самаркандда жашашат. Кыскасы, ушундай уламышы бар (тарыхка туура келбейт. – Разакова Гүлзат).

Мен үч баланын энесимин. Балдарым ооруп, жолу ачылбай, ошого куран окутуп, сыйынып, жолун ачтырып келдик. Бизди Ибадат Каримовна (?) алып келген. Мындан башка Жалал-Абаддагы мазарларга дагы сыйынып келе жатабыз. Бул мүрзөдө өзү Бурханиддин Кылыч жатат, ал элдерди колдогон, дагы деле колдоп жатат. Кылыч Бурханиддинди Саид Бурханиддин дешет экен”.

Мазар шайыгынын маалыматы: “Бул мазар мен төрөлө электе бар болчу, ошондон бери бар. Бул мазарга адам деле өтө көп келбейт, билген бар, билбеген бар дегендей. Көбүнчө чоң адамдар келет. Зыяратка көбүнчө эртең менен эрте келишет, куран окуп, тилектерин айтып кетишет. Мазардын жанында медресе бар. Анда ата-энеси жок балдар бар, алар тез-тез барып сыйынып, ошонун жанында дөңдө китеп окушат. Бир мазар бар эле, азыр барбы билбейм, бирок ошол мазарга бир жаш бала чоңойгучакты барып, китеп окуп жүрүп, чоң ийгиликтерге жетип, белгилүү адам болгон деп айтышат.

Бул жерге жакын арадагы мазарлардан Мунара, Султанымды эле билет экенмин” (Разакова Гүлзаттын жазып алгандары).

Абдраим, 55 жашта, электрик: “Өзгөндө көп эле ыйык жерлер бар, бирок алыскы жерлерде жайгашкан”.

Мухабатхан, 50 жашта: “Мен Жалал-Абаддан ушул жерге атайын сыйынганы келдим. Кылыч Бурханиддин кылычтарды аябай сындырчу экен деген уламыш бар. Бул жерге келгенибиздин себеби – менин уулумдун пири ушул жерде. Биз пирибизден бата алып, сыйынганы келгенбиз. Уулум кыйналып, өзүн жаман сезип, башкача боло бергендиктен, бир аялга барып көргөзсөм, азиз жерден, пирибизден бата алышыбыз керектигин айтты.

Пир деген бул адамдарды жөлөйт, колдойт, пирге сыйынабыз. Бурханиддинге сыйынсаң, жолуң ачылып, ишиң берекелүү болот. Биз дагы сынайлыкчы деп келдик. Эгерде биз ушул жерге келебиз деп келбесек, сыгылып, кыйналып, кызыкча боло беребиз. Куран окуп, тилеп, Кылыч жерибиз колдоп жүрсүн деп сыйындык”.