Тамчы-Ата (Чоң-Мазар)

Чоң-Алай айыл өкмөтү

Дароот-Коргон айылы

Кароолчусу – 55-60 тар чамасындагы, өзү тууралуу маалымат берүүнү каалабаган эркек адам.

Бул ыйык жер алыскы Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынан жети чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал жер бүгүнкү күндө жергиликтүү калк тарабынан Чоң-Мазар деп да аталып келет. Ал мазарга райондун борборунан өтүп, эгин эгилүүчү жайларды, чычырканак токоюн аралап кетесиң. Мазарга кире бергенде эле ал жердин өзгөчө кооздугу, табышмактуулугу байкалат. Анда күрөң түстөгү асман тиреген, чокуларынан кар кете элек бийик тоо, тоонун этегинде 25-30 түптөй мырза теректер бар. Эң эле сыйынуучу жери бийик тоодон тамчылап түшкөн тамчылар болуп эсептелет. Тамчы тоонун так ортосунан тамчылап түшөт да, кичинекей жерге көлдөйт. Анын айланасында эми көктөп келе жаткан жашыл чөптөр бар. Ошол жерге сыйынып баргандардын айтуусуна караганда, чөп бир метрге чейин жетип өсөт экен. Эң кызыктуусу, тамчы кырк күн, кырк түн тамчылап, кырк биринчи күнү токтоп калат. Бир канча күн өткөндөн кийин дагы тамчылап, кырк күн, кырк түндө токтойт. Мазардын этек жагында ылайдан тургузулган жер үй бар, ал жерде мазардын шайыгы жашайт жана сыйынганы келген адамдар түнөшөт (Рыскулова Кадичанын маалыматы).

Оозеки тарыхы:

 

Мазар шайыгынын айтымында, бул мазардын окуясы болжол менен бзч. 1804-жылы болгон окуяга барып такалат. Илгери Миң-Жар деген кыштакта Акмат деген бай манап жашаган. Ал 45 жашка чыкканга чейин уулдуу болбой жүрүп, алтынчы токолунан 45 жашында уулдуу болот. Байдын кеңешчиси Куру-Булакка (Тамчы-Атанын мурдагы аталышы, ал жерде мурда суу болбогондуктан, Куру-Булак деп аталып жүргөн) барып, кырк күн, кырк түн той берүүнү сунуштайт. Бай манап макул болуп, Куру-Булакка көчүп барып үйлөрдү тигип, төөлөр менен чаначтарга суу ташып келишет. Адамдын көптүгүнөн 40 төө менен ташып келген суулары түгөнүп, эл кыйналат. Бир мезгилде байдын бир кулу тоону көздөй чыгып келе жаткан аксакал кишини көрөт. Кул байга кабар айтат. Байдын буйругу менен кулдар ал аксакалды байдын алдына алып келишет. Аксакал бай менен ал-акыбал сурашат. Ошондо аксакалдын жөн киши эмес экендигин сезген бай: “Сен олуяга окшойсуң, сен мага ушул жерден суу агызып берчи”, – деп суранат. “Аттиң, байым, ушунча сурадың эле, түбөлүккө сурабадың”, – деп жок болуп кеткен экен. Ошондон баштап тоо башынан тамчы кырк күн, кырк түн гана тамат экен.

Кыркынчы күн өтүп, тамчы токтоп калганда гана бай кырк чоросун алып, сыйкырдуу аксакалды издеп жөнөйт. Бай элден сурап барса, ал киши Кыр-Така деген жерде курман болгон экен. Көздөгөнүнө жетпеген бай анын сөөгүн Кур-Булакка алып келип коюп, ал жерди Тамчы-Ата мазары деп атаган. Ал аксакал каяктан, кантип келген, анын ысымы туурасында эч ким билбейт экен. Ошондон баштап ар кандай оорулар менен ооруган, бала көрбөгөндөр, дегеле шыпаасы табылбаган түрдүү оорулуулар барып шыпаа таап, айыгып кетишет экен. Ал жерге баргандар жайында көп болот. Барып, бир күн ошол жерде жатышып, Тамчы-Атанын арбагына багыштап жыт чыгарып, тамчы суудан ичип, идиштерине куюп алышып, үйлөрүнө алып кетишет. Суудан бир канча алыс жерде, дөбөдө ак сакалдын бейити бар. Ал жерге сыйынгандар барып куран окуп, анын топурагынан жалашат. Ушул жерден шыпаа тапкандар өтө көп экен. Ушул жердин шайыгы да бул мазардан шыпаа таап, андан кийин жашап калган. Кыш мезгилде айылга кетет дагы, күн жылыыры менен шайык бул жерге келип отурукташат (Рыскулова Кадичанын маалыматы).