Камыш-Ата

Кашка-Суу айыл өкмөтү

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн борборунан 20 чакырым чыгыш, Ош шаары тарапта жайгашкан. Ыйык жердин түрү – булак жана көрүстөн. Ал Ош-Дароот-Коргон жолунун 230-чакырымында, жолдун түндүк тарабында, оң кол тарапта 15 метр алыстыкта жайгашкан. Көпчүлүк эл жакшы ниет менен зыярат кылып барышат. Жанында эл тарабынан зыяраткана салынган. Эл дасторконун жайып, куран окуп, бата кылганга шарты бар (Жапаров Жумадыл, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы).