Улуу-Тоо-Ата

Найман айыл өкмөтү

Улуу-Тоо айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – тоо. Ал Улуу-Тоо айылынын жамбашында, чыгыш-батыш тарабында, Араван району менен чектеш жерде жайгашкан.

Улуу-Тоо-Ата мазарына жылдынапрель, май, июнь айларында аган барууга мүмкүн. Анткени ал жер таштуу болгогндуктан, уулуу жыландар, анакондалар өтө көп. Аталган айларда жылаандардын уусу күчүнө кире элек кез болот. Анан күн ысыган сайын уусу күчөйт.

Азыркы учурда ал жерден бир чакырым берирээк жакта алтын кени чыгып жатат. Геологдор изилдөөгө алган жер.  Биз окуучу кезде экскурсияга барчубуз. Абдан иллюстративдүү жер, тоонун боорлоруна сүрөттөр тартылган. Союз бузулгандан кийин, азыркы күндө каралбай калды (Пазылов Ашим, Найман айыл өкмөтүнүн башчысы).