Тешик-Таш

Көк-Жар-Кулатов айыл өкмөттөрү

Кароолчусу жок

Бул мазар Көк-Жар жана Кулатов айыл өкмөттөрүнүн ортосунда, Апшырга кете турган жолдун боюнда жайгашкан. Мазардын түрү – таш. Анын узундугу – 20, бийиктиги 10 метрден ашык. Ортосунда чоң, жалгыз адам бата тургандай тешиги бар. Ал жерге келген зыяратчылар алгач даарат алышып, андан соңтилек тилешип, таштын тешигинен өтүшөт, тегерегиндеги дарактарга чүпүрөк байлашат (Козуев Калык, Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы).