Кеңеш

Төөлөс айыл өкмөтү

Кеңеш айылы

Кароолчусу – Жолдошев же Козубаев Асил, 40 жашта

Бул мазар айыл четинде, кире беришинде жайгашкан. Эл чогулуп, 1989-жылы мазарга арка орнотушуп, тегерегин тосуп, бак-дарак тигишкен. Ал жерге районго, область, республикага белгилүү эки Социалисттик эмгектин баатыры: Сатыбалдиев Алтымыш жана Тешебаев Гапар көмүлгөн. Андан тышкары ал жерге 100 жаштан ашкан Калмурзаев Рустам жана НКВДнын начальниги, 90го жетип өлгөн Кадыров Нурмат аксакалдар көмүлгөн (Э.Өсөров, экономист, Айыл-чарба министрлигинин кызматкери).

Оозеки тарыхы:

 

Айтылуу Кеңеш мазары 19-кылымдын аягында 1895-жылы түптөлгөн деп айтып жүрүшөт. Ал эл көп каттаган белгилүү Ош-Сүлүктү деп аталган чоң жолдун боюнан орун алган. Өзүнүн тарыхы боюнча узак мезгилден бери эл оозунда айтылып келе жаткан бул мазар турмуштун далай өйдө-төмөн окуяларына: падышалык Россиянын элге көрсөткөн запкыларына, 1917-жылдагы февраль жана октябрь революцияларына, граждандык жана Ата-Мекендик согуштарга, советтик доордун тынчтык мезгилдерине жана кайра куруу убагына күбө болгон мазар деп айтып калышат.

Жогорудагы аталган мазарга Ак-Падыша мезгилиндеги Думага ушул чөлкөмдөн депутат болгон Өмүрзак-домодон баштап элдин аттуу-баштуу адамдары, революцияда жана Ата-Мекендик согушта курман болгондор, 100 жаштан ашык жашап көзү өткөн Рустам чоң ата, Калмурзаев Кабыл, Кадыров Нурмат, Тойкулов Жунус, Ажиев Өсөр, Айтматов Насир, Карымшаков Ыса, Эгемназаров Ысман сыяктуу кадырман кишилер, республикада белгилүү Социалисттик эмгектин баатырлары: шахтер Сатыбалдиев Алтымыш, тамекичи – Тешебаев Гапар сыяктуу элге эмгеги сиңген адамдар коюлган.

Бул мазар эскиден бери тогуз жолдун тоомунда болгондуктан, ары-бери өткөн эл ыйык мазар деп аташып, дайыма сыйынып өткөнгө аракет кылышат. Ошондуктан, элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында 1989-1990-жылдары жалпы элдин күчү менен ашар ыкмасы аркылуу мазардын кире беришине, жол боюна чоң арка салынган жана жол жак бети темир тосмолор менен тосулган. Жогорудагы мазар айылга улагалаш болгондуктан, айыл четинде жашаган Козубаев Жолдош аксакал шайык болуп, ал жердин таза турушуна, бузулбоосуна көз салып, 15 жылга жакын кызмат өтөдү. Ал эми 2004-жылы ал кишинин көзү өткөндөн кийин айыл аксакалдары чогулуп, анын баласы Козубаев Асилди шайык кылып шайлап алышты. Бул күндөрү ошол жигит мазар тегерегин этияттап карап, малдан коруп, ичтерине дарак эгип, тартипке келтирип жүрөт.

Бүгүнкү күнү айыл жеринде турмуш оорлошуп, эл кыйналып калган мезгилде мазардын жогору жагын тосуп, калктын купулуна толгон маданияттуу ыйык мазарга айлантуу маселесин чечүү кыйынчылыкка турууда. Ошондуктан эл бүгүнкү күнү мазарды оңдоого жардам бере турган демөөрчүлөргө муктаж болуп келүудө.

Кеңеш айылы өтө чоң айылдардын бири болгондуктан, эл жыш жайланышып, 2700дөн ашуун калк жашайт. Маркумду келбес сапарга узатуу, аларга эстеликтерди тургузуу сыяктуу элдик үрп-адаттарды жайылтууда бул мазардын мааниси өтө чоң. Айылдын чечилбей калган маселелерин да аксакалдар жыйыны элди чогултуп ушул жерде чечишет. Мындай иш-чараларга жаш-кары дебей жапырт келишип, маселелерди чогуу чечкенге аракет кылышат. Ошондуктан бул мазар жаштарды тарбиялоого, улууну урматтап, өткөндү унутпоого, бири-бирине кечиримдүү болууга үгүттөөчү жайга айланган” (Э.Өсөров, экономист, Айыл-чарба министрлигинин кызматкери).