Кароол-Дөбөлөр

Төөлөс айыл өкмөтү

Кеңеш айылы

Кароолчусу жок

Бул мазар … (Э.Өсөров, экономист, Айыл-чарба министрлигинин кызматкери).

Оозеки тарыхы:

 

Кароол дөбөлөр боюнча эл ичинде ар кандай аңыздар айтылып келүүдө. Эл ичинде айтылып келаткан уламыштарга таянсак, бул дөбөлөр кыргыз элинин көчмөн-жоокер мезгилине туура келип, Чыңгыз хандын дооруна барып такалат. 12-кылымдарда тынымсыз ич ара чатакташуулар күчөп, бир элди экинчи эл басып алуулары, кыйратып чаап кетүүлөрү тынымсыз болуп жаткан мезгилдерде ошол чөлкөмдү жердеген калкка душмандын келишин алдын ала билүү, ага даярдык көрүү маселеси биринчи орунга чыккан. Ошентип, эл чогулуп түз жерлерге жасалма бийик дөбөлөрдү жасашып, душман келатканда белги берүүчү жайларга айлантышкан. Кийинки мезгилдерде, советтик доор учурунда деле колхоздун эгин эгилген аянттарын коруу үчүн кароолдор туруучу жайга ыкташтырылган.

Мындай ыкма ошол жоокерлик мезгилдин талабына толук жооп берген. Төөлөс айыл өкмөтүнүн чегинде эле мындай дөбөлөр өткөн кылымдын 70-жылдарында ондоп саналган. Ал эми азыркы мезгилде көпчүлүк дөбөлөр тегизделип, сугат жерге айланган. Советтик доордо кыргыз элинин көчмөн тарыхына маани берилбей, түп тамырынан бери жоготууга аракет кылынгандыгы баарыбызга маалым. Эмесе мына ушундай тарыхый эстеликтерге маани берип, аларды коруктап, тосуп, анын маанисин элге кеңири жеткирип туруучу илимпоздор, мамлекеттик уюмдар болгон эмес.

Учурунда айрым дөбөлөр тегизделип, сугат жерлерге айлантылып жатканда ага маани берилбегендиктен, дөбө астынан чыккан ошол доордогу идиш-аяктар, кумуралар, алтын жана жез тыйындар, ошол доорду чагылдырган турмушка керектелүүчү башка буюмдар толугу менен жоголуп кеткен. Бүгүнкү күнгө чейин окумуштуулар тарабынан археологиялык казуулар жүргүзүлбөй, кароол дөбөлөр тарыхы изилденбей келүүдө.

Азыркы учурда Төөлөс айыл өкмөтүнүн чегинде мындай дөбөлөрдөн бар болгону жетөө гана калган. Эгерде мындан ары да бул тарыхый эстеликке маани берилбесе, жакынкы 20 жыл ичинде нечен кылым карыткан окуяларга күбө болгон бул дөбөлөр толугу менен жоюлуп кетүү коркунучунда турат. Ошондуктан, бул дөбөлөрдү коруктап, айландырып тосуу менен элге анын маанисин түшүндүрүп, этияттап сактоо үчүн бир топ каражат талап кылынгандыктан, эл демөөрчүлөрдү издөөгө мажбур болууда.

Эгерде бул кароол дөбөлөр реконструкцияланып, тегерете тосулуп, бак-дарак эгилип, эл баруучу жайга айланса, жалпы калайык-калк үчүн чоң таасири болот эле. Эл өзүнүн өткөн тарыхына кайрылып дагы бир жолу кыргыз деп аталган улутуна сыймыктанчу мезгил келээр эле. Жаш муундарга карт тарыхтан кабар берип, келечектеги жакшы иштерге үндөгөн сабак болчу тарыхый эстеликтерге айланар эле.

Кароол дөбөлөрдү жалаң эле тарыхый эстелик катары карабай, археологиялык табылга катары да маани берүү зарыл. Кыргызстандын тарыхында жогорудагыдай эски карт тарыхтан кабар берүүчү обьектилер өтө аз санда. Ошондуктан аларды изилдөө сөзсүз бүгүнкү күндүн талабы болуп саналат (Э.Өсөров, экономист, Айыл-чарба министрлигинин кызматкери).