Апшыр-Ата

Кулатов айыл өкмөтү

Апшыр-Ата – эс алуучу жай. Адамдар бул жерге зыярат кылганы жана эс алуу үчүн келишет. Бул ыйык жана кереметтүү жер болуп саналат. Мында Шаркыратма, Сырдуу-Таш, Шыпаа-Булак, Үңкүр деген ыйык жайлар бар. Шаркыратманын кайсы жерден агып келгендиги жөнүндө так маалымат жок. Сырдуу-Ташка адамдар жети таш ыргытып, жети тилегин айтып өтүшөт жана тилегибиз орундалат деп ишенишет. Шыпаа-Булактын суусу менен ар кандай денеге чыккан жараларды жуусаң, айыгып кетет. Үңкүргө кирип адамдар куран окушат, себеби анда Мекеге баруучу жол бар деп ишенишет. Кудай сүйгөн адамдар ал жол менен оңой жетип алышат деген ишеним бар. Ал эми таза эмес жүргөн адамдарды кудай жарым жолдон кысып өлтүрөт.

Апшыр-Атага балалуу болбогондор, тилегине жетпегендер келип сыйынышат. Алардын тилеги кабыл болоорун айтат чоң ата, чоң энелер.

Апшыр-Атанын ыйыктыгы жөнүңдө элде жакынкы эле бир уламыш айтылат. Кечээ жакында эле орустар биздин жерге келишип, аны изилдей башташкан. Аябай кооздугуна суктанышып, алар Апшырдагы үңкүрдү кеңейтип, ал жерди тамактандыруучу жай кылабыз деп жардыра башташканда, беш-алты орус үйүнө жетпей өлгөн. Эки орус ошол эле жерден тоодон кулап өлгөн. Ал эми төртөө: “Бул жерде жумуш кыла албайт экенбиз. Ыйык жер экен, ишибиз таптакыр жүрүшпөйт экен, ансыз да экөө өлдү”, – деп үйлөрүнө баратышып, автокырсыктан курман болгон.

Ал эми Апшыр-Атага келген адамдардын дагы азиздерге жакпагандарын ар кандай себеп менен ооруга же өлүмгө дуушар кылат деген сөз бар. Ага мисал: Бир жолу бир жигиттин тою болот. Ал ЗАГСка чыкканда, кыздын туугандарын Апшыр-Атага алып барып сыйлайт. Ошолордун арасында кыздын бир сойку жеңеси болгон экен. Сүрөткө түшөбүз деп Шаркыратманын жанында турса, жогорудан бир кичинекей эле томуктай таш келип тийип, келин өлүптүр.

Апшыр-Ата аябай кооз, кереметтүү, табышмактуу, сырдуу жайларга бай, абасы таза, тунук, дары суусу бар жер. Ал жерге барганда эле салкын жел уруп, адамды суктандырып турган бейиш жер десек болот. Апшыр-Атага барганда эле биринчи тоону аралап аккан шаркыратмасынан көз ала албайсың, эс алуучу жайлар, лагерлер, мейманканалар бар. Апшыр-Ата тоолордун арасында жайгашкандыктан, ал жердин кооздугу ар бир адамды кайдыгер калтырбайт.

Адамдар Апшыр-Атанын кээ бир аймактарын менчиктештирип алышкан. Ал жерге мечит дагы салынган. Апшыр-Атанын ар кандай сырдуу жерлери, көркөм жаратылышы көптөгөн туристтердин кызыгуусун жаратып келет. Азыркы учурда бул жерге келгендердин аягы үзүлбөйт десем жаңылышпайм. Зыяратчылар азыркы учурда бул жер бир гана сыйынуучу жер болбостон, көңүл ачуучу дагы жерге айлангандыгына кейишет. Негизги алардын максаты – Апшыр-Ата  мындан да элдер көп келген жерге айланып, ыйыктыгы жоголбосо деген ой.

Апшыр-Ата мейман күткөн кооз жайым,

Агымы жайда тынбайт элдин дайым.

Көңүлдү көкөлөтүп черди жазган,

Көркүнө көрк кошуп жылдар сайын.

Апшыр-Ата тоолору эгизде тирелишкен,

Оргуштап таш боорунан суусу түшкөн.

Суктанып адамзатты таң калтырган,

Белеги бул табийгаттын бизге берген (Муратали кызы Айпери).

Оозеки тарыхы:

Алиаскаров Ырыс, 57 жашта, китепканачы, кырк жылдан бери иштейт: Илгери азыр биз жашаган жердин суусунун баары сүт болчу экен. Сүт элдин курсагын тойгузуп, бүт жергиликтүү калкты толук камсыздандырып, тейлеп турчу экен. Шаркыратмада Асан-Үсөн алышып ойноп, Батма-Зуура Шаркыратмага кирип-чыгып, нурлары сүткө чагылып, сүт сууга ажайып кооздук берчү экен. Кышында болсо тоңгон сүткө ар кандай жаныбарлардын элес-турпаттары түшүп калчу экен.

Бир жолу жай мезгилинде жаш келин баласын көтөрүп жүрсө, баласы шымын булгап коет. Эч нерсени билбеген жаш келин ал шымды ошол сүткө жууп жиберет. Апшыр-Ата ушунчалык ыйык, кудай сүйгөн жер болгондуктан, кудайдын, пайгамбардын каары келип, сүттү сууга айландырып жиберген экен. “Ап” деген сөз – сүт дегенди, ал эми “шыр” деген сөз суу дегенди билдирет (Муратали кызы Айпери жазып алган).

“Кудурети күчтүү Алла таала элдин ичинен тандап алган ар бир пайгамбар кудайдын ак жолуна баштап, адамдарды арамдык иштерден, шайтандын азгыруусунан кайтарып, бир аллага ибадат кылгыла, жалгыз алланын өзүнө гана иман келтиргиле деп даават (үгүт) кылып туура жолго баштоочулар болуп саналат.

Мына ошол пайгамбарлардын бири Адам атадан кийинки Ыдырыс алейхи-салам топон суудан жана Нух алейхи-саламдан мурда пайгамбарлык кылып, өз милдетин өтөп, элди аллага гана иман келтиргиле деп биздин ушул Апшыр-Ата капчыгайынын оозунда элди чогултуп алып: “Мен алланын элчисимин, бир алладан башка аллах жок, ташка, отко, сууга сыйынып адашпагыла” дегенде, элдин бийлери-башчылары, байлары өздөрүнүн байлык-абийирлерин жоготуп коюштан коркуп, Ыдырыс алейхи-саламга: “Эгер сен чын эле пайгамбар болсоң, өзүңдүн кереметиңди көрсөт да, ушул капчыгайдын ташынан сүт чыгарып берсең, биз сага анык алланын пайгамбары экен деп ишенебиз жана аллага иман келтиребиз”, – деп туруп алышат.

Ошондо Ыдырыс алейхи-салам эки колун көтөрүп, алладан наапа кылып суранып, 2 күн ыйлап олтурду. Көпчүлүк эл Ыдырыс алейхи-саламды шылдыңдап турганда даңгинин күн чыгыш жагынан, чамалап айтканда 40-50 метрлик бийиктиктеги асканын бетинен атырылып сүт чыкканын көрүп, элдин баары алланын өзүнө иман келтиришип, ишенүү менен Ыдырыс алейхи-саламды алланын элчиси деп таанышып, аны эл ээрчиген экен.

Мына ошол жерден Апшыр-Ата дарыясы өтөт, ал эми таштан атырылып чыккан сүт дарыянын суусуна кошулбай аккан. Бул сүт нечен жылдар сүт болуп эле агып турган. Көп жылдар өткөндөн кийин эл бул жердин улуктугун жана ыйыктыгын урматтабай, зыярат кылышпай, сүт сууга кирлерин жуушуп, бул жерди ыксыз тебелеп-тепсешкенде сүт өзгөрүлүп сууга айланып кеткен. Ошол үчүн ал Сүт-Суу деп аталып ккалган. Бул касиеттүү Апшыр-Ата суусу топон суусунан мурда Абу-Зам-Зам менен Хавзи-Кавсардан бөлүнүп чыккан дешет.

Азыркы мезгилде да асканын бетинен атырылып чыккан суу дарыянын суусуна аралашпай агат экен, себеби бул Сүт-Суу кыяматка чейин аралашпай агат деген уламыш бар. Мисалы, белгилүү окумуштуу капитан Густо деңиздеги суулар бир жерде туруп пленка менен ажыратып койгондой кошулбай акканын аныктаган. Мына ошондой эле бул Апшыр-Ата суусу дарыянын суусу менен агып келип кошулбай300 метрарыдан кийин таштарга урунуп аралашып, андан кийин жайык жерге келгенде мурдагыдай бөлүнүп агат экен. Ушундай сыйкырдуу күчкө ээ болгон дарыя-суулар дүйнөнүн саналуу 4-5 жеринде бар деп көп илим изилдөөчүлөр жазып жүрүшөт.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе, асканан бетинен атырылып чыккан суу түшкөн жердин түштүк жагында таштын астынан чыккан суу бар, аны “Шыпаа-Булак” деп коюшат. Мына ошол сууга жуунса же ичсе, адамдардагы ички оорулар, тышкы теридеги жара же кычышкак болсо, тез эле жоголот деп айтып жүрүшөт. Бир эле мисал, 1986-1990-жылдары биздин Салиева атындагы колхоздо башкы зоотехник болуп иштеген Бодоев Адан деген кишиге врачтар ашказан рагы деген диагноз коюшуп, ооруканадан чыгарып коюшкан. Ал жайлоого баратып же келатып ушул суудан кайра-кайра иче берген жана үйүнө да алдырып ичкен. Ошентип 3-4 айдан кийин таптакыр рактан сакайып кеткенмин деп айтып жүргөнүн биз өз кулагыбыз менен укканбыз.

Апшыр-Атанын күн батыш жагында чоң үңкүр бар. Дарыянын күн батыш жээгиндеги бул үңкүрдүн касиеттүүлүгү, биринчиден ошол жерге зыярат кылган адамдын зыяраты кабыл болсо, ошол адам ажыга жол алат экен, анан да үй-бүлөсүндө тынчтык-жакшылык болот дешет. Ошондой эле баласы жок адамдар алла-тааладан перзент тилеп, ушул касиеттүү Апшыр-Атанын  жана ушул жердеги азиз-авлиялардын урматына зыярат кылып, чын көңүлдөн бизге перзент бергин деп тиленишсе, зыяраты кабыл болгон адамдардын тилеги орундалганын угуп-билип жүрөбүз.

Эгерде ниети бузук адамдар кожо көрсүнгө барып, арам иштерди жасап, үңкүргө кирген болсо, дем алуусу кыйындап, өтө запкыга дуушар болот экен, анткени бул үңкүрдүн башка дагы касиети бар экенин өз кулагым менен Тахмали Адалат Ажи айшанемден укканмын. Ал киши айтат, биз бир жолу Апшыр-Атага зыяратка барып, үңкүргө кирип барсак, үңкүрдүн тереңинде төрт келиндин кыйналып жатканын көрдүк дейт. Алардын бут жагынан жоон санына чейин таштардын арасынан чыгып чоң-чоң жыландар оролуп алганын көрдүм дейт айшенем. Ошол мезгилде молдо үнүн катуу чыгарып, куран окуганда алланын аятынын урматы менен баягы жыландар таштардын жаракаларына кирип жок болду. Келиндер үңкүрдөн чыккандан кийин эмне болгонун сурашса, биздин бутубузга оор таш байлагандай болуп көтөрө албай, бутубуздун жаны жок болуп калды дешет. Айшенем ошол көрүнүштү көрүп, тообо кылып, коркуп зыярат кылып тез үйүмө кайттым дейт. Мындай сырдуу көрүнүштүн Тахмали Адалат Ажи айшенеме көрүнгөнүнүн себеби, ал киши мүнөзү жакшы, алла-тааланын парздары аткарып, пайгамбардын сүннөттөрүн элге жайылтып, аяшатамдын буйругунан (амиринен) чыкпай, балдарын элге пайдасы тие турган кылып эң жакшы тарбиялап, көп небере, чөбөрөлүү болгон имандуу өтө таза адам эле. Мына ушундай адамдарга гана бул дүйнөнүн сырдуу укмуштары көрүнөт тура.

Апшыр-Атада дагы бир сырдуу көрүнүшкө күбө болгон “каргыш тийген таш” бар. Бул таш асканын бетинен атырылып чыккан суудан 200-250 метртүндүк тарапта дарыянын орто ченинде жайгашкан. Ар бир зыяратка барган адам бул “каргыш тийген ташка” наалат деп 7 таш менен урат (ыргытат), себеби ошол таш турган жерде бир авлия намаз окуп, эл-журт үчүн дуба кылып отурганда, ал таш зоокадан кулап түшүп, авлияны басып калган дешет. Ошондо Авлия “Я алла сага ибадат кылып турганымды эл-журт көрүп турат, өзүң мага мадат (күч-кубат) бер, өзүң колдо деп көтөрүп оодарып таштаган экен. Ошол сөздү угуп, алланын көргөзгөн кереметин көрүп турган эл ошол күндөн тартып аллага болгон иманы дагы күчөп, алланын бар экенине ишенип ибадат кылып, жамандыктардан кайтып, арам жүрүш-турушту таштап, жакшылыкка – алланын ак жолуна түшүп, башка элдерге даават (үгүт) кылышып, аларды аллага ибадат кылууга үйрөтүшкөн экен.

Ошондой эле эл арасында айтылып келаткан аңыз кептер бар. Биздин Төөлөс айыл өкмөтүндө Додоң деген айылда жашап өткөн Ажи төрө деген аалым киши айтып кетиптир: “Менин чоң атам тоого жайлоого улуу адамдар менен мейманга барып келе жатып, Апшыр-Атага зыярат кылып кайтышат. Ошондо менин чоң атам шериктештеринен кийин калып, бир топтон соң жетип келет. Аксакалдар: “Эй Мухаммед пайгамбардын авлады (уругу), сиз эмнеге кечигип калдыңыз?”, – деп сурашат. Анда менин чоң атам жооп бериптир: “Мен силерден кийин атка минип келе жатсам, асканын бетинен атырылып чыккан суунун эки жагында эки кыз суу чачышып ойноп отурушуптур, алар мага Ыдырыс алейхи-саламдын кыздары болобуз деп өздөрүн тааныштырышты. Ошол кыздардын ойногонуна кызыгып карап отуруп кеч калдым”, – дейт”. Мына ушундай авлия, валийлик даражага жетип калган адамдардын небере-чөбөрөлөрү ушул убакка чейин  элдин ичинде урмат-сыйга ээ болуп жашап келе жатышат.

Дагы бир айтып кете турган нерсе Апшыр-Атада даңгидан чыккандан кийин чоң кабыр (мүрзө) бар. Ошол кабырдын ээси (тарбият кунандаси) кыз бала дешет, анткени бул кыз анча-мынча тазха (пак) кудай берген адамдарга көрүнүп турат деп айтышат.

Азыркы убакта Апшыр-Атанын ушундай касиеттүү азиз жерлерин арам иштерден, жамандыктардан сактап, зыярат кылуучу жерлерди оңдоп-көрктөндүрүп, курулуштарды куруп, жол-көпүрөлөрүн оңдоп, мечит, ашкана салып, зыяратка баргандардын коопсуздугун сактап кызмат кылып келе жаткан Камчы Ажы уулу Калмамат палванга, ал кишинин уулу Тимур палванга алла өзү ыраазы болсун, анткени мындай кызмат анча-мынча адамдын колунан келбейт. Бул ата-балага эл чексиз алкышын айтып, аларга дуба кылып жүрүшөт (Абдилхамидов Жапар Ажынын бул маалыматы “Айгинеге” экономист, Айыл-чарба министрлигинин кызматкери Э.Өсөров аркылуу келген).