Абдыкайыр-Ата-Асан кожо

Исанов айыл өкмөтү

Тескей-Кожоке айылы

Кароолчусу – Ажымаматов Мамашарип

Мазардын түрү – булак. Ал Тескей-Кожоке айылына туташ, күн-чыгыш жак четинде, айыл бүтүп, тоого кирип бараткан жерде, Кошжан дайрасынын боюнда, Абдыжалил Чынгараев атындагы жеткинчектер лагеринин маңдайында, шайыктын огородунда жайгашкан. Илгери бул жерди кожолор ээлеп турган дешет. Алар тиккен чынар теректер менен дарактар чоңоюп, мындан болжол менен жүз жыл мурдагы мезгилдин илебин берет. Алардын бутактарын көпчүлүктүн кызыкчылыгындагы иш үчүн, айталы түлөө өткөрүү максатында, отунга алууга гана болот. Болбосо ар ким өз алдынча ала албайт. Союз убагында ал жерге пансионат курабыз дешип, бирок демилгечилердин иши жүрүшкөн эмес. Азыркы учурда коттедждердин урандылары бар.

Булактын суусу кулак, мурун ооруларына жакшы жардам берет.

Оозеки тарыхы:

Бул мазар Абдыкайыр жана Асан кожо аттуу эки адамдын урматына аталып калган (Кудайбердиев Бакыт, Исанов айыл өкмөтүнүн башчысы).