Мазар-Булак

Мазар-Талдык айылы

Кароолчусу – Умматова Кыймат.

Бул ыйык жер Кара-Суу районунун Талдык айылында, Ош-Гүлчө жолунун (Улуу Жибек жолунун) 49-чакырымында, жолдон болжол менен 100-150 метртөмөндө, Машрап-Сай дарыясынын сол жээгинде, мазар шайыгы Умматова Кыйматтын үйүнүн алдында жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – тал жана булак.

Ыйык жердин шайыгы Умматова Кыйматтын айтымында: Илгертен бери адамдар бул мазарды ыйык тутуп, сыйынып келишкен. Ар кандай жараларды ушул булактын суусу менен жууганда, жаралар жоголуп, сакайган. Менин мазарды карап калышыма, биринчиден, адамдардын келип сыйынып, зыярат кылып кетиши болсо, экинчиден кайын энем түрткү болду. Ал киши: “Бул жердин ээси бар. Ээси – ак тайлак. Ошондуктан караңгыда суу албагыла”, – деп, шамдан кийин суу алдырчу эмес. Суу менен жараларды жууп, маал-маалы менен шам жагып турчу. Мен дагы эл катары сыйынам. Арапа күндөрү шам жагып, куран окуйм. Башка күндөрү аян берилгенде, же түшүм бузулуп, чочуп калганда сыйынып турам. Мага аян өтүп кеткен ата-бабаларым тарабынан берилет. Бирок, кайненем айткан мазар ээлерин өзүм көрө албадым. Элдер негизинен ушул өзүбүздүн айылдан, дарыянын аркы өйүзүн Совхоз деп, бул өйүзүн Колхоз деп коебуз, ушул эки жактан, жогорку Сүттүү-Булак айылынан келишет. Булак былтыркы жылы, андан мурдагы жылы эки жолу соолуп, биз аябай кыжаалат болдук эле. Быйыл жаан-чачын көп болуп, булак ийип, суусу көбөйүп, биз аябай кубанып турабыз.

Мен өзүм кыргызчылыкка ишенем, ниет коюп намаз үйрөнүп жатам.

Бул мазар булактын өзгөчө керемети бар, анткени мында балык бар. Адатта булак суусунда балык болбойт эмеспи. Суук болгондо булактагы балыктар өлүп калат экен. Ошондуктан булакта балык болбойт дешет. Бул мазардын балыктары да башкача. Өңү кадимки балыктардыкынан карараак, таризи (формасы) да башкача. Мазардын суусу жайында абдан муздак болот, ичкен адамдын тишин какшатат. Ал эми кышында булактын суусу жылымык келип, үстүнөн буу чыгып турат. Балыктар дайыма эле көрүнө бербейт, кээде-кээде гана көрүнөт. Ошон үчүн аларды анча-мынча гана адамдар көрөт. Саламат эже келип сыйынып жүргөндө, анын да көзүнө көрүнгөн экен. Мен бир жолу көрдүм. Аларды кармаганга эч ким аракет кылбайт, эч ким тийбейт.

Булактын жанындагы бул тал илгери эле тигилген экен. Ошондон бери турат. Суу үстүнө жалбырактары, ыпыр-сыпырлары түшө бергендиктен, былтыр кыйып, элдерге да чүпүрөк байлатпай койдук. Чүпүрөк байланып турса, ырайы суук көрүнүп калат экен.

Өзүм кыргызчылыкка ишенгеним менен аны кылбайм. Жогору жакта агам бар, ошол кыргызчылык кылат. Аны Мамырбай калпа деп коюшат. Гүлчөдө эжем бар, ал дагы кыргызчылык кылат, бул нерсе биздин уругубузда бар. Негизи кыргызчылыкты илимге барабар деп койсок болот. Ооруканадан даба таппай, кыргызчылыктан жакшы болуп жаткандар көп болуп жатпайбы.

Мурда келгендер бул булактын көзүнө тыйын, көз мончок салышчу. Булак суусу эгинге муздактык кылган менен, сугатка пайдаланып жатабыз” (Азизилла уулу Исламбектин маалыматы).