Кожокелең

Папан совхозу

Кароолчусу –

Бул ыйык жер Кара-Суу районунун Папан совхозунда жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – таш жана таштын боору. Анын жанында көл бар. Суу каякка акканы билинбейт, каяктан агып киргени дагы белгисиз. Көлдүн түбү булак дейин десең, эч жакка агып чыкпайт. Үстүнөн самсаалап кичине тамчылап агат, анан чекесинде кум бар. Тилек кылып, кумга сүрөт тартып, анан ары чыгып кетесиң, кайра келсең бир белги салган болот. Сенин сүрөтүңдүн үстүнө сүрөт тартып коет.

Кожокелең дегени бул кожолордун майрамы экен.