Исмаил-Ата

Жоош айыл өкмөтү

Коммунизм айылы

Кароолчусу –

Бул ыйык жер Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылындагы Машрабсай деген сайдын жээгинде орун алган. Ыйык жер айылдан оң тарапта, 6 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Ыйык жердин түрү – үй (Исмаил атанын үйү) жана мүрзө.

Зыяратчы К.З.: Бул жерге келген адамдардын көпчүлүгү – нервден ооруган адамдар. Мисалы, шал болгондор, оозу-мурду белгисиз себептен кыйшайган адамдар, психологиялык жактан ооругандар зыярат кылып, даба табышат.

Бул жерге зыярат кылганы көп адамдар келет. Мен өзүмдүн көргөндөрүмдү эле айтсам, 1970-80-жылдардын ортосунда, Советтер Союзунун учурунда эле белгилүү киноактер Талгат Нигматулин, “Ленин жолу” гезитинин редактору Бөрүбаев сыяктуу белгилүү адамдар келип, зыярат кылып кетип турушкан.

Азыркы күндө Исмаил атанын жолун жолдоп калган бирин-экин окуучулары бар. Аларды Исмаил атадай элге жардам берет деп угуп жүрөм. Бирок азыркы учурда алардын кайсы жерде жүргөнүн билбейм, сураштырса табылчудай. Дагы бир нерсени айтайын, азыркы күндө Кыргыз Республикасынын Көзү ачыктар уюмунун президенти Рапахан эжей өзү баш болуп, көзү ачыктар дагы келип, зыярат кылып турушат.

Зыярат кылганы келгендер мезгилге карабайт, бирок көбүнчө жуманын 3-күнү келишет. Кайсы күнү келсе да, зыярат кылган адамдар шыпаасыз калбайт, сөзсүз түрдө даба табышат.

 

Оозеки тарыхы:

Исмаил Калпа ата 103 жашында каза болсо, 103 жыл бою азыркы үйүндө жашап, касиети оошкон. Исмаил атанын үйү да касиеттүү. Исмаил атанын көзү өткөндөң кийин, үй-жайын жок кылууга аракет кылышып, бульдозер менен сүзүп келе жатканда, бульдозеру да, трактору да ордунан жылбай, иштен чыккан. Азыркы учурда Исмаил атанын үй-жайы ошол бойдон сакталып турат (Мурзатөрө кызы Элнуранын маалыматы).