Ысык-Кум

Ылай-Талаа айылы

Кароолчусу жок

Бул ыйык жер Тастар-Атага жакын жерде жайгашкан. Кээ бирөөлөр аны Тастар-Атанын куму деп да атап коюшат. Ал эки өтө чоң эмес төштүн ортосунда жайгашкан. Куму аппак, ысыгыраак, башкача концистенцияда, жөнөкөй кумдарга окшош эмес. Тегерегинде очок, отун, казан, чайнек бар.

Зыяратчылар Тастар-Атага келип куран окушат, Ысык кумга чай-пай, атала, нан алып келип, башына көлөкө жасап, кумга көмүлүп жатышат. Бирок көп жатпаш керек. Эки жыл мурда Сайдырахман аяш атам келип, көп жаткан экен, буту күйүп, териси шылынып, тырмагы менен кошо түшүп калган. Ысык күндөн бекиниш керек. Июль, август айларында кум абдан ысыйт. Ошондо келип 15-20 мүнөт жатсаң, тердейсиң. Тердегенде денеге жармашкан кумду мыкчысаң, бир башкача. Турсаң, өзү эле куюлуп түшүп калат. Жатып тургандан кийин күбүнүштүн, жуунуштун кажети жок. Бул жерге карып калгандар көп келет. Буту-колу какшап, суук тийип ооругандар келет. Төрөбөгөн келиндер келет, колу-буту сынып, эми сакая баштагандар келет. Сөөгүң сынып, оңолоюн деп калганда, суук түшкөндө баягы сынган жериң какшап баштайт. Мына ошондойлор келет. Кайсы бир жылы Улуу Британиядан саякатчылар келип, баа берип кеткен.

Айтор, бул жерге кызыккандар көп. Жаныштын баласы Өмүрбек бутуна туруп калган экен. Бир жылы келип маслакат кылып, ак сакалдарга: “Мен ушул жерге саноторий курайын дедим эле”, – дейт. Ошондо бардыгы каршы болуп, бул жер элдики деп курдурбай коюшкан.

Бул ыйык жерден айыккандар көп болгон. Менин кошунамдын небереси ойноп жүрүп эле, бир күнү баспай калды. Догдурларга алып барса, “Бир бутунун нервдери өлүп калыптыр”, – деп коюшуптур. Ошондо мен: “Ысык кумга алып барып көрбөйсүңбү?”, – дегем. Утуру барып жаткырып, эч бир догдурсуз эле айыгып кетти.

Бир жагынан эжеси да себепчи болсо керек. Баягы кыз үйдө төшөктө жатат да, эжеси Бурулай эшикти шыпырып, анан сөрүсүн шыпырайын деп төшөктү силксе, ичинен жылаан ыргып чыгыптыр. Чыркырап-чыңырган Бурулай жер менен жер болуп жатып калат. Бир жылдан бери ордунан жылбаган баягы кыз эжесинин бакырыгынан чочуп, туруп кеткен. Азыр ал коңшу айылга турмушка чыккан, айылга анда-санда келип калат.

Бул жердин оокатына эч ким тийбейт. Чайнек, казандар качантан бери турат, эч ким тийген жок. Ылай-Талаанын тургундары сооп иш кылалы деп, чөптөрүн жулуп, ары-бери өткөн сайын көз салып турушат (1962-жылы туулган, А.Осмонов атындагы мектепте дене тарбия сабагын берип жүрүп, учурда пенсиядагы Арыкбай Мамбет уулунун маалыматы).