Токсон-Кемпир

Кара-Кочкор айыл өкмөтү

Ак-Кыя айылы

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – үйүлгөн таштар. Ал Ак-Кыя айылынын башында, жайлоодо жайгашкан. Айылдан, Тешик-Таш мазарынан ары 3-4 сатта жетүүгө болот. Машина каттабайт. Эл ал жакка жайында гана барат. Анча-мынча балдар 30-40тан торпок алып алышып, аларды багышат.

Оозеки айтымдарга караганда, ошол үйүлгөн таштардын алдында токсон кемпирдин сөөгү коюлган (Бегимкулов Орозбай, Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы).