Токбай-Ата

Буйга айылы

Кароолчусу – Коңурат.

Токбай-Ата мазары Ажике жайлоосунун батыш тарабынан орун алган, башкача айтканда, бул мазар тоонун батышында Ийри-Суу жайлоосу, чыгышында Ажике жайлоосу, түндүгүндө Чакан тоосу, түштүгүндө Сары-Булак айылы орун алган. Тоонун көрүнүшү  негизинен мындай көрүнөт: чокусу  кыдырата  таш  тизилгендей, эң  үстүндө Кысык-Таш  деген  сыйынуучу жер бар. Кысык-Таштан адамдар өтүшөт, эгерде  кысылып  калсаң  күнөөң көбүрөөк болгон  болот,  жөн  гана  өтсөң, азыраак  болот. Тоонун  түндүк  тарабында  80 градустагы  бору  жайгашкан. Анын узундугу 1-1.2 чакырым,  туурасы  500-600 м.

Тоонун үстүндө Токбай атабыздын таштан салынган үйү, идиш-аяктары бар. Тоодон  кар  кетип, эл жайлоого чыкканда гана бул тоого сыйынууга эл бара баштайт (Жеңишбек уулу Аскардын маалыматы).

Буйга айылынын тургуну Бусурманкулова Куштаркандын маалыматы: Мен бул жерге сыйынып, куран окуп, балалуу боло элекмин, ошол себеп менен келдим. Бул жердин касиети өтө чоң. Мен бул жерге келип, зыярат кылып кеткиче балалуу болбой жүрүп эки балалуу болуп, экөө тең чарчап калган. Анан кудайдан сурап, тилеп, бул жерге келип зыярат кылып жатам.

Мурда үч жолу келгем. Бир жылдан кийин балалуу болгом. Ал 1960-жыл болчу. Кубанычым коюнума батпай, тилеген тилебатым кабыл болгонуна сүйүнүп, уулумдун атын Кубаныч деп койгонбуз. Ушул уулум элинин-жеринин керегине жараган уулдардан болсун деп, жолдошум экөөбүз айылга той бердик… Мындан аркы маалымат чалды-куйду. Анткени кайра ошол эле апа азыр 6 баласы бар экендигин айтып жатат??? (Мамасалиев Рысменде).

 

Оозеки тарыхы:

Токбай ата алты бир тууган болгон экен. Алты бир туугандын ар бири бийик болууну самап, туш тарапка таркап кетет. Ошол бир туугандардын бири чокусу көктү тиреген, азыр Токбай-Ата аталган тоого келип, жашоосун улантат. Бул атабыз өмүрү өткөнчө пакиза, өтө мээримдүү адамдарды жактырчу экен. Өзү да төрт тарабы төп келген адам болот. Токбай ата дүйнөдөн өткөндөн кийин, ошол тоонун чокусуна кепини коюлат, ал азыркы мезгилге чейин сакталып турат (Жеңишбек уулу Аскар).

Токуров Жеңишбек, 41 жашта, чарбагер, Шаркыратма айылынын тургуну:

Мурунку убактарда кыргыз элинин Токбай аттуу балбан баатыры болгон экен. Ал өзүнүн душмандарынан коргонуп, алардын келе жатканын көрүү үчүн, бийик жерге кароол дөбө курган. Анын жанында өтө тике жар бар. Жардын чекесинде Токбай балбан койгон үч таш турат. Алгач экөөнү койгон, экөөнүн үстүнө үчүнчү ташын койгон. Ал таш бир аз ооп калгандыктан, астына кичинекей ташты кыстарып койгон. Ал таш кичине эле кылт этсе, жардан ары куламак. Бирок ушул күнгө чейин, мурда кандай болсо, ошол бойдон турат. Канчалаган жер титирөөлөрдөн да таштар кулаган эмес. Ошол жердеги ташта Токбай атанын тулпарынын чаап келип чапчыгандагы изи турат.

Токбай ата 17-18-кылымдарда жашап, калмактар менен согушкан болушу керек. Кыргызстанда аягы “ата” менен бүткөн “Чолпон-Ата, Манжылы-Ата сыяктуу жети мазар бар (Азизилла уулу Исламбектин маалыматы).