Таш-Булак

Сары-Баргы айылы

Кароолчусу жок

Ак-Терек мазары Ош областынын Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Баргы айылынан150 метралыстыкта жайгашкан. Өзү Сары-Баргы тоолуу жер болгону үчүн, булактар бийик тоолордо экен. Таш-Булак да айылдын башында, эки тоонун ортосунда жайгашкан. Эки тоо чоң болгондуктан, булакты табыш абдан кыйын. Жакшылап карасаң, тоолордун ортосунда бир эле жол бар, кыйла басканда, тоонун чокусуна аз калганда, ак таштардын кулаганы көрүнөт. Мына ошол таштардын кулаган жери ным, суу көп жер, бирок өйдөрөөк чыксаң, ошол суунун пайда болгон жерин да көрөсүң. Булактын чекелери таштар менен тосулган, бирок ортосунда чоңураак ак таш турат, суу болсо ал таштын ортосун жарып чыгат. Булак өзү кичине гана, чоңдугу чоң табактай эле. Суусу ортосунан боргуп чыгат, чекелери бүт таштан тозулган үчүн, анын атын Таш-Булак деп атап коюшкан.

Сары-Баргы айылынын тургуну Дарыева Анара: Ыйык жерге адам ичпей,чекпей барышы керек, таза, даарат менен барып, куран окуп, жети токоч, жети түрдүу таттуу, жети түрдүү өрүк ж.б. алып баруу керек. Токочту жасаганда, аны тешпей, түз жасап, чеккич менен да баспаш керек. Нанды куймакка окшотуп бүтүн бойдон алып баруу керек, ошондо тилегиң кабыл болот. Нанды айрып, акырын сындырышың керек.

Биз балалуу болобуз деп канча жерге бардык, дагы деле балабыз жок. Сыйынган жерлерге түнү менен жаткан күндөрүбүз болгон.

Таш-Булак менин чоң энемдин учурунан эле касиеттүү экен. Ал булакка ишенип, денесине кичине жара чыкса эл, барып жуунуп турушат. Шаардан келгендер баклашкаларга толтуруп алып кетишет. Чоң энемден угуп калчу элем, булактын суусу ашказанга дары жана ички органдарды айыктырат деп.

Бул жерде ыйык булактан тышкары касиеттүү адамдар дагы бар. Айылдын этегинде Инаят эже бар. Ал тиги Нуркан эженин кызы Калыска айткан экен, “айылдан эле, бетинде калы бар бирөөнө күйөөгө тиесиң”, – деп. Ошондой эле болду. Өзү көзү ачыктарга канча көп адам барса, ошончо шайтан күч берет дейт го. Ал аял тоокту өтө көп багат эле, эжеге канча адам келсе, ошончо тоогу өлчү. Бир жолу Инаят эжеге бир жаш аял келип, бирөөнү окутуп кеткен. Эртеси тоогунун баары, жадагалса итинен бери өлгөн. Мен өзүм күздө барган элем, ал жазда боло турган окуяны айтып берип койгон. Чын чыкканда, аябай таңгалып жүрөбүз (Разакова Гүлзаттын маалыматы).