Кургак-Дүңгүрөмө

Ылай-Талаа айылы

Кароолчусу жок.

Бул ыйык жер эки дөңдүн ортосунда, колот жагында жайгашкан. Кичинерээк тоголок тешик, бирок ичи абдан чоң жана караңгы. Бутуңду карап басышың керек, анткени жерде жаракалар бар. Үңкүр эки кабаттуу, үстүңкүгө чыгыш мүмкүн эмес, аба жетпейт. Тыкылдап тамчы суу тамып турат. Ал кайра эле жерге сиңип кетет.

Осмон, 1973-жылы туулган, орто билимдүү, мектепти бүткөндөн бери жыл сайын малы менен жайлоого чыгат: “Дүңгүрөмө жөнүндө эч кандай маалыматым жок. Угушумча, Ата Мекендик согушта, андан мурда басмачылар ушул Дүңгүрөмөгө (үңкүргө) келип, бекинишкен. Ичине кирдиңби, төр жагында шам жаккан жери бар. Ичи да чоң, жаракаларынан суу тамат. Ошол суунун дарылык касиети бар дешет. Жараларды, ар кандай ооруларды айыктырат имиш.

Анан да түнкүсүн үңкүрдүн жанынан өтүү коркунучтуу. Ар кандай үндөр угула берет. Кыйкырык, кичине баланын ыйлаганы угулат дешет. Үңкүрдү изилдеп чет өлкөлүктөр келген учурлар болгон. Келгени бир четинен бизге жакшы, кымыз, курут, каймагыбызды сатып алабыз. Аттарыбызды прокатка беребиз. Бир жагынан келип алышып эле мээни чиритип, чукулап башташат, метрлерин алып чыгып ченешип, сүрөткө, видеого тартышат” (Бекболотова Бегимайдын маалыматы).