Кулунду-Ата

Алайкуу

Кароолчусу жок

Мазардын түрү – көл.

Кулунду-Ата мазарынын жанында бир булак бар дешет. Булак чыккан жерде суу топтолгон бир чуңкурураак казанча бар дешет. Өз көзүм менен көргөн эмесмин, сыягы казанга окшош болсо керек. Ошол жерден кудайдын кудурети менен балалуу болбогондор балалуу болушат. Барган киши чын ыклас менен казанчага колун салса, эгер Алла Таала кыз бергиси келсе, колуна шуру, мончок карматат экен. Эгер эркек бала боло турган болсо, колго чүкө илинет экен.

Тиги жерде Сулайман деген аксакал абабыз бар болчу. Азыр көзү өтүп кетти. Кемпири Сырга чоң энебиз экөө узак убакытка чейин балалуу болбой жүрүшөт. Ошол кезде мазар жөнүндө угуп, ошол жерге барышат. Ыкласы менен колун сууга салганда, колуна эки чүкө илинген экен. Кийинчерээк Сырга чоң энебиз Насибай, Шөкөн аттуу балдарды табат. Насибай агабыздын көзү өтүп кетти. Шөкөн агабыз да бир топ жашка барып калды. Учурда мал догдур болуп иштейт.

Оозеки тарыхы:

 

Токуров Жеңишбек, 41 жашта, чарбагер, Шаркыратма айылынын тургуну: Мурдагы убактарда бир кедей абышка болгон экен. Анын жалгыз бээси болуптур. Абышка бээсин жетелеп жүрүп откоруп, көлдүн жээгине алып келип сугарат. Бир күнү абышка бээсин сугарып бүтүп, ошол жерге кынтая калып уйкуга кетет. Абышканы ызылдаган катуу шамал ойготот. Ошол учурда көлдөн буркан-шаркан толкун катуу шамал менен кошо, бир ак боз ат пайда болот да, жээкке чыгып келип, чалдын бээсин үйүрлөйт. Кайра көлгө кирип жок болот. Жыл айланып, чалдын бээси керемет кулун тууйт. Туулганына бир күн болгондо эле кулун ары-бери чуркап, энесинин үстүнөн секирип ойнойт. Ээси кулундун жөн кулун эмес, күлүк экендигин байкайт. Адам деген адам экен, бир кулунга ынсап кылбаган чал экинчи күлүк кулундуу болгусу келип, бээсин көлдүн жээгине алып барат. Мурдагыдай эле көрүнүш менен пайда болгон ак боз айгыр кулунду моюнунан тиштеп көлгө алып кирип, жок болот. Эки күлүк аттуу болгусу келген чал ошентип колунда турган күлүк кулунунан айрылат.